Убактылуу өкмөттүн экс-министрлери Атамбаевден эл алдында кечирим суроосун талап кылды

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү кайрылуу жарыялап, анда президент Алмазбек Атамбаевден эл алдында кечирим суроосун талап кылышты. Өлкө башчысы өзүнүн мурдагы кесиптештерин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыкканы үчүн сындаган.

Бийлик алмашкандан кийин 2010-жылдан 2011-жылга чейин иштеген Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү өз кайрылуусунда экс-президент Роза Отунбаеванын «кадыр-барк жана ар намысын чечкиндүү түрдө коргой турганын» белгилешти.

Атамбаев Отунбаева менен мурдагы министрлерди Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө нааразы болгону үчүн майрамдык сөзүндө сындаган. Президенттин сөзүн угуп сахнада олтурган Отунбаева Атамбаевдин кебинен кийин салтанатты таштап басып кетти.

Президенттин Убактылуу өкмөттөгү мурдагы кесиптештери Атамбаевден эл алдында кечирим суроосун талап кылышты.

«Президент Атамбаев бир фактты четке кага албайт — Роза Исаковнанын эрки жана акылман жетекчилигисиз КСДП коалициялык көпчүлүккө кире албай жана Атамбаев өкмөт башчылыгы кызматын, андан соң президенттик орунду ээлей алмак эмес», — делет кайрылууда.

Кайрылууда жазылгандай, Атамбаевдин сөзү «уруксат берилген жана коомдук адептин бардык чектерин бузган». Экс-министрлер президенттин билдирүүсүн «эл алдындагы шылдың» деп аташып, ага «2010-2011-жылдардагы өткөөл убакта болгон окуяларга субъективдүү баа берүүдө» деп капаланган.   

«Биз жоопкерчиликтүү түрдө 2010-жылдын июнундагы Референдумду өткөрүүдө жана жогорку мамлекеттик кызматты кийирүүдө эч кандай "сыйкыр" болбогонун билдиребиз. Өткөөл убакта президент болгон эмес. Референдумга сунушталган Баш мыйзамдын тексти да, бардык суроолору да кеңири талкууланган», — делет кайрылууда.

Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн мародёрлукка, өз кызматтык абалдарын кыянат пайдалангандыкка жана сепаратисттерге шыкакчылыкка айыптаган. Ошону менен бирге эле президент ошол кездеги күч түзүмдөрү «бардык издерди тазалап койгондуктан» улам далили жок экенин айткан.

Ал белгилегендей, 2010-жылдагы референдумда Баш мыйзамдын жаңы вариантына эле эмес, өткөөл убакта президентти шайлаганына добуш берип жатканын «жарандардын көпчүлүк бөлүгү билген эмес».

Анын ою боюнча, өлкөнүн Баш мыйзамын 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин шашылыш түрдө кабыл алып коюшкан. Атамбаев ошол шашылыш кадамдан улам Кыргызстанда 2014-жылга чейин «башаламандык» — «бүтпөгөн митингдер, жол тосуулар, райондук жана облустук администрацияларды басып алуулар» болгон деп эсептейт.

Тема боюнча: