Карамушкина Жээнбеков, Матраимов жана Абылгазиевдин үй-бүлөлөрүнүн мүлктөрүн алып коюуну талап кылды

Ирина Карамушкина. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Парламенттин депутаты жана экс-президент Атамбаевдин жакын тарапташы Ирина Карамушкина 27-майда «Матраимовдор менен Жээнбековдордун үй-бүлөлөрүнүн байлыктарын» алып коюуну талап кылды.

Требую экспроприации богатства семей Матраимовых-Жээнбековых! Все братья всегда были госслужащие, на какие" шиши" строят...

Posted by Irina Karamushkina on Sunday, May 26, 2019

Ошондой эле ал азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «такталбаган маалыматтар боюнча» Ысык-Көлдөгү баасы 400 миң долларга чукул акчаны түзгөн эки коттеждин ээси экенин айтты.

Ирина Карамушкина Kaktus.Media басылмасына курган маегинде анын талабы 24-майда 5 жылга соттолгон Атамбаевдин дагы бир жакын тарапкери жана анын мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге карата чыгарылган соттук өкүмгө болгон реакция экенин билдирген.

«Бул партия жана жеке өзүм үчүн жеткен чек болду, биз эми катаал оппозицияга өтүүдөбүз [...] Асылбек Жээнбековдун жана Жээнбенковдордун башка бир туугандарынын, бир тууган Матраимовдордун, Абылгазиевдердин байлыктарынын бардыгын ачык-айкын көрсөтүшсүн», — деди Карамаушкина.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Карамушканин билдирүүсү тууралуу эч нерсе билбегенин «Клоопко» маалымдады. «Ал бир жака расмий кайрылыптырбы? Бул анын фейсбуктагы эркин посту», — деп комментарий берди Стамалиева депутаттын билдирүүсүнө.

КДСПнын билдирүүсү

КСДП президент Сооронбай Жээнбековго 25-майда да кайрылып, анда президент Райымбек Матраимовду «ачыктан-ачык калкалап жатат» деп билдирген . Матраимов — бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары, журналисттер андан декларацияга кирбей калган мүлктөрдү табышкан.

«Матраимов бажыны тымызын башкарууну улантууда, эң таасирдүү маалымат каражаттарын колго алууда, алтургай, өлкөнүн экс-президентин ачык коркутуп-үркүтүүдө», — деп билдиришти КСДПдан.

Аны 2017-жылы ошол кезде премьер-министр болуп турган Сапар Исаков кызматынан алган, бирок Матраимов сотто бул чечимдин үстүнөн даттанып, натыйжада Жогорку сот анын кызматтан бошотулганын мыйзамсыз деп тааныган.

Ошондой эле социал-демократтардын билдирүүсүндө учурдагы бийлик коррупцияга каршы курөшкө жамынып алып, саясий каршылаштарына кысым көрсөтүп жатканы айтылат.

«Реалдуу турмушта дал ушуну көрүп турабыз. Эмне үчүн Жээнбековдун тушунда экс-президент Атамбаевдин гана тарапташтары башкы “коррупционерлер” болуп чыга келишти? Эмне үчүн президент таптакыр унчукпайт жана өзүнүн айланасындагы коррупциянын фактыларына түшүндүрмө бербейт?» — деп айтылат КСДПнын билдирүүсүндө.

Жээнбеков өзү коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, саясий атаанаштарынан өч албасын бир нече ирет билдирген.