Мурдагы муфтий Чубак Жалилов Гүленге болушту

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети үчүн айыпталып жаткан түркиялык «оппозициячы» Фетхуллах Гүленди колдоп чыкты.

Жалилов «Фэйсбуктагы» өз аккаунтунда Түркияда жана анын чегинен тышкары жерде Гүлендин жана «Хизмет» кыймылындагы анын жолун жолдоочулардын куугунтукталышы жөнүндө көптөн бери пикир айткысы келип жүргөнүн жазды.

Анын айтымында, Гүлен — «кимдир бирөөлөрдүн мактоосуна муктаж эмес, бирок кыргыз коомчулугуна туура таанытуу зарыл болгон мусулман аалымы».

«Анын дагы бир өзгөчөлүгү — исламдык диний ишенимге бекем туруу менен бирге дүйнөлүк экономикалык жана илимий-техникалык атаандаштыкта мусулмандардын өз ордун табуусу тууралуу китептер жазганында», — деп жазат ал.

Мурдагы муфтий «Хизмет» кыймылынын өкүлдөрүн түрк бийлиги куугунтуктап жатканы аны өкүндүргөнүн жазды.

«Бул кордук, зомбулук башкалар эмес, мусулманбыз дегендер тарабынан жасалып жатышы өкүнүчтүү да, кайгылуу да», — дейт Жалилов.

Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) башчысы болгон. Ал интернетте да, коомдук турмушта да жигердүү иш жүргүзүп келатат. Анын «Фэйсбуктагы» жазуусун бир сутка ичинде 100дөн ашуун киши бөлүштү. Жалиловдун «Фэйсбуктагы» барагына 24 миңге жакын киши жазылган, андан тышкары шаршемби жана жекшемби күндөрү ал Бишкек мечитинде диний насаат айтат.

Анын бир жолу коомдук түйүндөрдө жазган пикири кызуу талкуу жаратып, УКМК тарабынан эскертүү берилишине себеп болгон. «Фэйсбуктагы» өз барагында ал жума намаз тууралуу мыйзам долбоорун четке каккан депутаттарды «дин душмандары» деп атаган эле.

Тема боюнча:

«Хизмет» кыймылы жана Гүлен

Фeтхуллах Гүлен — мурдагы имам жана ислам насаатчысы, 1999-жылдан бери куугунтукта жүрөт жана АКШда жашайт. Негизинен анын «Хизмет» кыймылындагы тарапкерлери 100гө жакын өлкөдө ачышкан мектептердин жана окуу жайларынын аркасы менен ал дүйнө жүзүндө олуттуу таасирге ээ.

Гүлен менен азыркы президент Эрдоган 1999-жылы катуу уруша кетишкен, бирок ага чейин бийлик үчүн күрөштө өнөктөш болушкан. Андан кийин алардын мамилеси улам сууп жүрүп отурган.

Адегенде 2013-жылы Гүлен Стамбулдагы Гези паркында имарат салууга каршы чыккандар менен кагылышуу учурундагы полициянын аракеттери үчүн түрк бийлигин сындап чыккан. Андан кийин 2014-жылы Гүленге жан тарткан прокурорлор Эрдоган тараптагы жогорку даражалуу аткаминерлерди коррупция үчүн айыпташкан.

«Хизмет» кыймылынын сайтында Гүлендин өзү диний экстремизмге каршы чыккан, исламды боорукерликтин, кайрымдуулуктун жана коомдук кызматтын дини катары үгүттөгөн киши катары сүрөттөлөт.

«Гүлендин пикири боюнча мусулмандар өз өлкөсүнүн мыйзамдарына баш ийип, өз жан дүйнөсүн жакшыртууга көңүл буруп, ошондой эле коомдук мааниси бар иштерге күч жумшап, өз коомуна пайдалуу адамдар болууга тийиш», — деп айтылат кыймылдын сайтында.

Ишке ашпаган аскердик төңкөрүш

Түркияда 16-июлга караган түнү аскердик төңкөрүш аракети болгон — төңкөрүшчү аскерлер адегенде Босфор кысыгынан өткөн көпүрөнү ээлеп алып, андан соң башкы штаб менен борбордук телеканалдарды басып алышып, ал жактан бийлик «толугу менен» өздөрүнө өткөнүн жарыялашкан.

Азыркы президент Режеп Тайып Эрдогандын тарапкерлери менен кагылышуу учурунда аскерлер багынып бере башташкан — Түркиянын мамлекет башчысы өз өлкөсүнүн жарандарын көчөгө чыгып, абал турукташкыча аны колдоого үндөгөн.

Кагылышуунун натыйжасында 190 жаран жана 104 төңкөрүшчү курман болуп, бир жарым миңге жакын адам жарадар болгон.

Түрк бийлиги бул окуя үчүн азыр Америкада жашап жаткан Гүленди күнөөлөгөн. Оппозициячы өзүнө коюлган дооматты четке кагып, Вашингтондон «мени түрк бийлигине бербегиле» деп өтүнгөн.

Гүлен бул аскердик төңкөрүш далалатына өлкөнүн жетекчилиги айткандай тиешеси барбы же жокпу, азырынча белгисиз.

Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин төңкөрүш аракетине катышканы же президент Эрдоганды «жетишсиз колдогону» үчүн 60 миңге жакын киши кармалып же иштен бошотулган. Бул түрк президентинин саясаты «авторитардуу» мүнөз күтүп, ал эми демократия «коркунучта калганы» тууралуу эл аралык ЖМКлардын божомолуна себеп болгон.

Тема боюнча:

Кыргызстандын мамилеси

Аскердик төңкөрүш аракетинен бир жума өткөн соң Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүтүрүүчүлөрү жогорку даражалуу орундарды ээлеген менчик түрк мектептерин жана университеттерин жабууга Кыргызстандын бийлигин үндөгөн.

«Кыргызстан биз үчүн бир тууган өлкө болуп эсептелет, андыктан анын чечиминен биздин мамиле көз каранды, анткени бир тууган өлкө төңкөрүш аракетин кылган террордук уюмду өзүндө кармап турбайт. Кыргызстандын ТИМи биздин эскертүүбүздү өлкөнүн президентине айта барууга убада берди», — деген ал HaberTurk телеканалынын түз эфиринде.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, анда республика эгемен жана өз алдынча мамлекет экенин, «өзү үчүн эмне жакшы, эмне жаман болоорун өзү түшүнүп, чече алаарын» көрсөткөн.

«Кайсы бир өлкөнүн тышкы иштер министри башка мамлекетке ал эмне кылышы керектиги тууралуу ультиматумдун жана опузанын тили менен көрсөтмө бериши бери болгондо туура эмес деп эсептейбиз», — деп билдирген анда Кыргызстандын ТИМи.

Тема боюнча: «Опузалоо жана ультиматумдар»: ТИМ Түркияны Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды