Депутат Масалиев «Өлбөс полктун» жүрүшүндөгү Сталиндин портрети тууралуу

Исхак Масалиев

Парламенттин депутаты жана Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев эмне үчүн коммунисттер «Өлбөс полктун» жүрүшүндө Советтик Союзунун башчысы Иосиф Сталиндин сүрөтүн көтөрүп чыгышканын түшүндүрүп берди.

«Кол башчысы жок жеңиш болбойт! Сталин ким тарабынан кылмышкер деп табылган? Эч ким тарабынан эмес, Александр Солженицын сыяктуу Мекен саткын тарабынан гана болбосо эле. Жеке ал кимди жок кылыптыр? Эч кимди, кийинчерээк жазасын толугу менен алган адамдар жок кылышкан!», — деп жазган депутат өзүнүн фейсбук барагында.

Парламентарий мындай билдирүүнү коомдук тармактарда УКМКнын өкүлдөрү болушу ыктымал адамдар 9-майда «Өлбөс полктун» жүрүшүнөн кийин коммунисттерден Сталиндин плакатын тартып алууга аракет кылганы тартылган видео тарагандан кийин жасады.

Ошондой эле саясатчы кийинки жылдары «Өлбөс полктун» жүрүштөрүндө Иосиф Сталиндин портреттери көбүрөөк болоорун айтты.

«СССРдин бүткүл армиясынын башкы кол башчысынын портреттери Жуков, Рокоссовский, Конев жана башка маршалдардын портреттериникиндей эле Жеңиш күнү орундуу эле. [...] Келечекте юбилейлик Жеңиш күнүндө улуу советтик жол башчылардын портреттери эскерүү парадында мындан көп болот деп убада берем. Барынан да Иосиф Сталиндики», — деп жазган ал.

Коммунист Амантур Манапбаев 10-майда «Өлбөс полктун» жүрүшүндө анын партиялаштарынан Сталиндин портретин тартып алууга аракети болгонун кабарлаган. Анын айтымында, муну жүрүштүн уюштуруучуларынын даттанууларынын негизинде УКМКнын кызматкерлери менен ИИМдин 10-башкармалыгы кылган.

Сталиндик репрессиялар

Иосиф Сталин Советтер Союзун 1922-жылдан 1953-жылга чейин башкарып, анын башкаруусу жыл сайын өкүмчүл болуп турган.

Сталин башкарып турган учурда Советтер Союзунда өлкөнүн тарыхындагы калктын эң массалык репрессиялары болгон. Сталиндин башкаруу мезгилинде канча адам атылганын же лагерлер менен түрмөлөрдө канча адам каза тапканын бүгүнкү күнгө чейин расмий белгилүү эмес.

Репрессияларда 700 миңге чукул адам набыт болгон деп расмий айтылат, бирок бир катар тарыхчылар курман болгондор мындан да көп, бир жарым миллиондой болгон деп айтышат.

Өлүм жазасына тартуу тууралуу биуйруктарга Сталин өзү кол койгон. Кыргызстанда анын репрессиясы учурунда 137 адам атууга кеткени документ түрүндө тастыкталган, атууга кеткендердин арасында Касым Тыныстанов, мамлекеттик ишмерлер Төрөкүл Айтматов жана Жусуп Абдрахманов болгон.

Алардын тышкары, Кыргыз ССРиндеги миңдеген адамдар репрессияга кабылып, кылмыштарга айыпталып, түзөтүү-эмгек лагерлерине жиберилишкен жана атайын жайларга сүргүнгө айдалышкан.