Карамушкина Матраимов менен финчалгындын башчысы тууган деп чыкты. Мекеменин башчысы муну четке какты

Парламенттин депутаты Ирина Карамушкина Матраимовдордун үй-бүлөсү менен финансылык чалгындоонун башчысы Гүламжан Анарбаевдин тууганчылык байланышы тууралуу «Клоопко» билдирди.

Бул кызмат Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылган жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси болушу мүмкүн делген «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүндөгү маалыматтарды текшерүүнүн үстүндө иш алып барууда.

«Биздин өлкөбүз кичинекей жана ким каяктык экенин, ким кимдин агасы жана кудасы экенин дээрлик бардыгы билишет. Бул маалыматты да элдин оозунан уктум, мага мындайды дайыма коомдук тармактардан жөнөтүшөт», — деди Карамушкина.

Карамушкинанын айтымында, бир тууган Матраимовдордун инилеринин бири Руслан Матраимов Гүламжан Анарбаевдин бир тууган карындашынын күйөөсү.

Анарбаев өзү «Спутникке» курган маегинде кабарлагандай, анын Матраимовдор менен тууганчылык байланышы жок.

Vesti.kg басылмасы билдиргендей, депутат Искендер Матраимов «телефонду коюп салып» Анарбаев менен баланышы тууралуу суроого жооп бербей койгон. «Клооптун» журналистине Матраимов менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Анарбаев 4-июнда өкмөт башчысынын алдында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкүн текшерүүнүн жүрүшү тууралуу отчёт берди. Премьер-министр Анарбаевден иликтөөнүн жүрүшүн тездетүүнү суранды.

Матраимов 3-июнда, телепрограмманын эфиринде сүйлөп жатып иликтөөнү «буйрутма» деп атап, анын кайрымдуулук фондуна акча которушу мүмкүн болгон адамдар менен тааныш эмес экенин билдирген.