Министр кытай жалдануучусунун «Лексусун» пайдаланганы үчүн кечирим сурады

Депутаттар транспорт министрин Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун салып жаткан кытай жалдануучусу «Чайна Роад» компаниясынын «Лексус LX570» жеңил унаасын пайдаланып жүргөнү үчүн сынга алышты.

КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров бюджет жана каржы боюнча комитеттин отурумунда транспорт министри Замирбек Айдаровго «менчик компаниянын автоунаасын пайдаланган министрди Кытайда атып салышмак» деди.

Айдаров өз жообунда мамлекетке эч кандай зыян келтирбегенин айтты - анын сөзү боюнча, ал «Чайна Роад энд Бридж Корпорэйшн» компаниясынын унаасында жүрүүгө мажбур болгон, анткени андан мурун өкмөт кыймылдаткычынын кубаты 2,7 куб метрден ашкан унааларды пайдаланууга чектөө киргизген.

«Министрликтин болгону эки автоунаасы бар. […] [Көлөмү 2,7 куб метрден ашпаган] мындай автоунааларда алыскы аймактарга кызмат сапары менен барыш кыйын», — деди министр.

КСДПнын башка депутаты Улан Примов аткаминерди принципиалдуулугун көрсөтүүгө жана бул маселеге кылдат кароого үндөдү.

«Бул жерде компаниядан көз карандылык шарты пайда болуп калып атат, же ал эртең тендерге катышып калса, ал үчүн шарт түзүлүп жатат деген пикир жаралышы мүмкүн», — деп кошумчалады Примов.

Зулпукаров Транспорт министрлигинен «Чайна Роад энд Бридж Корпорэйшн» компаниясы алган мамлекеттик тапшырыктар тууралуу бардык маалыматтарды суратып алды.

Транспорт министри кытай компаниясынын автоунаасын колдонгону үчүн кечирим сурады. Ал азыр жөнөкөй автоунаада жүргөнүн айтып, мындан ары бул көрүнүш кайталанбайт деген убада берди.

Коомчулукка бул окуя белгилүү болуп калганда, «Чайна Роад энд бридж Корпорэйшн» компаниясы Транспорт министрлигинен автоунааны кайтарып берүүнү талап кылган.

Мекеменин маалыматы боюнча, автоунаа кытай компаниясы менен мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаевдин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде пайдаланылып келген.

«Инвесторлор тынчтыкты жакшы көрүшөт. Алар автоунааны кайтарып алуунун себептерин түшүндүрүшкөн жок жана аны айтып да отурушпайт», — деди Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов.

«Чайна Роад энд бридж Корпорэйшн» компаниясынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Министр минип жүргөн автоунаанын фотосүрөтүн 6-октябрда министрликтин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Айнура Абдраева тартып алган. Сүрөт тартылып жатканда министрдин айдоочусу анын телефонун тартып алууга аракет кылып, сүрөттү өчүрүүнү талап кылган.

«Ачык бюджет» порталынын маалыматына ылайык, компания 2011-жылдын башынан тартып мамлекеттик бюджеттен 1,1 миллиард сомдон ашуун акча алган.

Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат автоунааны пайдалануудан мыйзам бузуу да, кылмыш да тапкан эмес.