Садыркулов каза болгон күнү чек арачы анын кайсыл жерде жүргөндүгүн жетекчилигине билдирип турган

УКМКнын «Түндүк» Чек ара аскерлигинин бөлүгүнүн мурунку командири президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун Казакстандан Кыргызстандын чек арасына өткөндүгүн жетекчилигине билдирип турган. Версиялардын бири боюнча Садыркулов Казакстанда мурунку президент Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жаткан.

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча соттун кезектеги жыйынында прокурорлор кыргыз-казак чек арасында кызмат өтөгөн чек арачысы Нурлан Сакиевдин көрсөтмөсүн окуп беришти.

Бул иш боюнча күбө катары өтүп жаткан Сакиев Медет Садыркулов каза болгон 2009-жылдын 12-мартында анын кайсыл жерде жүргөндүгү тууралуу жетекчилигине билдирип тургандыгын моюнуна алды.

Сакиевдин айтымында, ага Садыркуловдун артынан аңдуу буйругун бул иш боюнча күнөөлүү катары өтүп жаткан мурунку жетекчиси Замир Молдошев берген.

Күбөнүн көрсөтмөсүнө ылайык, эмне себептен Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчисинин артынан аңдып, анын кайсыл жерде жүргөндүгүн билдирип турушу керектигин Молдошев түшүндүргөн эмес — ал чиновниктин унаасын уруксатсыз кое бербөө тапшырмасын берген.

Садыркулов Бакиевдин аппаратынын жетекчиси кызматынан кеткенден көп өтпөй 2009-жылдын март айында Казакстандан келе жатып каза болгон.

Президентти бийликтен кетирүүгө даярданып жаткан

Садыркулов Казакстандан келе жатканда каза болгон – кесиптештери менен досторунун көрсөтмөлөрү боюнча чиновник ал жерде президентти «бийликтен кетирүү» боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жаткан — бул тууралуу ошондой эле «Викиликс» сайтына басылып чыккан АКШ элчилигинин жашыруун каттарында жазылган.

Бакиев президент болуп турган убакта расмий версия катары Садыркуловдун өлүмүнө унаа кырсыгы себеп болгондугу айтылган — анда милиция ак түстөгү «Ауди» Кой-Таш капчыгайында Садыркуловдун джип үлгүсүндөгү унаасына келип сүзүлүп, анын натыйжасында унаа жарылып кеткен деп билдиришкен.

Бакиев кеткенден кийин Садыркуловдун өлүмү боюнча иш кайра жандандырылып, тергөө жаңы версияны айткан – ага ылайык, Садыркулов менен анын жанындагы адамдар качып кеткен президенттин иниси Жаныш Бакиевдин буйругу менен өлтүрүлгөн.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков