Кыргызстандагы дүкөндөрдүн текчелеринде көөктөр (прокладки) 90-жылдардын ортосунан тарта пайда боло баштаган. Бирок аялдардын андай гигиеналык каражаты массалык жайылганга чейин айыз маалында аларга өзгөчө чараларды көрүүгө туура келчү.

Баяндоо материалдын автору Александра Титованын атынан жүрөт

Айыз темасы кыргыз коомунда ачык талкууланбай турган нерсе — ал эмес аялдардын өзүлөрү да аны талкуулабоого аракет кылышып, ал учурларда анын ордуна сыпайыраак сөздөрдү колдонушат — «бул күндөр», «кызыл жолчодон келген меймандар», «кыйын күндөр» деп.

Кыргызстанда аялдардын гигиенасынын тарыхы боюнча эксперт табуу — оңой эмес, анткени кыргыз аялдарынын өздөрүн кароосуна байкоо салынып же ал боюнча изилдөө жүргүзүлгөн эмес.

Эркек тарыхчылар заманбап гигиеналык каражаттар жок кезде көчмөн аялдардын айыз учурунда эмне кылгандыктары тууралуу кандайдыр бир далилдер же күбөлөр жок экендигине шилтеме жасашып, ал тема боюнча мени менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Экспертти кыргыз аялдарынын турмуш-тиричилигин ондогон жылдар мурда изилдеген улгайган изилдөөчү-аялдардын арасынан издөөгө туура келди.

Мугалим Людмила Решетова 40 жылдан ашык убактан бери Сокулук мектебинде тарых сабагын окутат — жаш кезинде ал Кыргызстанды кыдырып саякаттап, айыл жергесиндеги кыргыз аялдарынын турмуш-тиричилигине байкоо салган.

Алгач мен аялдар гигиенасынын тарыхы жөнүндө сурай баштаганда Решетова күлүп жиберди — мага чейин бул темага кызыгып, Кыргызстанда 2000-жылдардын башында массалык түрдө пайда болгон көөктөргө чейин айыз маалында кыргыз аялдарынын эмне кылгандыгы боюнча ага эч ким кайрылган эмес.

«Алгач аялдар анын эмне экенин жана кандай колдонуу керектигин түшүнүшкөн эмес. Менин тааныштарымдын бири нымды соруп алчу бети менен чаптоочу бетин алмаштырып алганы эсимде. Анан аны чыгарууга күйөөсү жардам берген. Күлкүлүү окуя, бирок анда кандай колдонуу керектиги азыркыдай сүрөт менен көрсөтүлчү эмес да», — деп эскерди тарыхчы.

Арыктарда жуунушчу

Решетованын айтымында, 70-жылдары кыргыз аялдарынын арасында гигиена ыкмалары алар жашаган жердин башка элдер менен маданий алмашуусунун канчалык деңгээлде күчтүү экендигине жана үй-бүлөсүнүн материалдык абалына жараша айырмаланган.

«Бир топ өнүккөн шаарларда аялдар албетте бул жагынан кыйла алдыда болчу. Байлар кур менен байланган чүпүрөктүн кесиндисин колдонуп, жуулган койдун жүнүнөн бүдүрлөрдү тоголоктоп алышкан», — деди Решетова.

«АЯЛДАР ЖӨН ГАНА АРЫКТАРГА КИРИП, ЖУУНУП, АНДАН СОҢ ӨЗҮНҮН ИШТЕРИ МЕНЕН КЕТЕ БЕРИШЧҮ»

Ал кедей кыргыз аялдары айыз маалында чүпүрөктүн кесиндилерин колдонбогондугун, а булактарга жуунуп, өз кезегинде ал алардын саламаттыгына терс таасирин тийгизгенин айтты.

«Тоонун муздак булактарында жуунуу көбүнчө жан жер мүчөлөргө суук тийишине алып келип, баласыздык болуп калуу коркунучун туудурган. Орустар менен бирге келген [XX кылымдын башында] алгачкы гинеколог дарыгерлер денелерин начар карагандыктан улам жыныстык мүчөлөрдүн оорулары бар экенин да белгилешкен», — деди тарыхчы.

«Тарых факультетинде окуп жүргөндө бизди Кыргызстандын түштүгүнө практикага жөнөтүшкөн (ал кезде Сулайман-Тоо жаңы гана изилдене баштаган). Ошондо мен аялдар гигиенасына таптакыр көңүл бурулбагандыгын байкагам — аялдар жөн гана арыктарга киришип, жуунуп, андан соң өз иштери менен кете беришчү», — деп улантты ал.

