Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы, мекемеге мүмкүн болуучу терактылар тууралуу билдирүү берилбегендигин билдирди. Бийлик шериктештерин потенциалдуу коркунуч тууралуу маалымат берүүнү суранып жатат. Мындан мурун АКШ элчилиги, ушул жылдын октябрь айында Кыргызстанда терактылар болуу коркунучу бар экендигин кабарлаган.
Пресса үчүн берилген маалыматында УКМК, АКШ элчилигинин жана ЖМКларга чыккан билдирүүгө чейин мүмкүн болуучу террористик актылар тууралуу маалымат ведомстводо болбогонун айткан.
Комитеттин пресс-релизинде «УКМК, анын шериктештеринде мүмкүн болуучу коркунучту алдын алууга көмөктөшкөн кандай болбосун маалыматы бар болсо, ыраазы болот» деп жазылган.
Улуу британиянын элчилиги дагы АКШ элчилиги сымал, Кыргызстанда жүргөн жарандарына, октябрь айында мүмкүн болуучу терактылар тууралуу эскерткен.
«Британия жарандарына карата кандайдыр бир коркунуч тууралуу эч кандай конкреттүү маалымат жок болсо дагы, коомдук жайларда сак болуп, киши көп топтошкон жерлерден оолак болууну сунуштайбыз», — деп элчиликтин билдирүүсүндө жазылган.
Элчилик республиканын түштүгүндө жүргөн британиялыктарды этият болууга чакырып, террористик коркунуч учурунда, Кыргызстандын башка мамлекеттер менен чектешүүчү чек аралары жабык болушу мүмкүн экендигин эске салды.
Элчилик 30-августтагы кытай дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдындагы терактка жана 4-августтагы тажик-кытай чек арасындагы атышууга өзгөчө көңүл бөлгөн.
Ушундай эле билдирүүнү 8-октябрда өзүнүн сайтында АКШ элчилиги да жарыялаган.
Америкалык элчилик жарандарын Кыргызстандагы коомдук жайлардан оолак жүрүп, массалык каршылык акцияларына катышпоого чакырды.
«Элчилик саякатчыларга эл массалык чогулган жерлерге барбоого үндөдү. Ар дайым жергиликтүү бийликтин инструкциясын сактагыла, өзгөчө кырдаал учурунда дагы. Жергиликтүү ЖМКлардын иш чаралар жана окуялар тууралуу билдирмелерине көз салып тургула», — деп элчиликтин билдирмесинде жазылган.
Мындан мурун, 20-сентябрда УКМКнын сапёрлору, Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Ганди жана Биринчи май көчөлөрүнүн кесилишинде катылган жасалма жардыруучу каражаттарды таап зыянсыздандырган. Ичинде жардыруучу каражаттары бар шектүү кара баштыктар тууралуу УКМКга жергиликтүү тургундар маалымдашкан. Атайын кызматтын ыкчам чара көргөндүгүнөн улам курмандыктар болгон эмес.
Андан үч жума мурун, 30-августта кытай элчилигинин алдынан орун алган жардыруудан үч адам жабыркаган. Автоунааны айдаган белгисиз адам, Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп өтүп өзүн жардырган. Жардыруу учурунда жанкечти каза тапкан. Кыргызстандын атайын кызматкерлери бул окуяны теракт деп аташкан — өлкөдө алгачкы жолу чабуулду жанкечти ишке ашырган.
Коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, жардыруунун буйуртмачылары — уйгур сепратисттери, «Жабхат ан Нусра» террористик уюмунун мүчөлөрү. Теракты уюштурган деп шектелген беш адам УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.
Тема боюнча: Кыргызстандагы АКШ элчилиги октябрь айында мүмкүн болуучу терактылар тууралуу алдын ала эскертти