Кыргызстан Орусияга курула элек ГЭСтин акчасын төлөп берүүгө даяр

Улуттук энергохолдинг Кыргызстандын Орусияга Жогорку Нарын каскадынын жана Камбар-Ата ГЭСнин курулушуна жумшаган каражатты төлөп берээрин айтты. Өлкөлөр ортосундагы макулдашуу 9-августта расмий түрдө токтогон.

Кыргызстан менен Орусиянын ГЭСти куруу жөнүндөгү келишими 9-августта токтогонун Улуттук энергохолдинг билдирген.

Келишим боюнча Орусия Кыргызстандын аймагындагы Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата ГЭСин куруп бермек. Бирок курулуш иштеринин мөөнөтү узара бергендиктен кыргыз бийлиги келишимди бир тараптуу токтоткон.

Бекитилген пункттардын биринде, келишимди бир тараптуу жокко чыгарган тарап экинчи тараптын чыгымдарын төлөп бериши керек деп айтылган.

Кыргыз тарап «кыска мөөнөт аралыгында» боло турган эл аралык аудиттен кийин, Орусияга объектилердин курулушуна сарптаган чыгымдарды төлөп берүүгө даяр экенин Улуттук энергохолдинг билдиди.

«Эл аралык көз карандысыз аудит акыркы корутундуларын бышыктагандан кийин, кыргыз тарап Орусияга компенсация төлөп берүү милдетин аткарат», — делген энергохолдингдин сайтында.

Компаниянын маалыматына ылайык, учурда тараптар объектилерди өткөрүп берүү боюнча маселелерди жөнгө салышууда.

ГЭСтин курулушу

Кыргызстан менен Орусия 2012-жылы сентябрда «Камбар-Ата 1» жана Жогорку Нарын каскадынын курулушу жөнүндө эки келишимге кол коюшкан. ГЭС каскадын куруу долбоору «Русгидро» Орусия мамлекеттик корпорациясына, ал эми «Камбар-Ата 1» «Интер РАО ЕЭС» энергетикалык компаниясына берилген.

Нарын дарыясына курулуучу төрт гидроэлектростанция башында 400 миллион АКШ долларына бааланган, бирок 2014-жылы анын суммасы 700 миллион долларга жогорулаган.

«Камбар-Ата 1дин» курулушуна «Интер РАО» мекемесинин 2 миллиард доллар коротушу күтүлгөн. Бирок 2013-жылдын башында компания инвестициялык программанын кайра каралуусун демилгелеп, Кыргызстандагы ГЭСти куруудан баш тартууга аракет кылган.

2015-жылы июлда «Азаттык» «Камбар-Ата 1» инвесторду алмаштырууга муктаж экенин, анткени орус тарап кризистин айынан мындай жогорку баадагы курулушту ишке ашыра албайт деп жазган.

Болжолдуу ошол эле убакта кыргыз вице-премьер-министри Валерий Диль «Русгидронун» ГЭСтин Жогорку Нарын каскадынын «курулуш графигин үзгүлтүккө учуратканын» жана долбоордун «каржылоосун токтотконун» билдирип чыккан.

Андан төрт күндөн кийин ошол учурдагы «Русгидронун» башчысы Евгений Дод Атамбаев менен жолугушуп, 2016-жылдын аягына чейин каскаддагы эки объект курулаарына сөз берген.

Ага карабастан кийинчерек өзүнүн басма сөз жыйынында Алмазбек Атамбаев Орусиянын гидроэлектростанциялардын — «Камбар-Ата 1» менен Жогорку Нарын каскадын «экономикалык кризиске» байланыштуу курулушун токтоткондуктан, Кыргызстан өкмөттөр аралык келишимден чыгып, долбоорлорду аягына чыгарыш үчүн инвесторлорду издей баштаарын айткан.

ГЭСтин курулушу бир нече ирет талкуу суроосуна айланган — 2016-жылы февралда депутаттык комиссия Жогорку Нарын каскадынын объектилерин тургузууда тендердик документтерде көрсөтүлгөн 37 миллион доллар корошунан күмөн санашкан.

Тема боюнча: Kloop.kgнин иликтөөсү: Жогорку Нарын ГЭСтериндеги объектилерди курууда ким канча акча иштеп тапкан?

Комиссия курулган шаймандарды баалоо үчүн Нарынга барган. Бирок бул тууралуу эл өкүлдөрү азырынча маалымат бере элек.

Авторлор: Айжамал Идирис, Эльдияр Арыкбаев
Сүрөт Виталий Рагулиндин жеке блогунан алынды