Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө туристтердин коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды. Мамлекет башчысы мындай тапшырмасын акыркы убактарда болгон эс алуучулардын катышуусундагы жаңжалдар менен жол кырсыктарынын фонунда берди.  

Атамбаевдин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев менен жолугушуусу 5-августта болду. Президент Акибаевге Кыргызстанга келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды.

Атамбаевдин айтуусу боюнча, коопсуздуктун сакталышы 2016-жылдын сентябрында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын жана конокторун “татыктуу” кабыл алуу үчүн зарыл. Президенттин мындай тапшырмасын акыркы айларда болуп өткөн эс алуучулардын катышуусундагы жаңжалдардын фонунда берүүдө.

Туристтик сезон башталгандан бери ЖМКларда талап-тоноого, жол кырсыгына жана жергиликтүү жашоочулар менен болгон пикир келишпестиктерге кабылган орус эс алуучуларынын окуясы кенен жарыяланууда.

Июлдун башында орус жарандары Дмитрий жана Ирина Ребровдор Токмоктун жолунан тонолгон. Алардын унаасын милиция кызматкери деп тааныштырган формачан кишилер токтотушкан. Алар менен маектешкенден кийин үй-бүлө өкүлдөрү 1000 доллардай акча каражаты жоголгонун байкашкан.

Эки жумадан кийин көлдүн түштүк жээгинде Жети-Өгүз районунун авто жолдорунун биринде эки автоунаа кагылышкан. Унаалардын биринде өзүнүн туулган күнүн өткөрүү үчүн Кыргызстанга келген эс алуучу Александр Панов үй-бүлөсү менен, ал эми экинчи унаада кыргызстандык Алтынбек Садыков үй-бүлөсү менен эле. Пановдун авто унаасы толугу менен заянга учурап, аны калыбына келтирүү жети миң долларга бааланган.

Андан сырткары Орусиядан келген башка эс алуучулардын увтоунаасынын арткы айнегин жергиликтүү жашоочулар жарып салышкан. Чолпон-Атанын унаа токтотуучу жайларынын биринде чет өлкөлүктөр ашыкча акча төлөөдөн баш тарткан үчүн жүрүп  бараткан унаага таш ыргытышкан.

Маданият министрлигинин туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Kloop.kgге берген маегинде өткөн жылы чет элдик эс алуучулардын катышуусунда 150 жаңжал болгонун билдирди.  

Анын айтымында, департамент мындай окуялардын алдын алуу үчүн жана бардык жаңжалдарга “ыкчам” чара колдонуу үчүн “жергиликтүү жашоочулар менен профилактикалык иштерди” жүргүзөт.  

“Биз түшүндүрүү иштерин милиция менен биргеликте жүргүзөбүз. Бирок андай түшүндүрүү иштерине  катышпаган катмарлар бар. Адамдардын катышпаганынын айынан буга окшогон жаңжалдар жүз берүүдө” - дейт ал.

Жылына Кыргызстанга ар кандай өлкөлөрдөн миллиондон ашык эс алуучулар келет. Туризм департаментинин маалыматына ылайык, чет элдик туристтердин көпчүлүгү Казакстандын жана Орусиянын жарандары. Туристтердин жалпы санынын 80 пайызын казакстандыктар түзсө, орусиялыктар 14 пайыздын тегерегинде.  

Авторлор: Марат Абдыкалыков, Ксения Иванова