Укук коргоочу Рита Карасартова парламент комитетинин «Референдум жөнүндөгү» мыйзам долбоорун жактырганын четке кагуу боюнча райондор аралык сотунун арызды кабыл албай койгонун «абсурд» деп атады. Документ Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча элдик добуш берүүнүн датасын аныктайт.
Райондор аралык сот 3-октябрь күнү укук коргоочу Рита Карасартованын депутаттардын референдум боюнча чыгарган чечимине каршы жазган арызын кабыл алуудан баш тартты.
Карасартова Kloop.kgге билдиргендей, парламент комитетинин чечими нормативдик-укуктук акт катары эсептелбегендиктен, сот аны карай албасын айткан.
«Чечим бийлик-укуктук ыйгарым укуктарга кирбейт, ошондуктан райондор аралык сотунда каралууга болбойт деп билдиришти. Алар сунуш мүнөзүндө берилип жатат деп жазышкан», — деди ал.
Андан сырткары, анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыздарды даярдап жатканын да кошумчалады. Анын пикиринде, соттор бийликке каршы чечим чыгаруудан коркушат, себеби президент аларды кызматтан алып коюуга укугу бар.
«Мен абдан ишенгем, биз жок дегенде арызды карап коюшаар деп үмүт кылганбыз, бирок бул "абсурд"», — деди ал.
«Заноза» маалымат агенттиги сот Нурия Бекбаеванын чечимин жарыялады, анда сот бул арызды карай албайт, анткени парламенттик комитеттин чечими «сунуштама мүнөздө» берилип жатат деп айтылат.
«Сот арызды карабайбыз деп чечим чыгарды, анткени талашка түшүп жаткан комитеттин чечими сунуштама мүнөздө берилип жатат жана Жогорку Кеңешке эч кандай милдеттеме жүктөбөйт», — деп жазылат катта.
Алар аныктама боюнча он күндүн ичинде Бишкек сотуна даттануу менен кайрылмакчы.
Карасартова 29-сентябрда референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору боюнча депутаттардын чечимин жараксыз деп табылсын деген арыз менен райондор аралык сотко кайрылган эле.
Ал жыйынга катышканын жана мыйзам долбоору мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын өз көзү менен көргөнүн айткан — депутаттар керектүү экспертизаларды өткөргөн эмес.
Регламенттин бузулушу тууралуу «Бир бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова да айткан. Анын пикиринде, мыйзам долбоору Конституциялык палатанын корутундусусуз кабыл алынган, бул регламенттин эрежелерине туура келбейт.
Өзгөртүүлөрдү парламент депутаттары демилгелеп чыгышкан, ал эми президент аны жактырган.
Өзгөртүүлөрдү колдогондордун пикиринде, Баш мыйзамга өзгөртүүлөр бийликти узурпациялап алуудан сактайт, премьер-министрдин ыйгарым укуктарынын көбөйүүсү өкмөттү бекемдейт, ал эми улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарынан баш тартуу мамлекеттин көз карандысыздыгына оң таасирин тийгизет.
Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүүгө экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу Өкмөттүн мурдагы мүчөлөру, «Ата Мекен» жана «Бир бол» фракцияларынын айрым депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү каршы чыгышкан.
Алар улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарынан баш тартуу өлкөдө демократиянын жоголушуна алып келет, ал эми премьер-министрдин ыйгарым укуктарынын көбөйүүсү аткаруучу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын ортосунданы тең салмактуулукту жоготот деп айтышууда.
Мыйзам долбоору көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга карабай, парламенттин биринчи окуусунда жактырылган.