Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталында бир жылга жетпеген убакытта «коррупциялык латын тамгаларын» пайдалануу менен кеминде 72 тендер жашырылган.

Тапшырык ээлери сатып алуулардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу үчүн ачылган атайын сайт менен киргизилген эрежелерди бардык болгон жолдор менен айланып өтүүгө аракет кылып келишет.

Материалдын түп нускасы «Акчабар» сайтына жарыяланган. Автору Елизавета Кузнецова.

«Акчабар» тарабынан сурамжыланган сатып алуучу уюмдардын кызматкерлери клавиатурадагы тилди өзгөртүү менен жасалган татаал манипуляцияларды жөн гана дал келип калуу менен түшүндүрүшүп, алардын жарыясын издөө системасы аркылуу табууга мүмкүн эместигине артисттерче таң калышты.

Редакция тарабынан табылган жашырылган тендерлердин жалпы суммасы 656 млн сомду түздү. Алардын эң ириси Ош шаардык ИИБсинин тендери, аны Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментине кайрылуубуздан кийин токтотууга мүмкүн болду. «Коррупиялык латын» тамгалары колдонулган башка тендерлер жөнүндө «Акчабардын» материалынан окуңуздар.

«КОРРУПЦИЯЛЫК ЛАТЫН ТАМГАСЫ» – ТОВАРЛАР МЕНЕН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАРЫЯЛАРДАГЫ КИРИЛЛИЦА ТАМГАЛАРЫНЫН АТАЙЫЛАП АГА ОКШОГОН ЛАТЫН ТАМГАЛАРЫНА АЛМАШТЫРЫЛЫШЫ.

Эреже катары, «коррупциялык латын тамгалары» мамлекеттик тапшырыкты «өз» жалданма компаниясына аткартуу үчүн чиновниктер тарабынан пайдаланылат. Чиновник жарыяны мамлекеттик сатып алуулар сайтына андагы а, е, о, у, с, к, т, В, М жана Н сыяктуу кириллица тамгаларын ошондой эле көрүнүшкө ээ а, е, о, у, с, к, т, В, М, Н деген латын тамгаларына алмаштырып жайгаштырат. Андан соң мамлекеттик сатып алуулар сайтынан ал жарыяны анын аталышындагы кайсыл тамгалардын алмаштырылганын билген гана жалдануучу компания издеп таба алгыдай болуп калат.

Ошондой эле мындай практика баасы атайылап жогорулатылган сатып алууларды жашыруу үчүн да колдонулат.

«Коррупциялык латын тамгаларын» Орусияда көптөн бери колдонуп келишет. Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулардын сайтындагы жашырылган тендерлердин бар экенин алгачкылардан болуп Kloop.kg онлайн-басылмасынын журналисттери таап чыгышкан.

Редакция 2015-жылдын 10-декабрында Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери тарабынан китеп басып чыгаруу үчүн жарыяланган эки тендердин жашырылган ыктымалдыгы жөнүндө иликтөө жарыялаган. Ал сатып алуулардын жалпы баасы 167 млн сомду түзгөн.

Иликтөө жарыялангандан кийин мекеменин сатып алуулар үчүн жооптуу болгон кызматкери жумуштан алынып, а жарыялардагы латын тамгалары кириллица тамгаларына алмаштырылган.

Кантип табууга болот?

«Акчабар» каржы порталы мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы «коррупциялык латын тамгаларынын» пайдаланылышы боюнча жеке иликтөөсүн жүргүздү. Андай жарыяларды белгилүү бир тамгаларды латын тамгаларына алмаштырып жазуу менен өз алдынча издеп табуу кыйла оор. Жөнөкөй колдонуучу андай тендерлердин баарын эмес, а бир канчасын гана таба алышы мүмкүн.

Программист Бакыт Тургумбаев «Акчабардын» журналисттерине акыркы жыл ичиндеги (2015-жылдын июлунан берки) латын тамгалары бар жарыялардын бардыгын тең таап чыгууга жардам берди. Алардын саны 72ни түзүп, жалпы суммасы 656 млн сом болуп чыкты.

Тендерлердин биринчи бөлүгүнүн жарыяланган мезгили (50 билдирме) – 2015-жылдын июнунан 2016-жылдын майына чейин. Жашырылган мамлекеттик сатып алуулардын жалпы суммасы 212 млн 653 миң 583,18 сомду түздү.

Экинчи мезгил кыйла кыска мезгилди камтыйт – 25-майдан 9-июнга чейин. Ал даталар үчүн кошумча маалыматтарды табууга туура келди. Жыйынтыгында ал бекер эмес болуп чыкты. Иликтөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн 2 жуманын ичинде мамлекеттик сатып алуулар сайтына жалпы суммасы 443 млн 343 миң 47,17 сомду түзгөн 22 тендер жайгаштырылгандыгы анык болду.

Ал сумманын ичине токтотулган эки тендер да киргизилди. Биринчиси, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын тапшырыгы менен 431 млн 704 миң сомго 12 кабаттуу үй куруу үчүн жарыяланган. Ал «Акчабардын» материалынан кийин токтотулган.

