Илон Маск он жыл мурдагы пландарын ачыкка чыгарып, жакынкы жылдарга койгон максаттары менен бөлүштү. Tesla электр жүк унаасы менен электр автобусун чыгарып, каршеринг (автоунааны кыска мөөнөткө ижарага берүү) сервисин уюштурууга ниеттенип жатат.

2006-жылы Илон Маск өз алдына төрт максат коюп, аларды аткарууга убада берген: кымбат болушу мүмкүн болгон чоң эмес унаа чыгаруу (жыйынтыгы — 2008-жылы Tesla Roadsterдин чыгышы), орто баадагы орточо көлөмдөгү автоунаа чыгаруу (жыйынтыгы — 2012-жылы Tesla Model Sтин сатыла башташы) жана ири көлөмдөгү жеткиликтүү унаа өндүрүү (жыйынтыгы — өткөн жылкы Tesla Model X).

Солдон оңго: Model X, Model S жана Roadster
Солдон оңго: Model X, Model S жана Roadster

Масктын он жыл мурда койгон пландарынын акыркысы күн энергиясы болгон. Бул пункттун натыйжасы — Маск чыгарган үч унаа тең электр энергиясы менен иштейт, алардын бир бөлүгү SolarCity компаниясы тарабынан камсыз кылынат.

Кийинки жылдары ишке ашырууну убадалаган Масктын жаңы планында SolarCity да чоң роль ойнойт. Бекеринен жакында эле Tesla күн энергиясы жана аны сактоо батареялары менен камсыз кылчу ал компанияны сатып алган эмес чыгаар. Ошол эле маалда ал сатып алуу кыйла таң калычтуу болду, анткени эки компания тең Илон Маск тарабынан негизделген.

SolarCityнин ишмердүүлүгүнүн башкы тармактарынын бири – үйлөрдү күн батареяларынын панелдери менен жабдуу
SolarCityнин ишмердүүлүгүнүн башкы тармактарынын бири – үйлөрдү күн батареяларынын панелдери менен жабдуу

SolarCity Масктын автоунаа компаниясына сырты күн батареяларынан турган продукттарды түзүү үчүн керек болушу мүмкүн. Илондун пикири боюнча, мындай концепт өзүн зарыл энергия менен өз алдынча камсыз кыла алат. Ошол эле маалда ал билдирүүсүнөн эмне жөнүндө айткысы келгендиги анча түшүнүксүз: унаалар, үйлөр же дагы башка нерселер.

Маск ошондой эле Tesla автоунааларынын таралыш тармагын кеңейтүү зарыл экенин билдирди. Ошол эле учурда аны баа манипуляциялары менен эмес (компания негиздөөчүсүнүн айтымында, болочоктогу Model 3төн арзаныраак бир нерсе чыгарууга мүмкүн эмес болушу ыктымал), а өндүрүштүн масштабдарын көңейтүү менен ишке ашырууга туура келет.

Тема боюнча: Tesla бюджеттик Model 3 электр унаасын коомчулукка тааныштырды

Андан сырткары Tesla бир канча убакыттан бери электр автобусу менен электр жүк унаасын иштеп чыгуунун үстүнөн эмгектенип жаткандыгы шексиз. Алардын экөөсү тең коомчулукка кийинки жылы расмий түрдө тааныштырылат: жүк унаасы Tesla Semi деген аталышка ээ болот деген божомолдор бар.

План боюнча, учурда Tesla унааларына бета-версия баскычында киргизилген автопилот системасын толугу менен өз алдынчалуулукка жеткирүү керек болот. Маск белгилегендей, аны ишке ашыруу жолдордогу кыйла коопсуз абалдарга алып барат — акыркы автопилот башкарууну 10 эсе коопсузураак кылат.

Тема боюнча: Teslaнын өз алдынча башкаруудагы унаасынын адам өмүрүн алган алгачкы кырсыгында айдоочу каза болду

Статистика көрсөткөндөй, Tesla автоунааларынын ээлери унааларын өз убактысынын болгону 5-10 гана пайызында пайдаланышат. Масктын айтымында, автопилот системасы толугу менен өз алдынчалуулукка жеткенде, компания каршеринг сервисин уюштура алат. Бул унаа ээлери унаасы менен пайдаланбаган учурда алар өзүлөрү «кызматка» чыгышып, түрдүү жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенишет дегенди түшүндүрөт. Албетте, мындай жол менен Teslaнын ээси да акча иштеп таап турат.A member of the media test drives a Tesla Motors Inc. Model S car equipped with Autopilot in Palo Alto, California, U.S., on Wednesday, Oct. 14, 2015. Tesla Motors Inc. will begin rolling out the first version of its highly anticipated "autopilot" features to owners of its all-electric Model S sedan Thursday. Autopilot is a step toward the vision of autonomous or self-driving cars, and includes features like automatic lane changing and the ability of the Model S to parallel park for you. Photographer: David Paul Morris/Bloomberg via Getty Images

Илон Маск айтылган пландарды ишке ашыруу убактысын белгилеген жок, бирок анын буга чейинки койгон максаттарынын ишке ашуусуна он жыл убакыт кеткен.