Табып Зайналиев бейтап аялдын өлүмү үчүн жазаланышы мүмкүн

Бишкек милициясы Ашым Зайналиевдин клиникасы тергөөнүн аягына чейин жабылбай турганын билдирди. Бирок ал көкүрөк безин наркозу жок кесип салган бейтап аялдын өлүмү үчүн жазага тартылышы мүмкүн.

Бишкек ШИИБ Зайналиевдин клиникасы тергөөнүн аягына чейин жабылбай турганын билдирди. Имаратта азыр табыптын дарылоо ыкмаларын колдогон бир нече бейтап бар, алар мамлекеттик ооруканаларга которулгусу келген эмес.

«Ал мыйзамсыз дарылоо менен алектенип жатат, бирок бейтаптарынын айтымында, таасири бар сыяктуу, кээ бирлери айыгып кетип жатышыптыр. Биз ал жакта дарыланып жаткан бейтаптарды эске алып, тергөө учурунда аны жаппай коё туралы деп чечтик», – деди Kloop.kgге ШИИБнин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев.

Зайналиевге каршы мыйзамсыз дарылоо боюнча кылмыш иши козголду — Казабаевдин айтымында, табып Бишкек ШИИБге мезгил-мезгили менен суракка келип турат.

Табып ошондой эле наркозу жок көкүрөк безин кесип салгандан кийин каза тапкан аялдын өлүмү үчүн да күнөөлөнүүдө. Бирок анын туугандары арызын кайра алып кетишкендиктен кылмыш иши токтотулган.

Бишкек милициясынын өкүлү ал аялдын өлүмү боюнча иш эми буга чейин мыйзамсыз дарылоо боюнча ачылган ишке тиркеле турганын кошумчалады.

Юрист Эдил Эралиев ишке бейтап аялдын өлүмү тууралуу фактынын тиркелиши — табып бул үчүн жаза тартышы мүмкүн экенин билдирээрин Kloop.kgге түшүндүрдү.

«[Бул болсо, тергөөчүлөр] жазасы алда канча катуураак 97-беренени (киши өлтүрүү) же 104-беренени (адамдын ден соолугуна натыйжасы өлүмгө алып келген зыян келтирүү) колдонуп, табыпка карата камак түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап алышы мүмкүн дегенди билдирет», — деп түшүндүрдү Эралиев.

Лицензия сурап кайрылган

Зайналиев бүгүн басма сөз жыйынында медициналык кызмат көрсөтүш үчүн Саламаттык сактоо министрлигине бир нече ирет кайрылганын, бирок мекеме андан дайыма баш тартып келгенин билдирди.

«Лицензия алыш үчүн медициналык билим керек. Менде ал жок. […] Азыркы мыйзам мага лицензия алууга жол бербейт […] Лицензия – болгону бир кагаз. Алар [бейтаптар] болсо адам. Эмне жакшы: адамдын өмүрүбү же ошол кагазбы?» — деп сурады табып.

Зайналиев ошондой эле «өсмөнү дарылоонун уникалдуу ыкмасын ачканын» айтты.

«Биз "Өсмөнү кантип дарылаш керек?" деген суроого жооп таптык. Бул илимий ачылыш. […] Мен өзүм 20дан ашык дарыны иштеп чыккам. Мамлекеттен лицензия алыш үчүн клиникалык сыноо керек, аны өткөрүүгө менин өмүрүм жетпейт», — деди ал.

Мурда Зайналиев өз тажрыйбасында чөптөргө жана кайнатмаларга негизделген өз медициналык иштелмелерин колдоноорун айтып келген.

Бейтаптар «лицензиясы жок дарыгерди» колдоп жатышат

Басма сөз жыйынында табыптын колунан дарыланган бейтаптар Зайналиевди коргоп чыгышты. Алардын айтымында, адаттан тышкаркы дарылоо ыкмалары чындап эле өсмөнү дарылоого жарайт.

«Бул жерге Москвада да, Ленинградда да дарыланган адамдар келишти: алардан бардык жерде баш тартып коюшкан. Мына эми бул жакка келип жатышат. […] Анын клиникасы бар. Ал дарылайт жана ошол эле учурда хоспис сыяктуу», — деп айтып берди бейтап Рашида Бабажанова.

Башка бейтап Айкүмүш Исмаилова өсмөсүн Москвадан дарылаганын, бирок оорусу «кайтып келгенин» айтты.

«Бир күнү мен өзүмдү начар сезип, анализдерим да начар чыкты. Мен Хашимди гезиттеги жарыя аркылуу таптым […] Ал менин тамырым аркылуу эле дарыгерлер койгон дарт белгилеримди ырастап койду. Бир айча дарылангандан кийин ал мага жакшы ден соолукту көздөй кеңири жол ачып берди», — деди Исмаилова.

Клиника иштеп жатат

Саламаттык сактоо министрлиги 28-октябрда клиниканы жаап, бардык бейтаптарды Улуттук онкологиялык борборго которууга аракет кылды. Алар үчүн орундар жана тез жардам унаалары даярдалып коюлган, бирок бейтаптар ал жакка баруудан баш тартып, адаттан сырт дарылануусун уланта берүүнү чечишти.

Июлдун башында Зайналиевдин клиникасында ал көкүрөк безин анестезиясы жок кесип салган бейтап аял каза тапкан. Окуя болгон жерге жетип барган тез жардам бригадасынын дарыгерлеринин айтымында, бейтап аял алар келгиче эле өлүп калган. Каза тапкан аялдын туугандары табыпка дооматы жок болгондуктан кылмыш иши жабылган.

ЖМКлар табып жатын моюнчасынын өсмөсү менен ооруган бейтап аялдарды жатынына ийне сайып дарылаганын билдиришкен — анда колдонулган эритменин курамы белгисиз.

Саламаттык сактоо департаментинин өкүлү Тилек Жантайбеков палаталарды карап чыккан соң ийне менен сайыла турган дарыларда маркировка жок экенин, бул болсо мыйзам бузуу экенин айткан.

Авторлошу: Альмир Алмамбетов