Бишкекте Москвада каза болгондорду эскерүү акциясы болуп өттү. Гүл көтөргөн, шам жаккан адамдар Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында чогулушту.

Москванын Алтуфьев шоссесинде 27-августта өрт чыккан. Анда каза болгон 17 адамдын он төртү — кыргызстандыктар. 28-августта эртең менен 50дөн ашык адам Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында чогулушту.

Алар гүл, шам көтөрүп келишип каза болгондорго аза күтүштү. Айрымдары Кыргызстандын бийлигин күнөөлөштү.

Жарандардан тышкары эскерүүгө Өмүрбек Текебаев, президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов жана вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева катышышты.

Кудайбердиева чогулгандарды окуяны саясатташтырбоосун айтты.

«Бул чоң трагедия. Бардык маселелер чечилип жатат, каржы бөлүнгөн, президент бардык көрсөтмөлөрдү берген, бир аз убакыттан кийин Москвага учуп кетебиз», — деди ал.

Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов көп сүйлөгөн жок жана журналисттердин үч гана суроосуна жооп берди.

«Эң негизгиси — сөөктөрдү мекенине жеткирүү. Бул маселени Орусия Федерациясынын иликтөө органдарынын деңгээлинде чечүү керек (аза күтүү болорун же болбошун). А азыр негизгиси — сөөктөрдү мекенине жеткирип, аларды салт менен коюу», — деди ал.

Депутат Өмүрбек Текебаев көзүнө жаш алып, «бул шумдуктуу трагедияга» өкмөт күнөөлүү экенин билдирди.

«Бул трагедия түз эфирде болуп өттү десек болот. Биз кыргызстандыктар жөн гана карап турдук. Эч жардам кыла алган жокпуз. Мындан жоготуу кайгысы ого бетер оордойт. Ар бирибиз, өзгөчө эркектер өзүбүздү күнөөлүү сезип жатабыз. Бул трагедия баарыбызга тиешелүү, анткени ар бир үй-бүлөдө чет жакта иштегендер бар», — деди ал.

Анын айтымында, өкмөт кайгылуу окуядан жыйынтык чыгарып, Кыргызстандын башка өлкөдөгү жарандарынын коопсуздугуна көңүл бөлүшү керек.

«Бажы Биримдигине өткөнубүздүн негизги себеби жарандарыбыз иштеп жүргөн өлкөлөрүндө мыйзамдын коргоосунун алдына жүрүүсун камсыздоо эле. Бирок, тилекке каршы, бул азырынча айтылган максаттарга жете элек. Менин оюмча, буга биз баардыгыбыз, өзгөчө өкмөт күнөөлүү», — деди ал.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери Бакыт Аманбаева, акцияга келгендердин көбүнүн «өздөрүнө пиар жасап», «аза күтүүнү саясий аренага айландырганына» ачуусу келди.

«Мен өз өлкөмдүн жөнөкөй жаранымын, менин да туугандарым Москвада. Эгер биздин мигранттарга, биздин мекендештерге жеңилдик болбосо, анда биз Бажы Биримдигине эмнеге кирдик?», — деди ал.

Акциянын катышуучусу Урмат Майрамбек уулу Kloop.kgге ал өзү Орусияда көп жыл мигрант болгондугун, окуя бардык кыргызстандыктарды кайгыртканын айтты.

«Ар бир экинчи үй-бүлөнүн мүчөсү Орусияда. […] Ошондуктан бул трагедия — жалпыбыздыкы, бардыгыбыз үчүн чоң жоготуу. Тизмени карасаңыз, ал жакта жалаң балдар экен, муну кабыл алуу өтө оор», — деди ал.

Пенсионер Гульсия Салимова Kloop.kgге башка өлкөдө анын туугандары жок экендигин, бирок окуя аны катуу кайгыртканын, ошол себептүү акцияга биринчилерден болуп келгенин баян кылды.

«Бул орду толгус жоготуу, биз курман болгон адамдарды эскерип, аларды унутпашыбыз керек. […] СССРдин убагындай жумуш болсо, адамдар эч жакка кетпейт эле, жумуш болмок, айлык болмок, дем алыш болмок. Азыр биздин жаштарга кыйын, ошондуктан кетип калып жатышат», — деди ал.

Саясат таануучу Эльмира Ногойбаева кайгылуу окуя — бардыгыбыздын жалпы көйгөйүбүз, акчанын жетишсиздиги жашы жете элек балдарды башка мамлекетке иштегенге кетирип жатат деп айтты.

«Биз кейип атабыз. Биз ох-ах деп атабыз. Бирок бул көйгөй чындыгында эле улуттук мааниде. Бүгүн экинчи күн өттү, аза күтүү жарыяланат деген болжол бар эле. Бирок бийлик тараптан каяктагы “дежур” сөз сүйлөөлөр, шылтоолордон башка эч кандай реакция жок», — деди ал.

«Жаңы муун» кыймылынын активисти Мавлян Аскарбеков бийликти Көчмөндөр оюнун токтотуп, кыргыз мигранттарын мекенине кайтаруу боюнча иш баштоолорун талап кылды.

«Кечээ кайгылуу окуя болду. 16 жаштагы 17 кыз тирүүлөй күйүп кетти. Бул биринчи жолку эмес. Буга чейинда биздин мигранттарыбыз, биздин жаштарыбыз сабалып, өлтүрүлүп, кулдукка кабылып келди. Бирок биздин бийлик жумушчу орундарын түзүп, жаштарды өлкөсүнө кайтаруунун ордуна, оюндар, мааракелер, параддар жана ырдоо менен элек», — деди ал.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, өкмөткө материалдык колдоо көрсөтүүсун буйруду.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 27-августта Алтуфьев шоссесиндеги өрттөн 14 кыргызстандык кыз-келин каза тапкандыгын билдирген. Өрттүн курмандыктары жалпы 17 болгон. Тилсиз жоонун чыгышына кампанын биринчи кабатындагы электр лампасынын жарактан чыкканы себепкер болгон.

Тема боюнча:

Видео: Азат Рузиев, Айжамал Идирис