УКМК Байсаловдун айыптоосун «оорулуу кыял» деп атады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Эдиль Байсаловдун оппозициядагы саясатчыларды иликтөөгө алгандыгын сындаганына дароо өз жообун кайтарды.

Байсаловдун сын-пикирине жооп берип жатып, УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов анын (Байсалов) «бай, бирок оорулуу кыялы» бар экенин  Kloop.kgге билдирди.

«Фергана» басылмасы Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаевага жана Байсаловго карата «компромат издеп жаткан» УКМК жөнүндө маалымат тараткандан соң, ал 19-сентябрь күнү эрте менен шашылыш пресс-конференция уюштурган.

Байсалов, Отунбаевадай эле, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесинде президент Алмазбек Атамбаевге сын көз карашын билдирген.

«Байсаловдун «бай, бирок оорулуу кыялы» бар экенин расмий түрдө айтып жатабыз. Эгер ал Убактылуу өкмөт учурунда жасаган «кылыктарынын» ачыкка чыгып калуусунан корксо, кооптонуп чукул пресс-конференция уюштурбай, өз ыктыяры менен келип, күнөөсүн мойнуна алсын. Биз ага эскертебиз, өз ыктыяры менен күнөөсүн мойнуна алса, бул анын жазасын жеңилдетет», — деди УКМКнын кызматкери Сулайманов.  

Атайын кызматтын өкүлү Байсалов алардын мекемеси үчүн «кызыкчылык жаратпай» жаткандыгын да кошумчалай кетти.

«УКМК өзүнүн түз милдеттерин аткарып жатат, биздин мекеме Эдиль Байсаловдун догурунган билдирүүлөрү менен алектенип отурууга убактысы жок», — деди ал.

«Ферганадагы» макала

Бирок, Сулайманов «Фергана» сайтында жарыяланган маалымат боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунан 2010-жылдагы улуттар аралык чыр-чатакка Отунбаеванын түздөн-түз тиешеси бар деп видеокайрылуу жазгыла деп кайрылганын 19-сентябрда «Фергана» басылмасы жазып чыккан болчу.  

«Кыргыздар өзбек коомунан Роза Отунбаева жана 2010-жылдагы анын аппарат башчысы болуп турган Эдиль Байсаловго каршы компромат менен чыгуусун сурашкан», — деп жазат «Фергана».

Бирок, «Фергананын» маалымат булактары көрсөтүлгөн эмес. Өзбек активисттери кыргыздардын сунушун кабыл алдыбы-жокпу белгисиз.   

Конституция жөнүндөгү талаш

Эдиль Байсалов макала чыккандан 9 сааттан соң, пресс-конференция берип, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылып, «Фергананын» жазгандары боюнча көз карандысыз парламенттик комиссия түзүп, ачык иликтөөгө алуу керектигин айтып чыккан.

«Мен мамлекеттик жана укук коргоо органдарына ишенбейм. Учурда абактар саясий туткундарга толуп турган убак. Мындай көрүнүш биринчи президенттин учурунда да, экинчи президенттин тушунда да болгон эмес», — деди ал.   

Байсалов УКМКнын Отунбаевага жана ага карата «компромат издеп жаткандыгы» тууралуу «Фергананын» жазганын «аёосуз» деп атады. Саясатчынын айтуусуна караганда, акыркы апта аралыгында анын кармалышы мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар айтыла баштаган.  

Атамбаев менен оппозициялык саясатчылардын ортосундагы каршылашуу 2016-жылдын жай мезгилинен баштап, президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш киргизгенден кийин курчуй баштаган.

Роза Отунбаева жана «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон оппозиция, президент тарабынан демилгеленип жаткан өзгөртүү парламентти көзөмөлдөн чыгарып, сот бийлигинин ыйгарым укуктарын чектеп, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын болуп көрбөгөндөй күчтөнтөт деп айтууда.

Атамбаев жана анын тарапташтары, тескерисинче, жаңы конституция бийликти «узурпация кылуудан» сактайт деп айтууда.