Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводунун аймагындагы майнинг ферма. Оңдо электр станциясы көрүнүп турат, жанындагы Жалал-Абад шаарын көздөй автожол. Сүрөт: The Computing Limited компаниясы
Чекисттер «мыйзамсыз» майнинг ферманы шылтоо кылып Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводун менчик ээсинен тартып алышкан. «Клооп» ошол майнинг ферма чынында легалдуу эле болгонун аныктады. Сыягы, бул күч кызматкерлери катышкан кадимки эле мүлк талаш окшобойбу. Анткен менен, алар муну жашырган деле жери жок.

12-мартта УКМК Таш-Көмүрдө ири майнинг ферма аныкталганын билдирген. Ал союз учурунда электротехника өндүргөн «Кристалл» заводунун аймагында жайгашкан. Заводго, чекисттердин айтымында, ферманын ээлери — «Компьютер Павер Центр» компаниясы мыйзамсыз ээлик кылган. УКМК аталган ферма «Аю Холдингден» электр алып, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бандасын каржылашы керек болгон, ал эми ферманы кримтөбөлдүн өкүл баласы башкарып турган деп билдирген. Ошондуктан күч кызматкерлери азыр электр техникаларды өндүрүүгө талап жакшы (орусиялыктарда болсо керек — Ред.) жана заводго башка инвесторлордун кызыгуусу артып жатат дегенсип, «Кристаллды» мамлекетке өткөрүп берип койгон.

«Компьютер Павер Центрдин» негиздөөчүлөрүнүн бири чындап эле «Көлбаев», башкасы — «Аю Холдинг» менен байланыштуу. Бирок «Клоопко» бир нече булак маалымдагандай, ферма курулуп бүткөндөн бери өчүк турган, жабдуулары жок болчу.  

Мындан сырткары, майнинг ферма менен «Кристалл» заводунун негизги ээлери Көлбаевдин кишилери эмес, Muroosystems деген жапон корпорациясы болгон. Ферманы ал 2020-жылы кыргыз өкмөтүн кабардар кылып эле куруп, энергетика министри жана КР өкмөтүнүн башчысы менен бизнести кеңейтүү жана ГЭС куруу тууралуу расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Бирок 2024-жылы кышында жапон корпорациясынан «Кристаллды» тартып алып отурат. 

Негизи «Кристаллдын» ээси ким эле?

«Компьютер Павер Центр» компаниясынын үч негиздөөчүсү бар. Алар «Централ Азия Консалт» ЖЧКсы, «Аэродромдорстройдун» жетекчиси Кубанычбек Саалиев жана гонкогдук The Computing Limited.

Саалиевдин качып жүргөн бизнесмен жана саясатчы, «Аю Холдингдин» негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов менен байланышы бар. «Аю Холдингдин» курамына «Нур Ал Энерго» компаниясы кирет, ал УКМКнын маалыматына ылайык, Таш-Көмүрдөгү майнинг ферманы электр менен камсыздап турушу керек болгон.    

«Централ Азия Консалт» «Компьютер Павер Центрдин» директору Курманбек Темирбаевге таандык. Ал 2005-2010-жылдары президент Курманбек Бакиевдин иш башкармачысы болгон. ЖМКнын маалыматы боюнча, анын уулу Арстанбек Темирбаев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл баласы болот жана «Компьютер Павер Центрдин» каражат тармагын башкарчу. 2023-жылдын октябрында, УКМК Көлбаевди жок кылганда, Темирбаевдин уулу кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга шектелип кармалган

Арстанбек Темирбаев Максим Бакиев менен дос болгон. Бакиевдин тушунда ал жана азыркы энергетика министри Таалайбек Ибраев жогорку кызматтарда отурушкан жана энергетикадагы көмүскө схемалардын ээси делген Алексей Ширшов менен байланышы болгон. Азыр Кыргызстандагы майнинг схемаларын да Ширшов менен байланыштырып жатышат. Кыскасы, бул байланыштар жагымсыз жана көз артканга деле татыксыз.

Бирок «Компьютер Павер Центрдин» чоң бөлүгү — 21%ы — Гонкогдун The Computing Limited компаниясына таандык. Бул Жапониянын эл аралык Muroosystems корпорациясынын туунду ишканасы. Анын түзүмдүк ишканалары Борбор Азияда криптовалюта чыгарышат.

The Computing Limited’дин сайтындагы маалыматка караганда, Таш-Көмүрдөгү майнинг ферманы ал 2020-жылы эки гектар жерге курган (кийин «Компьютер Павер Центрдин» директору «Клоопко» 4 гектар деген). Компания ферма бир жыл бою үзгүлтүксүз суткасына 24 саат иштей аларын, жана 60 мегаватт кубаты бар экенин бир нече ирет баса белгилеген. Бул дагы бир «Соларкоин» (Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөгү ири майнинг ферма деп эсептелчүРед.) деген майнинг ферманын кубаттуулугунан эки эсе көп. «Соларкоин» тууралуу былтыр «Клооп» жазып, аны менен жогорку кызматтагы кыргыз аткаминерлери байланыштуу экенин аныктаган

Бирок УКМК «Кристаллдын» жапон кожоюндары тууралуу эмнегедир пресс-релизинде айткан эмес. Балким, уялгандыр. Себеби жапондор заводго инвестиция салып, аны майнинг ферма ачуу үчүн кылып атканын жашырган эмес да.

Майнинг ферма тууралуу бийликтин кабары болгон деп айтканыбыздын себеби

Жапондордун өздөрүнүн маалыматы боюнча, ферманы алар 2020-жылы «иштебей турган электр техникалар заводун жана анын жанындагы ГЭС подстанциясын оңдоонун эсебинен» ишке киргизишкен. Чет элдик инвесторлор ГЭС подстанциясын Энергетика министрлигинин түзүмдөрү менен макулдашпай туруп оңдой алышпайт болчу. Мындан сырткары, алар жабдууларды бажы аркылуу киргизип, курулушка жумушчуларды алышмак.

«Кристаллдагы» майнинг ферма тууралуу УКМКнын Таш-Көмүрдөгү өкүлдөрү деле билген да. Жалал-Абадга карай темир жол менен автожол тараптагы чатырлары ак ангарлар заводдун четиндеги эки гектар жерде жайгашкан.

Энергетика министрлиги менен Минкаб жапондор эмне кылып атканын жакшы билет. 2021-жылы The Computing Limited кыргыз өкмөтү менен келишим түзгөн, ал эми Минкаб компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун сүрөттөрүн жарыялаган.

2022-жылдын ноябрында Жапонияда энергетика министри Таалайбек Ибраев Muroosystems Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Алардын арасында The Computing Limited майнинг компаниясынын жетекчилери Нобуаки Ниномия жана Таданобу Бан (Жонгсинг Пан) да болгон.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, алардын ортосунда жапон компаниясы «өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн» Кыргызстанга келери макулдашылган.

2022-жылдын декабрында энергетика министри Таалайбек Ибраев Muroosystems Corporation менен Жалал-Абад облусунда гидроэлектростанциясын курууга көмөк көрсөтүү боюнча келишим түзгөн.

Оңдон солго: Нобуаки Ниномия, Дайырбек Орунбеков, КР энергетика министри Таалайбек Ибраев, Таданобу Бан (Жонгсинг Пан) (бешинчи). Сүрөт: КР Минкабы

Баса, Ибраев ошондо Жапонияга жалгыз кеткен эмес. Жеке менчик бизнес-джетте аны менен кошо Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров, эномика министри жана башка чиновниктер барган.

Ибраевдин Жапонияга сапарынын алдында Энергетика министрлигинин кызматкерлери потенциалдуу инвесторлордун тарых-таржымалын караса керек. Эгер Muroosystems Corporation компаниясынын сайтына баш баксак, ал жерде туунду компаниясы менен байланыштарынын картасы көрүнүп турат, алардын арасында Таш-Көмүрдөгү майнинг ферманы тейлөө үчүн түзүлгөн «Компьютер Павер Центр» дагы бар.

Эгер караганды унутуп калган болсо, анда аларга бул тууралуу президенттин администрациясындагы маалыматтык саясатты тескеген Дайырбек Орунбеков деле эске салып коё алмак. Ал дагы жапондор менен сүйлөшүүлөргө катышкан.

Ибраев жапон инвесторлору менен жолугуп келгенден кийин, бир ай өткөн соң Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров алар менен «энергетика тармагындагы кызматташтыкты» талкуулаган.

Болуптур, бирок бул жалпы сөздөр да, кана майнинг тууралуу айтканыңар дешиңиз мүмкүн?

Ал да бар. 2023-жылдын февралында Economist жана «Кактус» КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Умбриэл Темиралиев Muroo Systems Corporation жапон компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын билдиришкен. ЖМКлар анын башкы директору Жонсинг Пан жапон корпорациясы «Кыргызстанда Computer Power Center ЖЧКсын жана Muroo Systems Engineering холдинг компаниясын» каттоодон өткөрдү, анын ичинде «дата-борбор түзүү үчүн “Кристалл” заводуна инвестиция салды» деп айтканын жазышкан.

Ал жолугушууда жапондордун Кар-Көл ГЭСин куруу боюнча сунушу талкууланган. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлор тууралуу жакшы айтып, жапон банкында насыя боюнча кепилдик жагынан жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишим түзүүдө жардам берүүнү убадалаган.

Ферма иштегенби?

Бул боюнча маалымат карама-каршы болуп жатат. Жапондор өз сайтында иштеген деп атса, «Клооптун» Кыргызстандагы маектештери, анын ичинде жогорку аткаминерлер бири калбай иштеген эмес деп жатышат.

The Computing Limited’дин сайтында Таш-Көмүрдөгү ферма иштеп турганы айтылат. Башкы Muroosystems компаниясы дагы «Кыргыз Республикасындагы Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору ишин 2020-жылы баштаганын» айтат.

Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводунун аймагындагы майнинг ферма. УКМК 2024-жылдын 12-мартында чыгарган видеодон стоп-кадр

2022-жылдын майында The Computing Limited Борбор Азияда ушул тапта өзүнүн 25 миң майнинг компаниясы иштеп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, алардын 20 миңи, компаниянын маалыматы боюнча, компаниянын кубаттуулугу 60 мегаватт болгон кыргыз фермасында иштеп аткан. Анын башка, казак фермасында канча машина иштеп турганы белгисиз. Бирок кубаттулугу боюнча ал Кыргызстандагы фермасынан алты эсе төмөн эле.

Ошол эле кезде The Computing Limited Борбор Азиядагы фермаларынын майнинг үчүн машиналарынын санын көбөйтүүгө Кытайдын жабдуу өндүрүүчүсү Bitmain менен келишим түзгөнүн, 2022-жылдын жазында машиналарыны саны 3,6 миң бирдикке көбөйүп каларын билдирген

2023-жылдын 23-октябрында компания Борбор Азиядагы эки фермасында майнинг үчүн 35 миң машинаны башкарып жатканын, ал эми 2024-жылдын июнуна карата алардын санын 10,5 миңге көбөйтүүнү пландап жатканын маалымдаган. Демек, жапондор майнингдин кубаттуулугун Жапаров менен Ташиевдин башкаруусу маалында арттырып жатышат.

2023-жылы The Computing Limited’дин топ-менеджери Нобуаки Ниномия FIN/SUM жапон финтех-форумунда сүйлөгөн. «Ал Кыргыз Республикасындагы Маалыматтарды иштетүү борбору 2020-жылы иштеп баштады», — деп билдирген. — Гидроэнергетика менен блокчейндин негизиндеги Маалыматты иштетүү борбору иштебей калган электр техникаларын өндүргөн заводду жана анын жанындагы ГЭС подстанциясын оңдоонун эсебинен ишке ашырылды».

«Кристаллдын» аймагындагы Нарын дарыясында Токтогул ГЭСи баштап, Шамалды-Сай ГЭСи менен бүткөн бир катар ГЭС каскаддары жайгашкан. Болгондо да кубаттулугу 240 мегаватт Шамалды-Сай ГЭСи «Кристалл» менен майнинг фермадан аз эле, бир километр аралыкта жайгашкан.

ГЭСтен фермага электр тартуу кыйын деле эмес. Бирок «Компьютер Павер Центрдин» директору Максат Өскөнбаев 2022-жылы журналисттерге ферма иштеген жок деп айткан.

2024-жылы жазында ал муну «Клоопко» да тастыктаган. Анын айтымында, бийлик Таш-Көмүрдөгү ферма тууралуу кабардар болчу. 2022-жылы кимдир бирөө заводдун 60 мегаваттык подстанциясы «чыңалып иштеп жатат» деп даттанып, УКМК кызматкерлери дароо текшерүүгө барышкан. Бирок ферма иштебей эле турганын көрүшкөн. Ал жерде жада калса майнинг үчүн жабдыктар жок болчу, дейт Өскөнбаев. А бирок фермага анын жеткиликтүүлүгү жок экенин айтып алды: аны «Тери» ЖЧКсы жана жапон адистери курган. «Тери» компаниясын Бишкектеги «Муроосистемс Инжирингдин» башчысы жетектейт, башкача айтканда, экөөнүн жетекчиси бир эле киши.

