Маек: Унгар-Тоого барган журналист талаштуу аймактагы чыңалган абал боюнча айтып берди

Унгар-Тоо азыркы күнгө чейин Өзбекстандын көзөмөлүндө. Күбөлөр МИ-8 тик учагынын талаштуу аймакка конгонун айтышууда. Азыр эмнелер белгилүү, ал жерде кырдаал кандай — аталган аймакка барган журналист Жылдыз Бекбаева менен маек курдук.

Жылдыз Бекбаева — Унгар-Тоодогу абал тууралуу маалыматтарды чогултуп жүргөн эл аралык басылмада иштеген журналист. Ал чек арадагы талаштуу аймакка барып, Kloop.kgге курган маегинде кырдаал кандай экенин айтып берди.

Жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусу

Чыңалган абал сезилип турат. Жергиликтүү калк бир тараптан өз коопсуздугу үчүн тынчсызданса, а башка бир тараптан алар бийликтин аракетсиздигине өтө кыжырданып жатышат.

Тик учак менен адамдар 22-августта түшүрүлгөн, андан бери 10 күн өттү. Сүйлөшүүлөр жүрдү, бирок алардын натыйжасы болгон жок. Жергиликтүү калк парламенттен үмүттөнүп жатышкан, бирок парламент, көрүп турганыңардай, кечээ жумушту баштабай жатып, эс алууга тарап кетти.

Бүгүн ал жерде абал андан да начарлап кетти. Чыңалуу сакталып турат.

Жергиликтүүлөр күтүүгө ниеттери жок — мурдагы күнү Өзбекстандын аракетине каршылык иретинде өздөрү чек арага жакын жайгашкан өзбек айылдарына барган суунун жарымын жаап коюшту.

Кечээ алар 30-35 жаштардагы болжолдуу 200 адамдан турган ыктыярчылардын тобун чогултушту. Алар жакынкы күндөрдө, эгер бийлик бул маселени чечпесе, чоң масштабдагы митинг өткөрүп, тоону өзбек күч түзүмдөрүнөн бошотуу үчүн барышмакчы.

Унгар-Тоодогу күч түзүмдөрү

Мен станция жайгашкан мунарага чыктым. Бирок станциянын ичине биздин аскер кызматкерлери киргизбей коюшту — ал жерде бир эле Өзбекстандын күч түзүмдөрү эле турган жок.

Эмне үчүн күч түзүмдөрү деп айтып жатам?

Бир гана өзбек тарап милиционерлерди түшүргөнүн айтып жатат, а бирок чын-чынында алар кимди түшүргөнүн биз билбейбиз. Алар чек арачыларбы, атайын бөлүкпү, же болбосо ким? Биз билбейбиз. Мен аларды жөн эле Өзбекстандын күч түзүмдөрү деп атайм.

Алардын жетөө экенин айтып жатышат. Бирок биз алардын саны канча экенин да билбейбиз. Бизде так маалымат жок, анткени ал жерге дээрлик күндө же эки күндө бир тик учак учуп келүүдө.

Ал жерде алар эмне менен алектенүүдө — балким алар күчтөнүп жатышат, балким дагы аскерлерди алып келишет, балким курал-жарактарды алып келишти, биз билбейбиз. Кыргыз тарап эч нерсе билбейт, балким атайын кызматтарда маалыматтар бардыр, бирок бизде азырынча алардын ал жерде эмне кылып жатканы боюнча маалыматыбыз жок.

Мен кыргыз жана өзбек күч түзүмдөрүнүн ортосунда болжолдуу 100-150 метр аралык бар экенин билем.

Биздикилер да тоодо. Өзбек күчтөрү да тоодо, бирок радиорелейлик станциянын ичинде. А сыртында болсо биздикилер турат. Алар бирин-бири көрүп турушат.

14203127_1097482820330483_9153468121097110173_n__

Тик учактар жана Унгар-Тоонун стратегиялык мааниси

Акыркы жолу бүгүн эртең менен саат 6 менен 7нин ортосунда дагы эки тик учак келип конду. Алардан бирөө көбүнчө кайгуулда турса, экинчиси конот. Балким кимдир-бирөөнү алып же таштап кетет, биз билбейбиз. Алардын эмне алып келгенин да билбейбиз.

Эмне үчүн алар тик учак менен келип жатышат? Унгар-Тоонун көпчүлүк бөлүгү — бул биздин аймак, анын ичинде радиорелейлик станция жайгашкан дөңсөө да бар.

Өзбекстанга болгону кичинекей бөлүгү карайт. Анан ошол жерден жол транспорт менен келүүгө негизи болбойт, анткени ал жакта жол жок. Ошондуктан алар аймакка бир гана аба жолу менен келүүгө аргасыз.

Биз тараптан болсо, качан мен ошол жакка баратканда, дээрлик жол жок. Ар бир эле транспорт бара албайт.

Мен YouTubeга видео жүктөп койдум, андан эмне үчүн Өзбекстан бул аймакка талап коюп жатканын түшүнүүгө болот — анткени ал жерде региондун бүт бөлүгү алаканга салгандай көрүнүп турат.

