КТРКнын байкоочу кеңеши «Ой ордо» ток-шоусунун ЛГБТга арналган чыгарылышы үчүн корпорациянын башкы директору Илим Карыпбековго сөгүш жарыялады. Кеңештин мүчөлөрү каналдын редактору менен берүүнүн алып баруучусун жумуштан кетирүүнү сунушташты.

КТРКнын байкоочу кеңеши 14-июнда өткөн кезексиз жыйынында «каналдын контентин жана андагы жумушчу атмосфераны жакшыртуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү, ошондой эле талкууга түшкөн окуялардын жаралышына жол бергендиги жана аларды чечүү боюнча өз учурунда тиешелүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн» КТРКнын башкы директору Илим Карыбековго сөгүш жарыялады.

Бул «Ой ордо» ток-шоусунун ЛГБТ укуктарына арналган чыгарылышынан кийин болууда.

Байкоочу кеңеш башкы директорго сөгүш жарыялагандан сырткары телеканалдын башкы редактору Көкүл Арипова менен «Ой ордо» берүүсүнүн алып баруучусу Айгүл Курманованы жумуштан кетирүү маселесин карай турган комиссия түзүү чечимин кабыл алды.

Кеңештин мүчөсү Сабырбек Мукамбетов «Ой ордонун» чыгарылышын талкуулап жатып учурда ЛГБТ темасы Кыргызстанда «кабыл алынбай» турганын айтты.

«Америкада гейлер дегенин койбой атып бир жыныстуулардан турган үй-бүлөлөрдү курууга уруксат алышты. Балким 100 жылдан кийин Кыргызстанда ошондой үй-бүлө курууга уруксат берилиши мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө ал кабыл алынбайт. Кимдир бирөөңөр балдарыңардын гей болушун каалайсыңарбы? ЛГБТ жөнүндөгү чыгарылышты көрсөтүү аларды пропагандалайт», — деди ал.

Тема боюнча: Кыргызстан 25 жылдан кийин бир жыныстагылардын баш кошуусуна уруксат берет — Бектур Искендер

Анын позициясын Тынчтыкбек Чоротегин менен Жеңишгүл Өзүбекова колдоду, а кеңештин башка мүчөлөрү ЛГБТ жөнүндөгү берүүнүн телеканал аркылуу көрсөтүлүшү «өсүп келе жаткан муундун психологиясын бузат» деген бир пикирге келишти.

Жыйынга катышкан укук коргоочу Рита Карасартова кызматкерлерди жумуштан кетирбестен, телеканалдын контенти боюнча сөгүш жарыялоо керектигин билдирди.

«ЛГБТ укуктары жөнүндөгү берүүдөн улам адамдарды жумуштан кетирүүгө барасыңарбы? Андай болсо адамдар эгер берүү жакпай калса анын алып баруучусун жумуштан алып салууга мүмкүн экен деп ойлоп калышат да», — деди ал.

Ага кеңештин мүчөлөрү Арипованы жумуштан кетирүү маселеси бир канча жылдан бери каралып келе жатканын айтып жооп беришти — алардын айтымдарында, Ариповага каршы КТРКнын алты кызматкери арызданып, ал алардын сыйакыларын өзүнө алып алгандыктарын билдиришкен.

Кеңештин мүчөсү Тамара Жаманбаева ал айыптоолор далилденгенин жана  иш «үч жылдан бери созулуп келе жатканын» айтты.

Карасартованын анда эмнеге Арипованы үч жыл мурда жумуштан кетирбегендиктери жөнүндөгү суроосуна кеңештин бир канча мүчөсү кыйкырып, биринин сөзүн бири бөлүп башташты.

Укук коргоочу жана юрист Эрик Рыскулбеков байкоочу кеңеш КТРКнын кызматкерлерин жумуштан кетирүүнү талап кылуу укугуна ээ эмес экенин айтты. Кеңештин мүчөлөрү редактор менен берүүнүн алып баруучусун жумуштан алуу сунушу «сунуш берүү мүнөзүнө» гана ээ экенин айтып жооп беришти.

КТКРнын башкы директору Илим Карыпбеков канал ЛГБТ укуктары жөнүндөгү «Ой ордонун» чыгарылышы боюнча жарандардын бардык даттануулары менен кайрылууларын «эске ала турганын» билдирди.

«Биз эртең эфирге ЛГБТ жөнүндөгү берүүнү чыгаралы дебей элебиз», — деди ал.

ЛГБТ укуктары жөнүндөгү түз эфир

«Ой ордо» берүүсүнүн ЛГБТнын укуктарына арналган чыгарылышы Коомдук биринчи каналдын (КТР) түз эфиринде 12-май күнү кечинде көрсөтүлгөн. Берүүнүн башкы коногу гей экенин ачык айткан Максим болгон. Ал «Ой ордонун» эфиринде өзүнүн сексуалдык ориентациясын кантип түшүнгөндүгү жана күнүмдүк жашоосунда кандай көйгөйлөргө кабыла тургандыгы жөнүндө айтып берген.

ЛГБТ укуктарын коргоочулардын тарапташтары катары берүүгө активист Сумсарбек Мамыралиев менен блоггер Данияр Айтман катышкан. Алар Конституция адамдарга бир жыныстуу союздарды куруусуна мүмкүндүк берүүсү керектигин айтышкан.

Алардын каршылаштары мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу менен Мавлян Аскарбеков болушкан. Бакир уулу мамлекет «коомдук тынчтык менен адеп-ахлак баалуулуктарын сактоо үчүн жарандардын укуктарын чектей ала тургандыгын айткан.

Берүү социалдык түйүндөрдө ар түрдүү реакцияларды жараткан. «Кыргыз Чоролору» жана «Калыс» кыймылдарынын өкүлдөрү 19-майда митингге чыгышып, «Ой ордонун» ЛГБТ укуктарына арналган чыгарылышын алып барган КТРКнын кызматкери Айгүл Курманованы кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.