Экономика министрлигинин башчысынын орун басары Талайбек Байгазиев да «Клоопко» ферма энерготармакка туташпаганын айтып ишендирген. «Бул ферма 2019-2020-жылдары курулган. Аны ким курганын жергиликтүү энергетиктер билбейт. Майнингди куруп коюп, бирок иштетишкен эмес. Биз тараптан линия өчүк турат. Тармакка туташтырылган эмес. Бул долбоор аягына чыгарылган эмес. Жапаон компаниясы менен мамиле тууралуу айтсак, долбоорлорду ишке ашыруу даярдыгы жүрүп атат, ал эмне тууралуу экенин азырынча айта албайм, анткени өзүмдө маалымат жок», — дейт ал.

«Клооп» «Компьютер Павер Центр» ЖЧКнын «Ачык бюджет» сайтынан салык төлөмдөрүн текшерип, компания Таш-Көмүрдө 2023-жылдын сентябрына дейре салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп келгенин көрдү. Башкача айтканда, УКМК Камчы Көлбаевди жок кылган учурга чейин. Жалпысынан компания 2020-жылдан тартып 3,7 млн сомго чукул төккөн. Чынында, майнинг  үчүн салыкты бир да жолу төлөгөн эмес.

Muroosystems Corporation’деги жана анын туунду The Computing Limited компаниясындагы жапондор Кыргызстандагы кубаттулугу 60 МВт дата-борбор 2020-жылдан тартып иштеп жатат деп алдай алабы? Болушу мүмкүн эмес деп дагы айта албайбыз. Бирок «Клооп» Muroosystems’тин сайтындагы жапон номери аркылуу байланышка чыкканда, анын өкүлү Таш-Көмүрдөгү дата-борбор «электр көйгөйүнүн айынан» иштеген жок деп моюндады.

Эмнеге бул рейдерлик басып алууга окшоп жатат?

Эмесе, негиздөөчүлөрдүн биринин уулу маркум кримтөбөл менен байланышы бар болгон. Бул «Кристаллдын» 51%ын жапондордон тартып алганга негизби?

Өткөн жылдын окуясын мөөнөтүнө карап тизмектеп көрөлү.

  • 2023-жылдын февралында КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Muroosystems менен жолуккандан кийин жапон инвесторлору дата-борбор түзүү үчүн «Кристаллды» сатып алды, Кара-Көл ГЭСин куруп берүүнү сунуштап жатышат деп билдирген. Уллуттук агенттик инвесторлорду колдойт.
  • 2023-жылдын мартында өкмөт башчы Акылбек Жапаров Жапониянын Тышкы соода боюнча ассоциациясынын жетекчиси Нобухико Сасаки менен инфестициянын шарттарын талкуулаган. Алар кайсы бир шартка токтолобу-жокпу, белгисиз, бирок жапондор конкреттүүлүктү талап кылышкан.
  • 2023-жылдын июнунда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев күтүлбөгөн эле жерден «Кристаллды» америкалык электр техникаларын өндүрүүчүлөргө сунуштаган. Бирок алар аны тайвандык, корей жана ошол эле жапон инвесторлоруна барагой дешкен.
  • Ал эми 2024-жылы УКМК «Кристаллды» жапондордон тартып алган — жапондордун өзүн да айткан эмес, бирок электр техникаларын өндүрүүгө акча салууга даяр кайсыл бир жаңы инвесторлорду атаган.

Мунун баары бандитизмге каршы күрөш деген шылтоого жамынган кадимки эле рейдерлик басып алууга окшоп турат. Талашсыз, электр техникаларын өндүрүү майнингден жакшы, ал эми орусиялыктар санкциялардын айынан аларды өндүрүүгө чоң акча салганга ашыгат. Бирок завод ордунан турат деген куру убадалар көп эле болгон, андыктан ал кайра жандандырыларына ишенүү кыйын. Анан да, жакшысы, жапондордун «Кристаллдагы» үлүшүн берип койгон дурус болмок.

Жабдууларын 30 млн долларга жаңылоо боюнча келишим турган майнинг ферма эми эмне болору белгисиз. Ал эгер мамлекеттик тармактарга туташып электр алууга болбойт деп атса аны кайдан алары да белгисиз. Muroosystems, УКМК жана Маммүлк фонду «Клооптун» катына жооп берген жок. Ал эми «Тери» ЖЧКсы менен «Муроосистемс Пауэр Энерго ЖЧКсынын» кызматкерлерин компаниялардын Бишкектеги катталган даректеринен таба алган жокпуз.

           Авторлору: Арууке Солтоной, Виктор Мухин, Екатерина Резникова