Экинчи тендер «Алтын-Көл» депутаттык пансионатына шейшеп, тиричилик жана кеңсе техникаларын, идиш-аяк сатып алуу үчүн жарыяланган. Ал белгисиз себептерден улам токтотулган, бирок тендердин «коррупциялык латын тамгаларын» пайдалануу менен жарыялангандыгы факты бойдон калууда.

Токтокулган эки тендерди эсепке албаганда жашырылган сатып алуулардын жалпы суммасы 222 млн 479 миң 680,35 сомду түздү. Алардын төртөөсү Бишкек шаарынын Свердлов райондук Билим берүү борборуна таандык. Борбор жашырылган тендерлердин жардамы менен 2 млн 63 миң 608,17 сомго музыкалык аппаратура, кеңсе мебелин, азык-түлүк жана кондиционер сатып алуу ниетинде.

Өзгөчө ири олчөмдө жашыруу

«Акчабар» колго тийген маалыматтарды анализдеп чыгып, 6 млн сомдон 110 млн сомго чейинки 6 ири тендердин өткөрүлүп бүткөнүн аныктады. Жөнөкөй тапшырык аткаруучулар алар тууралуу билбеген бойдон эле калса керек. Ал сатып алуулардын арасында бала бакчаларды, мектептерди, спортзалдарды жана башка көптөгөн нерселерди куруу тендерлери бар болгон.

6 миллионго мончо

Доорот-Коргон айылына 6 млн 370 миң 926 сомго мончо куруу боюнча тендер дээрлик аягына чыкты. Тапшырык ээси катары Чоң-Алай айыл өкмөтү көрсөтүлгөн. Жарыя ушул жылдын май айында жарыяланган (Чоң-Алайга кайрадан кайтып келебиз). Жеңүүчү болуп «Компания Рамзан» жоопкерчилиги чектелген коому табылган (ырасталышы күтүлүүдө).

10 миллионго мектеп оңдоо

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы М.Базаркулов атындагы орто мектепте 10 млн 258 миң 529,4 сомго оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча тендер өткөн. Тапшырык ээси катары Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоп-түзөө жана материалдык камсыздандыруу департамети көрсөтүлгөн.

12,5 миллионго спортзал оңдоо

Сузак районунун Таш-Булак айылындагы №23 мектеп үчүн 12 млн 451 миң 900 сомго спортзал куруу боюнча жарыяланган тендердин да жеңүүчүсү аныкталган. Тапшырык ээси Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы болгон. Тендер өткөн жылдын июлунда өткөрүлгөн. Жеңүүчү деп «СК Универсал» жоопкерчилиги чектелген коом табылган.

16 миллионго өзгөчө кырдаалдарды жоюу

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча департаменти 16 млн 374 миң 29 сомдук курулуш иштерине буйрутма берген. Жумуштарды аткаруу жери катары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жол-Колот айылы көрсөтүлгөн. Тендер 2015-жылдын октябрында өткөрүлгөн.

30 миллионго бала бакча

Базар-Коргон районунун Жаш-Ленин айылына 30 млн 194 миң 600 сомго 100 орундуу бала бакча курууга жарыяланган тендер ишке ашырылган. Тапшырык ээси кайрадан эле Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы болгон. Тендер 2015-жылдын августунда өткөрүлгөн. Жеңүүчү деп «Мундуз-Строй» жоопкерчилиги чектелген коому аталган.

110 миллионго трансформаторлор, шкафтар жана кабель

«Коррупциялык латын тамгаларын» пайдалануу менен 110 млн 6 миң 337,62 сомго ашыкча чыңалууларды чектөө жабдуулары, ток трансформаторлору, шкафтар жана кабель сатылып алынган. Сатып алуучу мекеме катары ушул жылдын мартында «Кыргызстандын Улуттук электр түйүнү» ААКсы жарыя жайгаштырган. Клавиатурадагы тилдерди алмаштырууда мынчалык көп жаңылып калуу абдан кыйын болсо керек — жарыяда «[O]граничители п[e]ренапряж[e]ний, тр[a]нсформ[a]торы т[o]ка, шк[a]фы, к[a]б[e]ль» деп жазылган (кашанын ичинде алмаштырылган латын тамгалары көрсөтүлдү).

Эң акыркы жана эң ири тендер боюнча түшүндүрмө алуу үчүн редакция «Кыргызстандын Улуттук электр түйүнү» ААКсына (мамлекеттин үлүшү 80,5%) кайрылды. Компаниянын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы тендердин аталышында латын тамгаларынын пайдаланылгандыгын билээр-билбеси боюнча узатылган суроого буга чейин андай нерсе жөнүндө таптакыр билбегендигин айтты.

Анын айтымында, тендерди учурда окууда жүргөн кызматкери жайгаштырган. Ал бул маалыматты мекеме жетекчилигине жеткирүүнү убадалады.

