«КТ Мобайлдын» башкы директору жогору айлыктар ызы-чуусунун шартында кызматтан кетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Арсений Мамашев / Kloop.kg

Мамлекеттик «КТ Мобайл» мобилдик байланыш операторунун башкы директору Нурбек Мукамбетов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Мурдараак анын орун басары Эрназар Рысалиев да кызматтан кеткен.

Алар компаниянын айланасында чыккан ызы-чуунун шартында отставкага кетишти. Май айынын ортосунда коомдук тармактарда Мукамбетов башкы директорлук кызматта туруп айына 350 миң, ал эми орун басары 300 миң сом алып тургандыгы жөнүндө маалымат таркап кеткен.

Ал эми жетекчилик кызматтарды ээлеген башка кызматкерлер 85 миңден 290 миң сомго чейин алып турган ыктымал. Компаниядан бул маалыматтарды «жалган» деп аташкан.

Ошол эле учурда Эрназар Рысалиев өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын баласы экени тууралуу маалымат пайда болгон. Өкмөт Рысалиев менен Абылгазиевдин ортосунда тууганчылык байланыш бар экенин тастыктаган.

Өкмөттөн Рысалиев өз кызматынан кетиши керектигин билдиришкен. Ошондой эле өкмөт башчысы «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин маяналарын жана компаниянын натыйжалуулугун текшерүүнү тапшырган. Мындан кийин Рысалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Мамлекеттик «КТ Мобайл» мобилдик байланыш оператору — бул «Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунун туунду ишканасы. Ал 2003-жылы түзүлгөн. 2018-жылы компания «Мегаком» менен биригип, 16-майда «Салам» бренди менен уюк байланыш базарына чыгып жатканын жарыялаган.

ТЕМА БОЮНЧА: