«Эмоцияга алдырып койду» — Мавлянова Алмамбетованын твитине комментарий берип, аны жумуштан бошотпоону суранды

Парламенттин депутаты Махабат Мавлянова 21-майда Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «эмоцияга алдырып» койгондуктан өз твитин уят сөз менен жазган деп билдирди.

Урматтуу ЖМК кызматкерлеринин өтүнүчү боюнча депутат Махабат Мавляновадан соңку талаштуу посту боюнча жооп алып бердик. Эмне үчүн светтик өлкөдө кыз-келиндердин ачык кийими тескелиши керек? Ачык кийинүүгө тыюу салуучу мыйзам сунушталышы ыктымалбы? Мэрдин кеңeшчисинин сөгүнгөн реакциясына сиздин реакцияңыз кандай болот? – деген суроолорду узаттык. #АчыкПарламент

Posted by Ibraim Nurakun Uulu on Tuesday, May 21, 2019

Мавлянова эч кимге ачык көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салбаганын, болгону жаңы муунга элдин көп жылдык тарыхын, маданиятын жана салтын унутпоо идеясын гана жеткиргиси келгенин түшүндүрдү.

«Ачык кийингенди каалагандар кийине берсин, кеп-кеңешти туура кабыл алгандар [...] жүрөгүнө сактап коёт деген үмүттөмүн», — деди Мавлянова.

Ошондой эле ал Алмамбетованы мэрдин кеңешчиси кызматынан бошотууга каршы чыкты. Анын айтымында, Алмамбетова калааны өнүктүрүүгө жардам берүүдө жана аны бир «эмоционалдуу кадамдын» айынан жумуштан бошотуу кажет эмес.

Алмамбетова 20-май күнү твиттер аккаунтунда Мавлянованын кыздарга төшү жана далысы ачык үлпөт көйнөктөрүн кийүүлөрүнүн кереги жок деген билдирүүсүнө сөгүнүп реакция кылган.

«Клооптун» редакциясы бул тууралуу жазып чыккандан кийин коомдук тармактардын айрым колдонуучулары Алмамбетованын пикирин этикага жатпайт деп эсептешкен. Ал эми 21-майда Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев кеңешчи твиттердеги посту үчүн тартип жазасын алаарын кабарлаган.