«Жакында өлөм го деп ойлой баштагам»

Шаарда сурамжыланган улуу аялдардын көбү алгачкы айызы тууралуу окуялар жөнүндө айтып берүүнү көп каалашкан жок. Кайраттуулары алгачкы жолкусунда катуу корккондуктарын жана эмне кылуу керектигин билбегендиктерин айтышты.

«КӨЧӨГӨ ЭКИ БУТУМДУН ОРТОСУНА ЧҮПҮРӨК САЛЫП ЧЫГУУДАН УЯЛГАНЫМДЫ ЭСТЕСЕМ КҮЛКҮМ КЕЛЕТ»

Ирина 58 жашта, айыз менен болгон алгачкы тажрыйбасы дагы деле жаман эскерүүлөрдү жарата турганын айтат — ал ал жөнүндө апасына айтуудан корккон, өзү чүпүрөктөрдү колдонуп, аларды ыргытып жүргөнүн билдирди.

«Ич кийимимдеги канды көргөндө аябай коркуп кеткем. Мен анын айыз экенин билген эмесмин, бизге мектептен ал жөнүндө айтышкан эмес. Бирок эмнегедир эми мага башкача мамиле кыла башташат деген сезимдер жаралган. […] Кийин апам кийимимди жууп жатып түшүнүптүр, анан андан уялбаш керектигин айтып, жылсанак жүргүзүү жана гигиена жөнүндө айтып берген», — деп эскерди Ирина.

Гүлнара 76 жашта, өмүр бою, ал эмес көөктөр пайда боло баштаган 90-жылдардын аягында да айыз маалында пахтадан жасалган чүпүрөк пайдаланып келгенин айтты.

«Мен кичинекей кезимде нормалдуу ич кийимдер деле болгон эмес да. Кышында дөбөдөн муз тепсең кар алдыңан да, артыңан да толуп калат. Биз кичине эле шамал болсо ооруп калган азыркы балдардай эмес болчубуз. Айыз маалында ишти жайлатууну ойлоп да койчу эмесиз, а мен кант заводунда иштечүмүн! Чоң казандардын жанында кантты ысытып бир канчалаган сааттар бою туруп, андан соң аларды жуучумун. Кээ бир смендерде эч нерсе жебеген, уктабаган учурлар да болчу. Бирок баары бир беш бала төрөдүм!» — дейт ал.

Кыздардын айрымдары алгачкы айызга даяр болушат, анткени алардын улуу эжелери же кыйла кайраттуураак апалары бар болот — 47деги Ася алгачкы айыз башталган маалда «аны менен эмне болуп жатканын дароо түшүнгөнүн» айтат. Бирок айтымында, ал көөктөрдү 2000-жылдан кийин гана колдоно баштаган, анткени ага чейин аларды табуу өтө кыйын болгон.

«Үйдөн эки бутумдун ортосуна чүпүрөк салып чыккандан уялганымды эстесем күлкүм келет. Азыр албетте башка мезгил, бирок менин айылдагы туугандарым дагы деле эски чүпүрөктөрдөн колго жасап алышкан көөктөр менен пайдалануусун улантып келишет», — дейт ал.

60 жаштагы Венера айыз маалында эмне кылуу керектигин айтып берчү апасыз жана эжесиз чоңойгон. Абалды ага айылга жөнөтүлгөн жаңы айылдык дарыгер түшүндүрүп берген.

«Алгачкы жолу анча деле олуттуу нерсе эмес го деп ойлогом, тез эле өтүп кеткен. Бирок бир айдан кийин дагы кайталанганда жакында өлөм го деп ойлой баштагам. Апам жок болчу, атам жана эки эркек бир туугандарым менен өскөм, кеңеше турган адам болгон эмес», — деди ал.

Айтымында, ал дарыгер менен сүйлөшкөндөн кийин гана кебез менен жука кездеме колдоно баштаган — мындай колго жасалган көөктөрдү ал 2005-жылга чейин пайдаланган.

Айыз темасы «жөн гана жок»

Тарыхчы Людмила Решетова Борбордук Азияда аялдар гигиенасы темасынын жашыруун же тыюу салынган эместигин — а жөн гана анын таптакыр жок экенин айтат.

Анын билдирүүсү боюнча, айыл ак сакалдары эгер кан кетсе, демек кызды күйөөгө берүүгө боло тургандыгын гана белгилешип, ал теманын талкууланышына көңүл бурбоону туура көрүшкөн.

«Анын баары биздин менталитетке байланыштуу, кыздарга ал өтө катаал. Ал эмес аялдардын организминин бул биологиялык өзгөчөлүгү да булганыч бир нерсе катары кабыл алынат. Негизи эле токтоолук менен уялчаактык жыныстык органдардын гигиенасы жөнүндө кеп болгондо көрүнөт», — дейт Решетова.

