Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн үстүнөн иштеген эксперттер карама-каршы пикирлерди пайда кылып жаткан документти толуктап чыгышты. Жарандык коом менен өзгөртүүлөрдү талкуулагандан кийин тексттин эмнеси өзгөрдү?
Президент Алмазбек Атамбаев жана парламенттик фракциялардын лидерлери 29-августта Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жаңы вариантын талкуулашты. Жаңы вариант сунуштарды эске алуу менен эксперттер тарабынан иштелип чыккан.
Тема боюнча: Парламент Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн Атамбаев жактырган вариантын алмакчы
Документтин жаңы варианты «АКИпресс» маалымат агенттиги тарабынан жарыяланган. Анда эмнелер өзгөрдү?
1-берене: «Жогорку баалуулуктар» тууралуу норма кириш бөлүмгө айланды
Баш мыйзамдын 1-беренеси өзгөртүүсүз калтырылды — аталган берене мурдагы вариантта «адеп-ахлак, үй-бүлө, балалык, эне, ата» түшүнүктөрү менен толукталган.
«Жогорку баалуулуктар» тууралуу берене бүдөмүк аныктамасы үчүн сындалган. Эми бул «баалуулуктар» нормативдик күчкө ээ эмес, бирок Баш мыйзамдын духун жана элдин идеологиясын чагылдырган кириш сөзгө айланды.
72-берене: Премьер-министр жана анын биринчи орун басарынын депутаттык мандаты сакталып калат
Мурдагы версияда жеке эле биринчи орун басардын эмес, премьер-министрдин бардык орун басарларынын мандаттары сакталып калыш керектиги сунушталган.
80-берене: Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келүүчү мыйзам долбоорлору өкмөттүн макулдугу менен кабыл алынат
Мурдагы редакция боюнча өкмөт мамлекеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө алып келүүчү мыйзам долбоорлоруна гана макулдук бере алары сунушталган.
85-берене: Парламент өкмөткө ишенбөөчүлүгүн мурдагыдай көпчулүк добуш менен билдирет
Өзгөртүүлөрдүн авторлору учурдагы аракеттеги өкмөткө ишенбөөчүлүк билдирүүдөгү депутаттардын керектүү санын өзгөртүүсүз калтырышты — эң кеминде, 60тан бир добуш ашуу керек. Буга чейинки версияда ишенбөөчүлүк добуштардын үчтөн бири менен билдирсе болот деп жазылган (эң аз дегенде 80 депутат).
86-берене: Премьер-министр парламенттин алдында өкмөткө ишеним көрсөтүү тууралуу жылына экиден ашык эмес маселе коёт
Өзгөртүүлөрдүн авторлору министрлер кабинетинин башчысы депутаттарга өкмөткө ишеним көрсөтүү тууралуу маселени жылына экиден ашык эмес коё аларын такташты. Азыркы Баш мыйзамда жылына бир гана жолу коё алат.
94-берене: Сот талапкерлерине тыңшоону алып салышты
Бирок Жогорку Соттогу, Баш мыйзам палатасындагы жана жергиликтүү сотторго «чектөөлөр» коюлары кошумчаланды. Кандай чектөөлөр экендиги азырынча белгисиз.
97-берене: Баш мыйзам палатасы Жогорку Кеңештин жана президенттин кийлигишүүсүсүз чечим кабыл ала алат
Баш мыйзам палатасы мыйзамдын конституциялык эмес экендиги тууралуу чечимдерди чыгарат. Ага тараптар өздөрүнүн каршы пикирлерин айтышы мүмкүн.
Мыйзамдын баш мыйзамга ылайык келбей тургандыгы конституциялык палатада жалпы соттордун добуштарынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
Мурдагы редакцияда мыйзамдын Баш мыйзамга каршы экендиги тууралуу конституциялык палатанын бүтүмү парламентке жана президентке жиберилчү.
Эгер президент менен парламент конституциялык палатанын бүтүмүнө макул эмес болсо, мыйзамдын негизги мыйзамга туура келбестиги тууралуу бүтүм соттордун курамынын төртөн үч бөлүгүнүн добушу менен кабыл алыныш керек.
Эгерде мыйзамдын Баш мыйзамга туура келбестиги айтылган сандагы соттордун добушуна ээ болбосо, анда алдын ала бүтүм күчүн жоготот.