Оштон Ак үйгө жөө жөнөгөн аялдар Ноокен районуна жетишти

Кара-Суунун эки тургуну президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу үчүн 8-апрелде Бишкекке жөө кетишкен. Эки күн жол жүргөн аялдар Ноокен районуна жетишкенин айтышты. Алардын мындай кадамга барышына айыл өкмөт башчынын тургундардын үстүнөн сотко арызданганы себеп болгон.

Оштон эки күн мурун сапарга чыккан Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда бара жатышат. Бул тууралуу жөө бараткан тургундардын бири Гүлнара Мырзакаримова «Клоопко» билдирди.

«Чарчадык. Буттарыбыз ооруп болбой калды. Бирок артка кайтпайбыз. Жөө жүрүп олтуруп Ак үйгө жетебиз», — деп айтты Мырзакаримова.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров 25-январда айыл тургундары Орозакан Токторалиева менен Гүлнара Мирзакаримованын үстүнөн Кара-Суу райондук сотуна арыз жазган. Ал моралдык компенсация иретинде алардан 1,5 млн сом өндүргүсү келген.

Капаров тургундар аны «жерлерди мыйзамсыз сатуу боюнча айыпташканын» маалымдап, мындан улам Ош облустук прокуратурасы айыл өкмөттү 19 жолу текшергенин билдирди. Жыйынтыгында көзөмөл орган «жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү» боюнча фактысын аныктаган эмес. Бирок, айыл өкмөт башчы тынымсыз текшерүүлөр анын ишине тоскоолдук жаратып, моралдык жактан жабыртартканын айткан.

Райондук сот Капаровдун арызын кабыл алып, сот отурумун белгилеген. Бирок эки тургун отурумдарга келишкен эмес. Алар айыл башчынын дооматтары негизсиз деп, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу үчүн Ак үйгө карай жөө жөнөп кетишкен.

Редактору: Айдай Беделбек кызы

ТЕМА БОЮНЧА: Ош: Айыл өкмөт башчы сотко берген эки тургун Ак үйгө жөө кетишти