«16 күн зомбулукка каршы» өнөктүгүнүн активисттери социалдык эксперимент жүргүзүшкөн — Бишкектеги борбордук сейил багында үч актер кыздын сабалып жатканын окшоштуруп аткарышкан, а операторлордон турган топ өтүп жаткан бишкектиктердин реакцияларын видеого тартып турушкан.

Социалдык эксперименттин сценарийи боюнча, Бишкектин борбордук сейил багында эки бала кызды чачынан алып, коркутуп, сабашат. Авторлор бул эксперимент менен аялдарга карата жасалып жаткан зомбулук маселесин көтөргүлөрү келгендигин айтышууда.

«Биз аялдарга карата жасалган зомбулук маселесин көтөрөлү деп чечтик. Анан Кыргызстандын жарандары кызга жардам беришеби же көңүл бурбастан өтүп кетишеби ошону билгибиз келди», — деп айтышты алар экспериментти баштаардын алдында.

Алардын маалыматтары боюнча, жыйынтыгында жолдон өтүп бара жаткан 41 адамдын 13ү гана жардам берүүгө батынышып, атайын уюштурулган урушка аралашышкан. Авторлор видеонун соңунда көрүүчүлөрдүн кандай аракетке бара тургандыктары жөнүндө суроо салышкан.

Урматтуу окурмандар, силердин шаардын көчөлөрүндөгү адамдарга жасалып жаткан зомбулуктарга кийлигишип, аларды токтотууга даярсыздарбы? Мындай учурларга туш болгондо өзүңүздөрдү кандай алып жүрөсүздөр? Пикирлериңиздер менен жоопторуңуздарды калтырыңыздар.