ЖМК: Матраимов Бажы кызматындагы жумушка кайтып барбайт

Райымбек Матраимовдун адвокаты Татьяна Карыжинская бул тууралуу 24.kg басылмасына билдирди. Анын айтымында, Матраимов болгону өкмөттүн жумуштан бошотуу тууралуу мыйзамсыз деп эсептеген чечимине нааразычылык гана билдиргиси келген жана анын планына кызматына кайтуу кирген эмес.

«Жогорку сот Матраимовду бажы кызматынын төрага орун басарлык кызматына кайтаруу боюнча Бишкек жана Биринчи май райондук сотторунун чечимдерин арыз берүүчүнүн пайдасы үчүн күчүндө калтырды. Ал кызматтан бошотууну негизсиз деп тааныган сот чечимине канааттанды», — деди Карыжинская.

Матраимов Бажы кызматынан төрага орун басарлык кызматынан 2017-жылы ошол учурда өкмөт башчысы болуп турган Сапар Исаковдун тапшырмасы менен бошотулган. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовду бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын «көшөгө артындагы таасирлүү кожосу» деп атаган.

2018-жылдын ортосунда сот Матраимовду кызматка кайтарууну токтом кылган, анткени ал «саясий мүнөздө кызматынан бошотулган». Жогорку сот мургады инстанциялардагы соттордун чечимин күчүндө калтырып, Матраимовду анын мурунку кызматына кайра коюу чечимин чыгарды.

Финпол 2019-жылы январда Бажы кызматынан төрага орун басарынын мүлкүн текшере баштаган. Ведомствонун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгын Райымбектин бир тууганы — Исламбек Матраимов жетектейт, бирок финполдон бул текшерүүнүн жыйынтыгына эч кандай таасир этпесин билдиришкен.