Салттуу кыргыз кийимдерин кийген жана паранжачан кыз-келиндердин сүрөтү тартылып, алдына «Кайран элим, кайда баратабыз?» деп жазылган баннерлер социалдык түйүндөрдө гана кызуу талкуу жаратпастан, #кайдабаратабыз #тудабаратабыз деген хэштег менен тамашалуу билдирүүлөрдүн жарыяланышына да себеп болду.

«Фэйсбуктун» кыргыз сегментинин колдонуучулары 27-июлда #кайдабаратабыз #тудабаратабыз деген хэштег менен флешмоб башташты. Алар «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген ураан менен мурдагы жана азыркы кыргыздардын жашоо образдарын көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялап жатышат.

«Фэйсбукта» флешмоб дизайнер Кадыр Батырканов #кайдабаратабыз #тудабаратабыз деген хэштег менен билдирүү жарыялап, эми «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген сөздөрдү бардык нерселерге чакырык катары колдонсо болору жөнүндө жазгандан кийин популярдуу болуп калган.

Акция Кыргызстандын бардык аймактарына салттуу кыргыз кийимдерин кийген жана паранжачан кыз-келиндердин сүрөтү менен «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген жазуулар жазылган жарнактар илингенден кийин башталды.

Ал баннерлер кыргызстандыктардын арасында ар түрдүү реакцияларды жараткан. Жарнактардын каршылаштары аларды чагымчыл деп аташып, жулуп, өрттөөгө аракет кылышкан.

Ал баннерлерге жооп катары шаарда авторлору кыргыз кийимдерин кийген, чолок шымчан жана кыска юбкачан кыз-келиндердин сүрөтүн түшүрүшүп, ошол эле «Кайдан элим, кайда баратабыз?» деген сөздөрдү жазышкан жарнак тактасы пайда болгон.

Башкы сүрөт катары Кадыр Батыркановдун сүрөтү пайдаланылды