Жогорку Кеңештин депутаттары басылмалардын чет өлкөлөрдөн каржыланышын 20 пайызга чейин чектей турган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

КСДП жана «Республика — Ата-Журт» фракцияларынын депутаттары тарабынан сунушталган мыйзам долбоору 22-июнда биринчи окуудан өттү — жалпыга маалымдоо каражаттарынын чет өлкөлөрдөн каржыланышын чектөө жана аларга чет өлкөлүктөрдүн ээлик кылуусуна тыюу салуу демилгесин колдоп 79 депутат добуш берди.

Документ жалпыга маалымдоо каражаттарынын чет өлкөлөрдөн каржыланышын алардын жылдык бюджетинин 20 пайызынан ашпагыдай кылып чектейт жана чет өлкөлүктөрдүн басылмаларга ээлик кылуусуна тыюу салат.

«Чет өлкөлүк юридикалык жак, башка мамлекеттин жарандары же жарандыгы жок адамдар, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүчү боло алышпайт», — деп жазылган мыйзам долбоорунун бешинчи беренесинде.

Аны менен катар саясий партиялар менен юридикалык жактарга маалымат каражаттарын ачууга уруксат берилет. Салыштыруу таблицасына ылайык, сунушталган өзгөртүүлөр бардык жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде телеканалдарга, радиолорго, гезиттерге жана интернет басылмаларга (онлайн-басылмалар — редакциянын түшүндүрмөсү) тиешелүү болот.

Долбоордун демилгечилери мыйзамды Казакстан, Орусия, АКШ, Франция жана Жапония сыяктуу өлкөлөрдөгүдөй кылып, Кыргызстандагы «маалыматтык коопсуздукту көзөмөлдөө» үчүн кабыл алуу керек деп эсептешүүдө.

«ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамда чет өлкөлүк уюмдаштыруучулар үчүн чектөөлөр бекитилген эмес, башка өлкөлөр болсо мамлекеттин көз карандысыздыгы менен коопсуздугун коргоо зарылдыгынан улам жок дегенде минималдык шарттар менен чектөөлөрдү белгилешет», — деп жазышкан депутаттар долбоорго тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Рыспаев: Мыйзам долбоору өзгөртүлөт

ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамга өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга 2016-жылдын 13-майында алынып чыгарылып, укук коргоо уюмдары, журналисттер жана юристтердин нааразычылыктарын жараткан.

Журналисттер 16-июнда Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Алар ошол эле күнү мыйзамдын демилгечилери менен жолугушуп, долбоордун чакыртылып алынышын талап кылышкан.

Тема боюнча: Журналисттер чет өлкөлүктөрдүн ЖМК уюштуруучусу болуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун чакырып алууну талап кылышууда

Сын-пикирлерден кийин мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Кожобек Рыспаев документтин текстин өзгөртүүнү убадалаган.

Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына ылайык, Кыргызстандын гана жарандары же акцияларынын 65 пайыздан кем эмес бөлүгү кыргызстандыктарга таандык болгон компаниялар гана телеканалдардын уюштуруучусу боло алышат.

Рыспаев Kloop.kgге курган буга чейинки маегинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарыл экенин билдирген.

«ЖМК жөнүндөгү бул мыйзам Кыргызстанда көптөн бери каралбай турат. Аны эбак эле кабыл алуу керек болчу. Иштөөгө эч ким тоскоолдук кылбай эле […] Ал бүткүл дүйнөлүк практикадан алынган, андай Жапонияда, Швейцарияда жана Австралияда бар, алар каржылоо үлүшүн 25-30 пайызга чектешет», — деген ал.

«Сөз эркиндигине болгон укуктарды чектөө»

Юрист Наргиза Абдраимова долбоордун демилгечилери ЖМК уюмдаштыруучусу боло ала турган адамдардын чөйрөсүн «болушунча тарытып жатышат» деп эсептейт. Анын пикиринде, мыйзамдын кабыл алынышын Конституция менен кепилденген сөз эркиндигине болгон укуктарды чектөө катары баалоого болот.

«Каржылоо — бул абдан кеңири жол-жобо жана каржылоо дегенде гранттарды гана эмес, а карыз алуу менен насыяларды да түшүнүүгө болот. Демек, ЖМКлар биздин коммерциялык банктардан да насыя ала албай калышат турбайбы, анткени коммерциялык банктардын көбүндө чет өлкөлүктөрдүн катышуусу бар», — деп эсептейт ал.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова долбоор ЖМКлардын көз карандысыздыгына каршы багытталганын айтты.

«Мамлекеттик бюджеттин аздыгы менен берекесиздигин эске алганда биз өтө көп ЖМКны жоготуп алышыбыз мүмкүн […] Алардын [ЖМКлардын] кайсыл жактарга бара тургандыктарын билебиз — алар акча төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ олигархтар. Бул биз коомдук кылууга аракет кылып жаткан көз карандысыз ЖМКларды кайрадан эле кысымга алуу», — деди ал.

Саясат таануучу Тамерлан Ибраимов мыйзам долбоору «концептуалдык коркунучтарга» алып келет деп эсептейт. Анын пикиринде, бийлик тиричилик аракетинин бардык тармактарын көзөмөлдөөнү каалап жатат.

«Мамлекет дайыма маалыматка монополия орнотууну каалайт жана дайыма отуруп, башкарып жана көйгөйлөрдү чечсем дейт. Ал коом болушунча азыраак рычагдарга ээ болсун деп дайыма кайсыл бир жипти тартып, кандайдыр бир баскычтарды басып турууну каалайт», — деди ал.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Анна Капушенко, Айжамал Мураталиева