Төлөйкан Исмаилова: Көйгөйдү чечүүнүн ордуна биздин бийликтегилер жылмаюуну ченеп олтурушат

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Kloop.kgге ЕККУнун иш чарасына катышкандан кийин басым болуп жатканы тууралуу айтып берди. Аталган иш чарада Кадыржан Батыров да сөз сүйлөгөн болчу.

Кыргыстандык ишкер Кадыржан Батыровдун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жыл сайын уюштурулуп турган 20-сентябрдагы адамдык ченемдер боюнча Варшавадагы жолугушуусунда сөз сүйлөөсү, анын ичинде ошол жолугушууга катышкан укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын дарегине карата айтылган сөздөрү, кыргыз бийлигинин нааразычылыгын жаратты.

Бийликтин нааразычылыгын жараткан нерсе — Исмаилованын «жылмайып, күлүмсүрөп» Батыровдун «айткандары менен макул болгону».

Батыровдун сөзүнө бийликтин реакциясы

Исмаилованын айтымында, ага карата басым ЖМК жана парламет комитеттеринин айыптоо жана асылуулары аркылуу чагылган.

«Мунун баары [басым] ачык болду, биз баарыбыз көрдүк. Мамлекеттик телевидение жана радио жакшы иштегендиктен биз жабыркадык. Туугандарыбыз кабатырлана баштады», – деди Исмаилова.

Укук коргоочу эскерткендей, айыптоолордун себеби ЕККУнун жолугушуусундагы Батыров сөз сүйлөп жаткан учурда «жылмайып, ырастагандай баш ийкөөсү» болгон.

«Мен укук коргоочу катары түшүнбөй турам, [депутаттар] эмне жөнүндө кеп кылып жатышат. Мен жылмайышым мүмкүн, отургучка жатып алышым мүмкүн — бул менин жеке укуктарым. Менин кимдир бирөө менен отуруп, күлүп же жиндене башташым — бул дененин тили жана менин укугум», — деп эсептейт укук коргоочу.

Кыргызстандагы ЕККУ борборунун макамынын өзгөрүшү

Исмаилованын айтымында, Кыргызстандагы ЕККУ борборунун макамын өзгөртүүнү Батыровдун аталган иш чарага чыгып сөз сүйлөөсүнө чейин эле кыргыз бийлиги караштырып келген. Укук коргоочунун пикиринде, ЕККУ борборунун макамын өзгөртүүнүн анык себеби Кыргызстандын ЕАЭБга кирүүсү болушу мүмкүн.

«Кремль же башка бирөө менен иштебей, жоопкерчилик алып, өз шайлоочулары менен иштөө үчүн [бийликтин] саясий эрки жок», — деп эсептейт Исмаилова.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстандагы ЕККУ борборунун ишмердүүлүгү көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

«Мисалы, армияны реформалоого дагы ЕККУ жардам берүүдө. Же болбосо экологиялык, экономикалык коопсуздук, чыр-чатактарды чечүү, чек аралар — мунун баары ЕККУ тарабынан жасалууда», – деп эсептеп берди Исмаилова.

Мигранттардын укуктары

ЕККУнун жолугушуусунда Исмаилова аял мигранттардын укуктары боюнча доклады менен чыгып сөз сүйлөгөн. Анда укук коргоочу Москвадагы өрттө каза болгон 14 кыргызстандык кыз-келиндин маселесине токтолгон. Укук коргоочунун айтымында, парламент депутаттары айтылган сунуштарды эске алган эмес.

«Москвада тирүүлөй күйүп кеткен 14 кыз-келиндин тагдырын чечүүнүн ордуна алар жылмаюуну, күлүмсүрөөнү ченеп жатышат. [...] Бул болсо ушунчалык арамза саясат, азыркы бийликтин өтө алаксытуучу амалкөйлүгү — чечүү керек болгон системалык көйгөйлөрдөн алыстоо. Бийлик көйгөйлөрдөн качып, жаңжал кылбай, адам укуктарына, этникалык азчылыктын укуктарына, калктын аярлуу катмарынын укуктарына жооп бериши керек», — деп кыжырданды укук коргоочу.

***

Төлөйкан Исмаилова — «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун төрайымы. ЕККУнун жыл сайын өткөрүлүп турчу адамдык ченемдер (HDIM) боюнча 20-сентябрдагы жолугушуусунда аял мигранттардын укуктары боюнча доклад жасаган. Ошол эле иш чарадагы Батыровдун сөз сүйлөөсүнөн кийин укук коргоочу кыргыз бийлигинин сынына кабылган.

Депутаттар Руслан Казакбаев менен Максат Сабиров укук коргоо органдарын Батыровдун жанында отурган кыргызстандыктардын жүрүм-турумуна «баа берүүгө» чакырган. Кыргызстандын ИИМи 20-сентябрда Батыровдун жанында отурган «Кыргызстандын жарандарын» жоопкерчиликке тартуу боюнча «ыкчам иштерди» жүргүзгөн.

Кадыржан Батыров — Жалал-Абад облусунан чыккан ишкер жана Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомчулугунун лидерлеринин бири. Кыргызстандын бийлиги 2010-жылы аны кыргыз-өзбек араздашуусунун козуткандардардын бири деп атап, «куралдуу козголоңго» жана «улут аралык кастыкты козуткандыкка» айыптап, сырттан соттолгон.