Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча «Референдумду дайындоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Референдум 11-декабрда жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен кошо өтөт.
Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамга кол коюлганы тууралуу 3-ноябрда президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнүн билдирүүсүнөн белгилүү болду. Добуш берүүнүн өзү 11-декабрда өтөт.
Билдирүүдө айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы түзөтүүлөрдүн долбоору «адамдын жана жарандын түпкү укуктарына жана эркиндигине каршы келбейт» деп тыянак чыгарган.
Конституциялык палатанын 11 судьясынын ичинен жалгыз гана Эмил Өскөнбаев өзгөчө пикирин жарыялап, Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун демилгесин көтөрүү «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнүн белгиленген конституциялык тартибин бузуу менен жүргүзүлгөнүн» билдирген.
Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр парламентте да, коомчулукта да талаш туудурду. Түзөтүүлөргө негизинен «Ата Мекен» фракциясынын толук курамы, айрым депутаттар жана жарандык активисттер каршы чыгышты.
Алар түзөтүүлөр тууралуу демилге мыйзам бузуу менен көтөрүлгөнүн, анткени азыркы Конституцияда ага 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө болбой турганы жазылганын көрсөтүп жатышты.
Алар ошондой эле түзөтүүлөрдү карап чыгуунун жол-жобосу бузулганын — толук өлчөмдө коомдук угуу өткөрүлбөгөнүн, көрсөтүлгөн түзөтүүлөр боюнча Жогорку соттун Конституциялык палатасы тыянак чыгарганга чейин эле мыйзам долбоору карала баштаганын мисал келтиришти.
Жарандык активисттер жана депутаттар Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр боюнча курултайга чогулуп, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгышты. Алар референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун парламент четке кагышын талап кылышты.
Укук коргоочулар ошондой эле түзөтүүлөрдүн акыркы варианты Кыргызстан мүчө болгон Венеция Комиссиясына талдоого жөнөтүлбөгөнүн эске салышты.
Венеция комиссиясы 29-августта Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөрдүн биринчи варианты боюнча тыянак чыгарган, анда комиссиянын эксперттери адам укуктарына жана сот системасына байланышкан түзөтүүлөрдү сынга алышкан. Комиссиянын эксперттери түзөтүүлөрдү демократиялык принциптерге таянуу менен ийине жеткире иштеп чыгыш керек экенин билдиришкен.
Түзөтүүлөргө мурдагы президент Роза Отунбаева жана 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да каршы чыгышкан.
Президент Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккандарды сынга алып, аларды «чагымчылдар» деп атаган.
Ал ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү түзөтүүлөргө каршы чыгышкан соң алардын 2010-жылы «жикчилдердин башчысы» Кадыржан Батыровдун качып кетишине тиешеси бар-жогун иликтөөнү тапшырган.
Түзөтүүлөргө ылайык Кыргызстан адам укуктары жаатында эл аралык келишимдердин улуттук мыйзамдарга болгон үстөмдүгүнөн баш тартат. Андан тышкары, премьер-министрдин ролу жана сот бийлигинин үстүнөн болгон көзөмөл күчөтүлөт.
Тема боюнча: Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча маалымдама. Эмне өзгөрөт? |