Июль айында Кыргызстанда жамгыр көп жаап, өлкөнүн аймактарындагы сел, суу ташкыны жана жер көчкүсү сыяктуу табият кырсыктарына себеп болду. Гидрометборбордун адиси жаан-чачын көлөмү нормадан эки жарым эсеге ашканын билдирди.

ӨКМдин алдындагы Гидрометерология агенттигинен билдиришкендей, июлдун акыркы бир нече күнүндө 241 миллиметр жаан-чачын түшкөн. Нөшөрлөгөн жаан менен катуу шамал Баткен облусунда селдин жүрүшүнө себеп болгон.

Кыргызгидрометборбордун Метеобожомол бөлүмүнүн адиси Уулкан Сүйөркулова Kloop.kgге курган маегинде 2016-жылдын июлунда түшкөн жаан-чачын көлөмү нормадан эки жарым эсеге ашканын билдирди.

Сүйөркулова мындай аба ырайынын себеби катары батыш басымын атады — температурасы жана нымдуулугу боюнча кескин айырмаланган батыштан келген аба массалары катуу шамалдардын себеби болуп калышат.

«[…] Бир жыл экинчи жылга окшош болбойт — бир жылы жаан көп болуп, экинчи жылы аз болушу мүмкүн. Бул биз божомол гана жасай ала турган жаратылыштагы нормалдуу көрүнүш. Бирок ал көбүнчө селдин жүрүшүнө таасир этет — биз аларды да божомолдоп, селдер тууралуу кабарлап турганбыз», — деди ал.

Андан сырткары Кыргызгидрометтин адиси августтун башында жаан-чачындын улана турганын, бирок ал абанын температурасын төмөндөтпөстүгүн кошумчалады.

«Абанын температурасы +20 градустан төмөндөбөйт. Августтун биринчи аптасында жаан-чачын жаабайт. Бирок бул так божомол эмес, анткени аба ырайы өзгөрүп кетиши мүмкүн», — деди Сүйөркулова.

Эколог Эмил Шүкүров Kloop.kgге курган маегинде жаан-чачындын көбөйүшү — убакыттын белгилүү бир аралыгында болчу «кадимки кубулуш» экенин айтты.

«Муну кандайдыр бир күтүүсүздүк же нормадан четтөө деп ойлобоо керек. Мындай көрүнүш 50-жылдардын экинчи жарымында байкалган, анда да жамгыр көп жааган. Менин оюмча, бул Күндүн активдүүлүгү менен байланышкан циклдик процесстин өзгөчөлүктөрүнүн бири. Ал эми акыркы убактардагы өзгөчө катуу жаан-чачындарды жакынкы күндөрү болгон Күндүн толкуусу менен байланыштырууга болот. А бизге белгилүү болгондой, Күн таажысынын абалынын өзгөрүүсү планетадагы аба ырайынын өгөрүүсүн шарттайт», — деди ал.

Жаан-чачын көлөмүнүн нормадан ашык болушу ушул жылдын майында да байкалган. Анда 194 миллиметр жаан-чачын түшкөнү белгиленип, аба ырайы айрым облустардагы сел жана жер көчкүлөрүнө себеп болгон.