МККнын башчылыгына Балыкчынын мурдагы мэри дайындалды. Ал өзүнө чейинки мэрди «көтүн айрып салам» деп коркуткан

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) жаңы башчысы болуп буга чейин Балыкчы шаарынын мэрлик кызматын аркалаган 43 жаштагы Алмаз Мамбетов дайындалды. Эки жыл мурун аткаминер өзүнө чейинки мэр Сатыбек Шамшудиновду коркуткандыгы үчүн эки миң сом штрафка жыгылган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы башчысы болуп Алмаз Мамбетов дайындалды.

Ал ведомствону мурдагы башчы Алина Шаикованын кызматтан бошотулушунан кийин башкарып калды.

Аткаминерди чет мамлекеттик биометрикалык паспортторду сатып алууга жарыяланган тендерге байланыштуу чуунун шартында кызматтан бошотушту.

Алмаз Мамбетовдун МККга чейинки кызмат орду — Балыкчы шаарынын мэри. Калаа башчысынын кызмат ордуна аны КСДП көрсөткөн.

Мэр болгонго чейин Мамбетов пиар, ишкердик кылып, ар кайсы мамлекеттик мекемелерде иштеген — Бишкек мэриясы, ТИМ, туризм боюнча мамлекеттик комитет жана «Кыргыз темир жолу».

Мамбетов Балыкчынын мэри болуп турган маалда бир нече чуулгандуу окуялардын катышуучусу болгон. 2017-жылы социалдык тармактарда аудио жазма чыгып, анда Мамбетов өзүнөн мурдагы мэр Сатыбек Шамшудинов менен адепсиз сөздөр менен урушуп, анын «көтүн айрып салам» деп коркуткан.

Шамшудиновдун айтымында, чыр-чатак Мамбетовдон аткарылган иштер боюнча бир жылдык отчёт берүү талабына кол койгондон кийин башталып кеткен. Мамбетовго бул өтүнүч жакпай калган. Ал экс-мэрге чалып, орой формада түшүндүрүп берүүнү сураган.

Аудио жазманы Шамшудинов өзү жаздырып алган жана аны сотто Мамбетовго каршы колдонгон. Мамбетовдун мурдагы мэрге айтылган коркутуулары үчүн ага эки миң сом айып пул салынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Балыкчынын мурдагы жана учурдагы мэри телефондон сөгүшүп кетишти