«Жаңы толкун» ыр сынагы: Кыргыз ырчысы биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча экинчи орунда

«Жаңы толкунга» барган кыргызстандык Нурсултан Азыкбаев поп-ырчылардын чыгармалары менен сахнага чыкты. «Тасма күнүндө» ал «Леон» киносунда колдонулган Стингдин «Shape of My Heart» чыгармасын аткарды.

Азыкбаев «Жаңы толкун» сахнасына 4-сентябрда чыкты. Бул күнү сынактын катышуучулары калыстардын алдында тасмага саундтрек катары пайдаланылган чыгарманы аткарышы керек болчу.

Кыргызстандык ырчы француз криминалдык драмасы «Леондо» пайдаланылган Стингдин «Shape of My Heart» ырын тандаган. Чыгарманы аткаргандан кийин Азыкбаев 16 конкурсанттын ичинен 142 упай менен экинчи орунду алды.

Биринчи орунда Украинадан келген Галина Безрук турат. Ал америкалык ырчы Арета Франклиндин «Think» аттуу ырын аткарып 143 упай топтогон.

«Жаңы толкун» — поп-ырчылардын эл аралык сынагы. 2014-жылга чейин сынак Юрмалада өткөрүлүп келген болсо, 2015-жылдан бери Сочи шаары сынак үчүн тандалып алынган.