Парламент жашы жете электер менен нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү мыйзамга акыркы үчүнчү окууда добуш беришти.
Документти 60 депутат колдоду, 48и каршы болушту. Эми мыйзам долбоору президентке кол коюуга жөнөтүлөт.
Мыйзам долбоору жашы жете электерге нике кыйган молдолорду жана ата-энелерди кылмыш жоопкерчилигине тартат.
Жашы 18ге толо элек кызга үйлөнгөн жигит, анын ата-энеси, күйөөгө тийип жаткан кыз, нике кыйган молдо 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Мыйзам долбооруна ылайык, түгөйлөр алгач ЗАГСта катталып, андан кийин гана нике кыюуга болот.
Аталган мыйзам долбоорун кабыл алып жатканда, парламент өкүлдөрүнүн арасында талаш-тартыш көп болду. Бир катар депутаттар мыйзам долбоору кабыл алынса да, иштебейт деген пикирлерин билдирип, күн тартибинен алып салууга аракет кылышкан.
«Бир бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров билдиргендей, бул мыйзам долбоору үй-бүлөлүк жана улуттук каада-салтты жок кылууга алып келет.
«Эгер биз диний салттарыбызды өткөрүүгө тыюу салсак, анда бизде кандай баалуулуктар калат? Келгиле, анда баарыбыз Орусияга барып жашайлы», — деди ал.
«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Нургазы Нишанов болсо, кылмыш жоопкерчилигине молдолорду гана эмес, башка дин өкүлдөрүн да тартуу керек деген пикирин билдирген.
Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев, мыйзамсыз кыйылган никени кантип далилдейбиз деп кызыкты. Ал нике кыйылган соң, молдо да кандайдыр документ берсин деген сунушун киргизди.
«Нике кыйылганын тергөө органдары кантип далилдей алмак эле?» — деп сурады ал.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова, никеге катышкан күбөлөрдү суракка алуу мүмкүндүгүн айтты.
Бекешев болсо, демилгеге каршы эмес экенин билдирип, күбөлөр да, кылмышка шектүүлөр да өзүнө каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартышы мүмкүн деп эскертти.
Салянова мыйзам долбоорун иштеп чыгууда, муфтият да активдүү катышканын айтты. Муфтият нике кантип кыйылуусу керектиги тууралуу фетва жарыялайт деди.
«Анын үстүнө, аларда нике кыйгандарды тизмектей турган атайын китепчеси же журналы болушу зарыл», — деди Салянова.
Айрым депутаттар, дин өкүлү жана ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек деген да пикирлерин айтышты.
«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко, реабилитациялык жана киризистик борборлор зордуктап турмушка узаткан кыздарга толо экендигин белгилеп өттү.
«Чындыктын көзүнө карайлы. Улуттук салтты жамынбай эле коёлу. Биздин мыйзамыбызда 18 жашка чейин бала бойдон калат деп жазылып турат, турмуш курууга мажбурлоо бул — педофилия болуп эсептелет. Мен ушул залда отурган ар бир эркектен өзүңөрдүн кызыңар жөнүндө ойлонгула деп айтаар элем. Эгер силер кызыңарды эрте турмуш куруудан сактап кала албасаңар, анда карапайым элибиз кандай кылат», — деди Никитенко.
Парламент буга чейин экинчи окууда мыйзам долбоорун кароодон баш тарткан. Бул айрым активисттердин кыжырын кайнаткан — блоггер Данияр Айтман депутаттарды «педофилдер» деп атап, кризистик борборлордун өкүлдөрү 30-май күнү Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан.
Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо мыйзам долбоору чийки экенин белгилеп, анын кайра иштеп чыгуу керектигин айтышкан. Себеби, Кылмыш Кодексинде жашы жете электер менен турмуш кургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп эчак эле жазылган.