«МЕН АЯЛЫМДЫКЫНА ӨЗГӨЧӨ ДЕЛЕ КЫЗЫКПАЙМ. БАРБЫ, БОЛДУ»

«Репродуктивдүү саламаттык альянсынын» башчысы Галина Чиркина он жылдан бери сексуалдык билим берүү жана саламаттык тармагында агартуучулук менен алектенет. Анын айтымында, айыз темасын талкуулоо көйгөйү уялууда эмес, а билбегендикте.

«Айрым ата-энелер ал жөнүндө өз баласы менен кантип сөз башташты билишпейт. Биз жыныстык жетилүү мезгили сыяктуу маанилүү жана интимдүү нерсе жөнүндө сүйлөшүп жатабыз, а бизде болсо ал учурда эмне кылуу керектигин мындай коёлу, “айыз” деген сөздүн өзүн айтканда уялгандан кызарып кетишет», — дейт Чиркина.

Гинеколог дарыгер Патимат Исакова мектептен алыс эмес жайгашкан медицина пунктунда иштейт, ошондуктан чоң класстын кыздарына кеңеш берүү үчүн аларды көп кабыл алат, андан сырткары орто мектептин кыздары үчүн лекцияларды окуйт.

Ал мурдагыга караганда азыркы учурда кыздар сексуалдык саламаттык темасында кыйла билимдүүрөөк экенин айтат — анын билдиришинче, көбүнчө алар андай билимдерге интернеттен алган маалыматтардын аркасы менен жетишет.

«Бул жеке кыздарга гана эмес, а балдарга да тиешелүү — алар дагы кыздарга кандай кыйын экенин түшүнүүлөрү керек. Алар менен да түшүндүрүү маектери өткөрүлүшү зарыл. […] Айрымдары азыр айыз эмне экенин билишет, а башкалары билишпейт. Азыр жакшы, интернет бар, бирок чынын айтканда көбү ал жакан ар нерселерди окуп алышат да кайсыл бир интоксикациядан дарылануу үчүн келген бейтаптар болот — анан аларга интернеттен дайыма эле туура нерселерди табууга боло бербестигин түшүндүрүүгө туура келет», — дейт Исакова.

«Кереги жок маалымат»

Мен тарабынан сурамжыланган эркектердин көбү аялдардын айызы темасын «керексиз» же «жагымсыз» деп эсептешкендиктен, ал жөнүндө сүйлөшүүдөн баш тартышты.

«Мен аны негизинен эркектер сөзсүз билиши керек болбогон нерселердин бири деп эсептейм», — дейт 38 жаштагы Александр.

28 жаштагы Пётр кыздар айыз маалында өздөрүн кантип кароо керектигин билгени маанилүү деп эсептейт — анын пикиринде, аларга андай билимди алгачкы айыз башталганга чейин берүү керек. Бирок ал адатта бул тема мектепте өспүрүм балдар арасында терс реакцияны жарата тургандыгын айтат.

«Балдардын көбү ал маалыматты керексиз деп эсептешет. Алардын кыйла көп бөлүгү үчүн бул темада сүйлөшүү жагымсыз болуп, жийиркенич жараткан сыяктуу көрүнөт. Ошондуктан бул теманы балдар менен мектеп программасында окутуу жөнүндөгү пикирлер терс», — дейт ал.

Эки кыздын атасы, 36 жаштагы Тимур бул темага кызыкпай турганын, анткени ал тийилбеген бойдон калышы керектигин айтат.

«Антпесе мен ата эмес, а гинеколог-досу болуп калам да, а ал өтө жагымсыз. Ал эмес мен алар менен (кыздар) кимдир бирөө жыныстык катнашка бара тургандыгы жөнүндө да ойлогум келбейт. Мен мектепте да аны кыздардын гана иши деп ойлочумун. Ал эмес аялымдыкына деле өзгөчө кызыкпайм, барбы, болду», — дейт ал.

20 жаштагы Асан тескерисинче, эркектер аялдар гигиенасы маселесин билиши керек деп эсептейт.

«Мен бир жолу балдар менен кыздар үчүн өткөрүлгөн семинарда болгом. Анда кызыктуу болгон. Бул жакшы тажрыйба. Бул «А эгер мен кыздуу болуп калсамчы?» деген маселелерден. Келечек үчүн аны билүү керек. Ал абдан маанилүү», — дейт ал.

Башкы сүрөт: Vyacheslav Oseledko/Asian Development Bank/Flickr