Видео: Ататүрк паркынын акыркы 10 жылдагы кыскаруусу

Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил бактын аянты 1993-жылдан тарта азая баштаган, алгач анын аянты 107 гектар жерди түзүп турган. Азыр парктын аянты 64,7 гектарды түзөт — ал кантип кыскарганын «Клооптун» видеосунан көрүңүз.

Ататүрк атындагы парк 1957-жылы негизделип, Кыргыз ССРинин 50 жылдыгынын урматына арналып аталган. Кийинчерээк 1995-жылы сейил бактын аталышы Түрк Республикасынын туңгуч президенти Кемаль Мустафа Ататүрктүн атына өзгөртүлгөн.

Парк негизделген учурда аянты 107 гектарды түзгөн — Бишкек башкы архитектуранын маалыматына ылайык, андай аянт бери эле дегенде, 1992-жылга дейре сакталып турган.

Парктын аянтындагы жерлер 2000-жылдан тарта жеке адамдар менен компанияларга бериле баштаган. Мындан кийин мэрия дагы бир нече жыл бою участокторду ижарага же убактылуу пайдаланууга гана берип келген.

«[...] 2008-жылдын 24-июнунда паркка тиешелүү аянттан мыйзамсыз жол менен, борбордун генералдык планына өзгөртүүлөрдү киргизбестен, мэриянын жетекчи кызматкелери тарабынан 11,31 гектар жер менчик турак үйлөрдүн курулушу үчүн алынып коюлду», — деп билдирген Бишкек мэриясы 2011-жылы Башкы прокуратурага таянып.

«Ал эми мурдагы мэр Н.Тюлеевдин учурунда, шаар аткаминерлери Бишкек шаарынын мэриясынын 14.10.2009-ж. № 577-токтомунун негизинде “Ю-Ти-Ай Глобал” Түштүк корея фирмасына ижара шартында пайдаланууга 49 жылдык мөөнөткө административдик-турак жай комплексинин курулуш долбооруна 5 га аянттагы жерди бөлүп беришкен», — деп айтылат мэриянын 2011-жылдагы билдирүүсүндө.

Жер кодекси боюнча бардык токой парктар менен скверлер жалпы пайдалануудагы жерлер болуп эсептелинет жана жеке менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда мындай жерлер 5 жылдан ашык эмес мөөнөткө ижарага бериле алат.

Ошондой эле 1991-жылы, андан соң 2002-жылы да Ататүрк паркы тийиштүү мыйзам менен корголгон тарых жана маданий эстеликтердин тизмесине киргизилген.

«Эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде жер иштетүү, курулуш жана башка иштердин бардык түрлөрүн, ошондой эле эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусусуз чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат», — деп жазылган мыйзамда.