Вера Андрианованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

«Клооп» «Соларкоин» деп аталган ири майнинг компанияга электр энергиясын берген казак компаниясынын аталышын аныктады. Бирок иш жүзүндө майнинг ферма электр энергиясын казак компаниясынан албай эле, ансыз да таңсык болуп жаткан Кыргызстандын энергосистемасынан канталадай эле соруп жатат деп божомолдоого негиз бар. Ал эми майнинг фермага Максим Бакиевдин айланасындагы кишилер жардам берип жаткандай.


Кекиртеги кернейдей «Соларкоиндин» ишине былтыр жаздан бери көңүл бурула баштаган. 2023-жылдын март-май айларында энергетикадагы жооптуу аткаминерлерге байланышы бар бул майнинг компания Кыргызстанда электр энергиясын керектеген ири компаниялардын экинчи сабында турган. Ал учурда бул компания үч айдын ичинде 48,47 миң мегаватт-саат короткон. Ал эми июлда, Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун маалытына ишенсек, такыр эле рекорд койгон: айына дээрлик 20 миң мегаватт-саат короткон.

Кыргызстанда электр энергиясы тартыш болгондуктан, майнерлерге жалпы мамлекеттик энергетикалык тармакка кошулууга тыюу салынган. Анткен менен, 2023-жылдын июлунда «Клооп» журналисттик иликтөөсүндө «Соларкоин» электрди тек гана мамлекеттен сатып алып жатканын аныктаган.

Эки күндөн кийин өлкөнүн президенти Садыр Жапаров бул маалыматты бышыктаганга аргасыз болгон. Бирок дароо эле актанып, майнерлер «биз эч бир жакка сата албай» турган «ашыкча» электр энергияны сатып алып, мамлекетке чоң киреше берип жатат деп айтканы бар.

Дагы бир нече күндөн кийин энергетика министри Таалайбек Ибраев мамлекеттик бюджет майнингден түшкөн каражаттан кол жууп жатат деп журналисттерди айыптаган. Ал ЖМКнын иликтөөсүнөн кийин «Соларкоин» атамекендик электрди сатып алуудан баш тартып, 1-августтан тартып аны Казакстандан сатып ала баштаарын айткан.

Казак журналисттери мунун чын-бышыгын билүү үчүн өздөрүнүн энергетика министри Алмасадам Саткалиевге суроо менен кайрылышкан. Саткалиев Кыргызстандын майнинг-фермасы менен конкреттүү келишим жок деп жооп берген. Бирок Казакстан ашыкча электр энергияны «белгилүү сааттарда» коңшуларга экспорттой алат деген. Ошондуктан министр «энергетикалык ишканалардын деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатышы мүмкүндүгүн» белгилеген.

Коңшу өлкөнүн министри кайсы ишканалар тууралуу сөз болуп жатканын так айткан эмес. Бирок акыр-аягы аны Кыргызстандын Энергетика министрлиги ачыктаган. «Клооптун» сурам атына мекемеден, эми «Соларкоин» электр энергиясын «ГЭС-Энерго Алматы» Жоопкерчилиги чектелген шериктештигинен (ЖЧШ) сатып алып жатат деп билдирген. Биз бул компанияны анализдеп, көптөгөн кызыктарды таптык.

Макс үчүн көшөгө 

Казакстандын «ГЭС-Энерго Алматы» ЖЧШсы 1998-жылдан бери иштейт. СПАРКтын маалыматына ылайык, компания анын алмашкыс директору Алексей Феоктистовго жана Германиянын Валдемар Миллер деген бир жаранына таандык.

«ГЭС-Энерго Алматынын» негиздөөчүлөрү жана кызматкерлери менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок: бир телефону иштебейт, экинчиси ага таандык эмес номер болуп чыкты. А бирок бул чакан компания мурда кыргыз электрин Казакстанга ташып жүргөнү анык болду. 2010-жылы ал аны 1,5 млрд киловаттка чейин жеткен көлөмдө сурап, Кыргызстандын «Элекстр станциялар» мамлекеттик ишканасынан сатып алып турган.

Мындай келишимдердин бири коррупциялык чуу менен аяктаган.  «Электр станциялар» ишканасынын экспорт бөлүмүнүн башчысы Кутбидин Нажимидинов Казакстанга 15 млн киловатт-саат энергияны бир кВт/с 2,8 центтен сатуу жөнүндө келишимди узартуу үчүн Феоктистовдон опузалап акча талап кылган. Ошол маалда Казакстандын өзүндө электр энергиясы жок эле дегенде 8 цент турган.


