«Жакшы менежер» — Абылгазиев Балыкчынын экс-мэринин МККнын жетекчилигине дайындалышына комментарий берди

Алмаз Мамбетов. Сүрөт: фейсбук

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп турган кезде санариптештирүү боюнча «жакшы кадамдарды жасаганы», андан тышкары, «жакшы менежер» болгондугу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине дайындаганын билдирди.

Мындан кийин Абылгазиевге буга чейин интернетте Мамбетов менен Балыкчынын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудиновдун ортосундагы телефондук сүйлөшүүнүн жазмасы жарыяланганын эскертишти. Телефондук сүйлөшүүдө Мамбетов Шамшудиновду «сот сизди с*гет» деп коркутканын угууга болот.

«Мен [Мамбетовго] адепсиз сөздөрдү аз колдон же такыр колдонбо деп айткан элем», — деп өз пикирин билдирди Абылгазиев.

Алмаз Мамбетов МККнын башчылыгына 19-апрелде дайындалып, бул кызматка Алина Шаикованын ордуна келди. Өкмөт башчысы Шаикованы чет мамлекеттик биометрикалык паспортторду сатып алууга жарыяланган тендерге байланыштуу чуунун шартында кызматтан бошоткон.

ТЕМА БОЮНЧА: