Мурда өлкө башчысы менен иштешкен бир нече адам жогорку саясий кызматтарга ээ болушту: анын кеңешчиси, басма сөз катчысы, айдоочусу жана жансакчысы. Атамбаев мамлекеттик башкарууга дагы кимди дайындайт?

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Репортаж «Настоящее времяныкы».

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 10-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчылыгына Улан Исраиловду дайындаган.

Исраилов алгач Атамбаевдин жанчакчысы болгон, 2014-жылы Свердлов РИИБсинин жетекчилигине, андан соң Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын бөлүм башчылыгына дайындалган.

Февралдын аягында Бишкектин мэри болуп социал-демократтардан жалгыз талапкер Албек Ибраимов шайланган. Аны дагы президентке байланыштырып жүрүшөт.