Анысы аз келгенсип, «Клооп»«ГЭС-Энерго Алматы» ЖЧШсы Кыргызстандын бозгун президентинин уулу Максим Бакиев менен байланыштуу болгонун да аныктады. Ошондой эле Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын электр энергиясы менен камсыздаган мамлекеттик монополисттер «Түндүкэлектро» менен «Чыгышэлектронун» 80% акциясын алдамчылык менен менчиктештирип алуусуна дагы булардын катыштыгы бар.

2010-жылы «ГЭС-Энерго Алматы» фирмасы жогоруда аталган мамлекеттик компаниялардын акциясын Максим Бакиевдин «Чакан ГЭС» ААК фирмасы текейден арзан сатып алышы үчүн инвестициялык конкурста жасалма атаандаштык уюштурган. Кылмыштуу бүтүмгө «Чакан ГЭСтин» директору Рустам Юнусбаев катышкан — кыргыз энергетикасында Бакиевдин уулу Максим жана анын жанжөкөрү Алексей Ширшов жолго койгон коррупциялык схемалардын туруктуу фигуранты.

2013-жылы, Курманбек Бакиевдин режими кулагандан кийин, Бишкектин Биринчи май райондук соту чет өлкөдө жашырынып жүргөн Максим Бакиевди сыртынан 25 жылга кескен. Чыгарылган өкүмдөн «ГЭС-Энерго Алматынын» директору Алексей Феоктистов менен кылмыштуу келишим түзүлүп, анын аркасы менен Бакиевдин фирмасы «Түндүкэлектро» мамишканасынын 80% акциясын өздүк наркынан 45 эсе арзан сатып алганы белгилүү болгон.

чоңойтуп көрүш үчүн схеманы басыңыз

Көзгө көрүнбөгөн энергия

Эми азыр, эгер Энергетика министрлигине ишенсек, ошол Бакиевдердин «чекеге чыккан схемасынын» мурдагы катышуучусу кыргыз майнерлерине казак электр электрин сатып жатат. Же сатканы турат: болбосо энергетика министри Ибраев майнерлер аны 1-августтан тартып алып жатканын айтууда, 8-августка карата электр энергиясы берилген эмес

Ал деги барбы? 

КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин маалыматына ылайык,  «ГЭС-Энерго Алматынын» кубаттулугу 0,43 МВт-саатты түзгөн чакан ГЭСи бар. Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков бул Быстровкадагы «Соларкоин» майнинг фермасын электр энергиясы менен касыздаш үчүн өтө эле аз деп белгилейт: жазында саатына орточо 22,5 мегаватт керектеген, ал эми июлдун аяк ченинде, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, 25 мегаватт керектеген.

Негизи, «ГЭС-Энерго Алматы» жетишсиз электр энергиясын Казакстандын жалпы энергетикалык тармагынан толуктап ала алат дейт Карыбеков. Бирок, компаниянын финансылык жыйынтыктарын карап көрсөк, акыркы жылдары ал анчалык көлөмдө товар саткан эмес, ал эми салык төгүмдөрү 2015-2021-жылдар алагында дээрлик алты эсе төмөндөп кеткен.

«Соларкоин» Казакстанга кошулгандан пайда табаары деле күмөндүү — Кыргызстан мамлекеттик электрди майнингге сатууга тыюу салган эрежени бузуп, арзан эмес, кВтын кадимкидей эле 5,04 сомдон саткан күндө деле суроо жаратат. Казакстанда азыр электр энергиясынын минималдык чекене баасы бир кВт үчүн болжолдуу 4,47 сом турат, ал эми майнерлер үчүн 4,5 сомду түзөт. Андан сырткары, ар бир киловатты Кыргызстандын электр тармактарынан транзит кылып өткөрүш үчүн 23 тыйындан төлөп, трансчекаралык төлөмдөрдү тейлеш керек болот. Эми ушунун өзү зарылбы, мааниси канча?

