Икрамов: Энергетика министрлигине Ибраев келсе эле өлкөдө жарык өчүрүлө баштайт

Депутат Тазабек Икрамов парламенттин 19-январдагы жыйынында өлкөдөгү массалык жарык өчүрүү маселесин көтөрдү. Ал энергетика министри Таалайбек Ибраевге кайрылып, эмне мындай жайгдай түзүлгөнүн түшүндүрүп берүүсүн суранды.

Депутат 2022-жылдын октябрында Ибраев энергетика министри болуп дайындалганда жарандарга жарык өчүрүүлөр болбойт деп убада бергенин эске салды.

Тема боюнча: Бир кадр менен: Бишкектин ызгар суук учурундагы жарыгы жок конушу

Министр буга анын күнөөсү жок экенин айтып жооп берди.

«Туура айтасыз, мен жоопкерчиликтен качпайм. Бирок бүгүнкү кырдаал бул биздин даярдыгыбыздын жоктугунан эмес, бул генерация маселесинен улам болууда. Мен бир ГЭСти эч качан үч айда куруп бүтө албайм. Мындайча айтканда, кичи ГЭСти да сала албайм. Бирок мен жоопкерчилик алып келгем, жабдыктар 100%га, керек болсо 110%га иштеп жатат», — деп жооп берди Ибраев.

Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясына байланыштуу көйгөй керектөө жогорулагандыктан пайда болгон. Ал коңшу өлкөлөрдөн кошумча сатылып алынган электр энергиясы дагы керектөөнү жаба албай жатат деп кошумчалады.

Бирок Икрамов министрдин жообуна ынаган жок. Эл өкүлү Ибраев министрликтин башына келген сайын өлкөдө электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөр башталат деп эсептейт.

«2009-жылы сиз Ширшов [«энергетика тармагынын “көмүскө кардиналы” Алексей Ширшов] менен иштеп жатканда дагы ушундай [кырдаал] кайталанган. Андан кийинки келген бийликте бул маселе токтогон. Мына сиз кайра министр болуп келдиңиз эле кайра кайталанып жатат. Сиз кечээ жакында Ширшов менен жолукту деп соцтүйүндө айтылып жүрөт, бул канчалык чындык?» — деп сурады Икрамов.

Оңдон солго: Энергетика министри жана Ширшов. Сүрөт соцтүйүндөн алынды.

Ибраев депутатка ал эски сүрөт деп жооп берди.

«Бул 10 жыл мурунку сүрөт. Ошол сүрөттү [соцтүйүндөргө] чыгарып коюшкан», — деп билдирди министр.

Министрдин жообун уккан соң Икрамов Ибраевдин ишиндеги кемчиликтерди айтып сөзүн улантты. Икрамов министр 2018-жылы Бишкекте ЖЭБде болгон авариядан кийин коррупцияга айыпталган Нурлан Өмүркул уулун жылуулук электр борборунун башчысы кылып дайындаганын дагы эске салды.

«[Өлкө көз карандысыздык алган] 30 жылдан бери мамлекетке зыян алып келген адамдар кайра-кайра жумушка келип атат да. Сизди мына 2009-жылы жарык өчүргөн маселеден кийин кайра [ушул кызматка] келип жатасыз. 2010-жылдан кийин, сиз келгенге чейин ушундай болгон эмес» — деди Икрамов.

Министр кызматына жабышпаганын айтып жооп узатты. Ал эми Икрамов Ибраевди кызматка кармабай жоопко тартыш керек деп айтты.

Алексей Ширшов деген ким?

«Дастан трансулуттук корпорациясы» ААКнын мурдагы башчысы Алексей Ширшов энергетика тармагындагы «коррупциялык схеманын автору» деп аталып келет. Ал Максим Бакиевдин эң жакын досу болуп эсептелет. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Ширшов өлкөдөн качып чыгып кеткен. Ага сыртынан айып тагылып, эл аралык издөөгө берилген.

10-майда УКМК Ширшовду коррупцияга шектеп кармаган. Бирок ошол эле күнү ал атайын кызматтын өтүнүчү менен үй камагына чыккан. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Ширшов тергөө менен кызматташып, Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен акчаларды кайтарууга жардам берип жатканын айткан.