Чоң-Алай району

Чоң-Алай айыл администрациясы тарабынан 8 млн сомдон ашык суммалык тендердин жашырылгандыгы жөнүндө жакында эле Kloop.kgнин журналисттери жазып чыгышкан. Ушул жылдын майында айыл чиновниктеринин «коррупциялык латын тамгаларын» пайдалануу менен мамлекеттик сатып алуулар сайтына 7 тендер жайгаштыргандыгы белгилүү болгон. Анда Чоң-Алай айыл администрациясынын башкы эсепчиси Талантбек Эсенбаев Kloop.kgге «бардыгы кокустан болуп калган болушу мүмкүндүгүн» билдирген.

Бирок ал жөнүндө материал жарыялангандан кийин Kloop.kgнин редакциясына тендерди жеңип алган компаниянын өкүлү телефон чалып, Чоң-Алай айыл администрациясынын мамлекеттик сатып алуулары тууралуу материалды өчүрүү үчүн басылманын башкы редакторуна $500 сунуштаган.

Жалпысынан «Акчабар» 2016-жылдын апрелинин аягынан майынын ортосуна чейин аталган айыл башкармалыгынын жалпы суммасы 15 млн 657 миң 78,6 сомду түзгөн 11 сатып алуусу боюнча маалыматтырды тапты.

Өтө ири масштабдар

«Акчабардын» журналисттеринин иликтөөлөрүнүн аркасы менен Ош шаардык ИИБсинин 431 млн 704 миң 454 сомдук ($6 млн ашык) жашырылган тендерлеринин өткөрүлүшүн токтотууга мүмкүн болду. Тендер милиция кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн 12 кабаттуу турак үй куруу үчүн жарыяланган.

Анда Ош шаардык ИИБсинин сатып алуулар үчүн жооптуу кызматкери Асия Хабибулина эмнеге тендерде латын тамгаларынын пайдаланылгандыгы боюнча узатылган суроого жооп берип жатып «баары туура эле жазылгандай болгонун» билдирген.

Тендер 30-майда, дүйшөмбү күнү жарыяланган. Ал жөнүндөгү иликтөө аптанын аягында чыккан. «Акчабардын» материалынан кийин Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тендер жарыясынын аталышында латын тамгаларынын пайдаланылышын түшүндүрүп берүү талабы менен Ош шаардык ИИБсине сурам жөнөткөн.

Түштүк борбордун ички иштер башкармалыгы тараптан оңдуу жооп болбогондуктан тендерди жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Аталган фактыны иликтөө менен ИИМдин жеке коопсуздук кызматы алектенип баштады.

15-июнда мекеме мамлекеттик сатып алуулар сайтына ал үйдү курууга жаңы тендер жарыялады – эми анда латын тамгалары жана грамматикалык каталары жок. Бирок анын баасы мурдагы бойдон калтырылган.

«Коррупциялык латын тамгаларынын» пайдаланылышын кантип токтотуу керек?

Тендерлерди жайгаштыруу үчүн жооптуу адамдар өзүлөрүнүн жазаланбастыгына ишенишет, анткени атайын көндүмдөрсүз бардык жашырылган тендерлерди табуу мүмкүн эмес.

«Акчабардын» иликтөөсү бир жылдын ичинде эле мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарым миллиард сомдон ашык суммалык тендерди жашырууга мүмкүн экенин көрсөтүү. Бул аныктап таап чыгууга мүмкүн болгон гана тендерлер. Алардын буга чейин канчасы жарыяланганын жана бул иликтөөдөн кийин да пайда болор-болбосун божомолдоого гана болот.

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинен латын тамгаларын пайдаланууда коррупциялык көрүнүштөрдүн жок экенинен шек саноого бардык негиздер бар экенин ырасташкан.

Департамент директору Улан Даникеев Ош шаардык ИИБсинин 12 кабаттуу үй куруу боюнча жашырылган тендери боюнча түшүндүрмө берип жатып андай көрүнүштөрдүн көп эле кездеше турганын билдирген. Бирок анын айтымында, департамент бул сыяктуу ар бир учур боюнча аныкталган фактылар тууралуу Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМдин Бешинчи башкы башкармалыгына кайрылуу жолдойт.

«Коррупциялык латын тамгаларын» пайдалануу көйгөйүн чечүүнүн эки жөнөкөй жолу бар. Биринчиси, парламент депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, тендер аталыштарында (чынында эле латын тамгалары менен жазылган сөздөрдөн башкасында) латын тамгаларын пайдаланууга мыйзам деңгээлинде тыюу салуу.

Экинчи жолу – техникалык. «Акчабардын» редакциясы тажрыйбалуу адис менен кеңешкен соң мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы издөө системасын издөө алгоритми латын тамгаларын байкабагандай кылып жасап койсо болорун аныктап чыкты. Ал үчүн болгону мамлекеттик сатып алуулар сайтынын программалык кодуна бир аз өзгөртүүлөрдү киргизип коюу гана жетиштүү.

Кыргызстанда коррупцияга каршы натыйжалуураак күрөшүү үчүн ал эки вариантты тең ишке ашыруу керек сыяктуу. Анда коррупционерлерде өз схемаларын ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр кыйла азаят.

«Коррупциялык латын тамгалары» пайдаланылган тендерлердин тизмеси менен «Акчабардын» сайтынан таанышууга болот.