Албетте, электр энергиясын дүңүнөн сатып алса болот. Бирок Казакстандын электр энергиясын рынокто дүң саткан субъекттеринин сентябрга карата тизмесинде«ГЭС-Энерго Алматы» компаниясы жок. Демек бул, ал кошумча акы төлөп эле ортомчу аркылуу сатып албаса, дүң базарда электр энергиясын түз сатып ала албайт деген сөз. «ГЭС-Энерго Алматы» компаниясы Казакстандын 2023-жылдын сентябрына карата электр энергия рыногунун керектөөчүлөрүнүн реестринде да жок. Башкача айтканда, ал ортомчулардан дагы электр энергиясын сатып албайт.

Бул жерде анан «Соларкоинге» суроолор туулат: эмне үчүн электр энергиясын алуу үчүн Казакстандын электр энергиясын рынокто дүң саткан субъекттеринин бирин тандабай, «ГЭС-Энерго Алматыны» тандаган? Эмне үчүн электр энергиясын берет деп тандап алган компаниясынын өзүнүн, өзүнүн болбосо да башкадан алган жетиштүү көлөмдө электр энергиясы жок? Балким бул фирма адатынча чыныгы иш багытын жашырып, ал эми кыргыз майнерлери электр энергиясын дагы бир башка жерден алып жаткан болуп жүрбөсүн? 

Бакиевдин баласынан Жапаровдун кудасына чейин 

«Клооп» буга чейин «Соларкоин» «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Турускулов жана «Электр станциялардын» директорлор кеңешинин мүчөсү Фархат Иминов менен байланышы бар экенин айтып берген. Бул адамдар мекенинде миллиондогон киловатттарды башкарганын эске алганда, алардын майнер-өнөктөштөрү Казакстандан электр сатып алганды каалабаса деле керек.

«Электр станциялары» менен, эске салсак, «ГЭС-Энерго Алматы» дагы байланыштуу болгон. 2010-жылы компания аталган мамлекеттик ишканадан кайра Казакстанга сатыш үчүн арзан электр энергиясын сатып алып турган. Ал эми «Электр станциялардын» чиновниги мурда «ГЭС-Энерго Алматынын» директорунан келишимди узартуу үчүн акча опузалаган.

«Соларкоин» менен «ГЭС-Энерго Алматынын» байланышы — биз Максим Бакиевдин кыргыз майнингинде тапкан биринчи эле изи эмес. Жайында «Клооп» кантип кыргыз өкмөтү «бекип турган» электр энергиясын бошотуу шылтоосу менен мамлекеттик Камбар-Ата-2 ГЭСинен 30 Мегаватт электр энергиясын Бакиевдер менен байланышы бар «МБТ Строй» майнинг фермасына бергенин кеңири айтып берген


Мунун баары электр энергиясынын таңкыстыгы курч болуп жаткан шартта, энергетика министри Таалайбек Ибраев бизден мамлекеттин электр энергиясын майнерлерге берүү уланып жатканын жашырып жатат деп болжогонго негиз болот. 

Анын үстүнө, өлкөдө энергетикалык каатчылык Бакиевдин тушунда да курч болуп турганы баарына маалым. Ал убакта энергетикалык компанияларды башкарган Ибраев өзү да Ширшов менен иштегенин танган эмес. Эске салсак, Бакиев кулатылгандан кийин Ибраевге энергетикадагы коррупция боюнча кылмыш иштери козголгон эле.

Ушунун баарын коррупционерлерди калчылдаткан Садыр Жапаров билеби? Билиши керек: Бакиевдин тушунда азыркы президент Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттикти жетектеген. Бул жылы өлкө башчысы мамлекеттик электр энергиянын майнерлерге берилишин актаган. Ал эми эки жыл мурда Temirov LIVE’дын иликтөөчү журналисттери Жапаровдун кудасы Айдар Адылбеков «Чыгышэлектронун» башчысынын орун басары болгонун аныкташкан. Бул жанагы Бакиевдин уулу «ГЭС-Энерго Алматы» аркылуу текейден арзан акчага менчиктештирип алган компания (Бакиев кулатылгандан кийин ал мамлекетке кайтарылган).

Кызыктуу дал келүү: «Клооп» жана «Азаттык» июлда «Соларкоиндин» иши жөнүндө иликтөө чыгаргандан кийин Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору өлкөнүн ири керектөөчүлөрү тууралуу ай сайын чыгарган тизмесин жарыя кылганды токтоткон.

                                                                                                      Авторлору: Арууке Солтоной, Виктор Мухин