14199369_1097482903663808_4207811170251118325_n__

Өзбекстандын жаңы талаптары

Өзбекстан жаңы талаптарды койду. Анын баары Орто-Токой суу сактагычы менен байланыштуу. Алар Өзбекстандан Орто-Токой суу сактагычына эркин коридор берүүнү талап кылышты. Анткени суу сактагыч биздин аймакта жайгашкан.

Экинчиден, электр энергияысын берүүнү жаңылоону талап кылышты. Эгер эстесеңер, ушул жылдын жазында, 18-22-мартта, ал жерде Орто-Токой суу сактагычынын айланасында чыңалган абал болгон эле. Анда биздин тарап алардын электр энергиясын өчүрүп койгон. Азырга чейин ал жердеги адамдар электр жарыгысыз жашап жатышат.

Талап кылышты деп айтканга болбойт, алар азыр суранып жатышат, анткени абал өтө татаал. Жергиликтүү бийликтин, тургундардын берген маалыматы боюнча, Орто-Токойдун ичинде азык-түлүккө байланышкан көйгөйлөр бар, ошондуктан алар коридор ачып, постторду алып салууну суранышкан.

Бирок биздикилер баш тартып жатышат. Алар айына бир жолу качан объектти коргогон милиционерлер нөөмөт алмаштырганда азык-түлүктү өткөрүүдө.

Биздикилер алардын Орто-Токой суу сактагычы боюнча талаптарын аткаруудан баш тартып жатышат. Анткени Өзбекстандын биринчи талабын биздикилер орундатышты, анан алар биздин жарандарды өткөрүп бериши керек болчу. Бирок алар муну орундатышкан жок, ошондуктан өздөрүнүн талабын карманып турушат.

Мен Кыргызстандын бийлигинин позициясын түшүнүп турам. Эгер биз азыр бул абалды колдон чыгарып, алардын талабына макул болсок, анда алар кайрадан жаңы талаптарды киргизе башташат. Анткени Өзбекстан пайдаланган биздин өтө көп объекттерибиз бар, алар эбак кайтарып бериши керек болчу.

Чыңалган абал эмнеден келип чыкты?

Мунун баары 13-августта биздин ЖМКлар, биздин бийлик бул боюнча үн катпай турган — 13-августта кыргыз милиционерлери өзбек милиционерин кармап алышкан. Бирок биз ал атайын кызматтан беле, же аскер беле билбейбиз. Бирок алар анын милиционер экенин айтып жатышат. Ал Орто-Токой суу сактагычына Кыргызстандын аймагынан баратканда кармалган.

Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан. Ал Кыргызстандын аймагында 13 километр ичкериде. Объекттерди алар бизге өткөрүп бериши керек болчу, бирок дагы деле өзбек тарап аларды пайдаланып келүүдө.

Суу сактагычты Өзбекстандын жарандары пайдаланат. Болжолдуу 30 үй бүлө бар. Ошол жерде объектти коргоп жүргөн өзбек милиционерлери бар.

Өзбек милиционери 13-августта келе жатканда Кыргызстандын аймагына кирип кармалган. Ал, албетте, каршылык көрсөткөн жана багынып берүүнү каалаган эмес, курал-жарак колдонгон. Аны кармап, Ала-Бука РИИБнин тергөө абагына камашкан.

Дароо сүйлөшүүлөр жүрүп, өзбек тарап өз милиционерин өткөрүп берүүсүн өтүнгөн, бирок биздикилер баш тартып, кылмыш ишин козгогон.

Чет өлкөлүк ЖМКларда кыргыз «Скорпиону» Өзбекстандын объектине, Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына, кол салганы жана курал колдонуп, бир милиционерди жарадар кылып, алып кеткени боюнча маалымат жазылган.

Тилекке каршы, ошол эле күнү биз өзүбүздүн күч түзүмдөрүбүздөн бул тууралуу комментарий берип коюшун өтүнгөнбүз. Мен жергиликтүү күч түзүмүнөн, жергиликтүү активисттерден ал жерде чындыгында эмне болгонун уктум. Бирок биздин булагыбыз жок болчу. Жыйынтыгында биз булак таап, чын-чынында андай болбогонун жазып чыктык.

Өзбекстан ар дайым маалыматты өзүнүн ракурсуна карата берет, бул түшүнүктүү нерсе. Бул 17-18-августта болгон, биздикилер унчугушпай, эч кандай маалымат беришкен эмес. А Өзбекстан маалымат жагынан бизден озуп кетти.

Сүйлөшүүлөр жүрдү, бирок өзбек милиционерин биздикилер өткөрүп берүүнү каалашкан жок. Натыйжада Өзбекстан өз күч түзүмдөрүн Унгар-Тоого чыгарып, ал жерден релейлик станцияда иштеген биздин төрт жаранды кармап алып, өз милиционерин кайтарып берүүнүн талап кылды.

Тема боюнча:

Сүрөт менен видеонун автору Жылдыз Бекбаева