Табып Зайналиев: «Бейтаптын көкүрөгүн кесип жатканымда анын туугандары жанымда болчу»

Табып Ашым Зайналиевге каршы мыйзамсыз дарылоо боюнча кылмыш иши козголду. Мурда анын клиникасында анестезиясы жок аялдын көкүрөк бези кесилген соң ал аял өлүп калган. Клиника жабылышы керек болчу, бирок мыйзамдын аткарылышына табыптын кардарлары жолтоо болушту.

«Ал өзү суранган»

Бейтап аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши анын туугандары арызын кайра алып алышкандыктан токтотулган. Эми аялдын өлүмү тууралуу иш буга чейин козголгон мыйзамсыз дарылоо тууралуу ишке тиркелет.

Зайналиевдин айтымында, бейтап аялдын өзү жана анын туугандары ушундай дарылоону суранышкан.

«Анын көкүрөгү өзүнүн кадимки көлөмүнөн 20 эсе чоңоюп кетип, чирип баратыптыр. Адегенде операция кыла албай турганымды, операциялык блогум жок экенин, адис эмес экенимди, аспаптарым жок экенин айттым. Болбойт дедим», — дейт Зайналиев.

Табып бейтап аял жана анын үй-бүлөсү анын көкүрөк безин кесип салышын өтүнүп жалынып туруп алгандыктан операция кылууга макул болгонун айтат.

«Мен Алланын ыраазычылыгы үчүн иштедим, мен бул пайдасы жок деп качып кетишим керек беле? Же мени отургузуп коюшат экен деп коркушум керек беле? Мен жасадым. Дароо кескен жокмун. Төрт этапка бөлүп, акырын-акырындан кестим. Баары ийгиликтүү болду. Акырында анын кан басымы түшүп кетти. Кан да аккан жок. Ал кансыроодон өлгөн жок», — деп айтып берди ал операция жөнүндө.

Зайналиев анестезиясы жок операция кылганын танып жатат. Анын айтымында, бейтап аял акыл-эси ордунда болгон жана наркозу жок операцияга макул болмок эмес. Андан тышкары, анда өсмөнүн өтүшүп кеткен түрү болгон, аны дарылоого өзүнөн башка эч ким макул болмок эмес.

«Дарт белгисин тамырды кармап коет»

Зайналиевдин колунан өсмөнүн акыркы стадиясы менен ооруган онкологиялык бейтаптар көп дарыланышат. Алардан расмий медицина баш тартып, алар адаттан тышкаркы медицинага кайрылышат.

Улуттук онкологиялык борбордун химия-нур терапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев өсмөнүн алгачкы стадиясын дарыласа болоорун, бирок онкологиялык оорлуулардын көбү оорусун өтүштүрүп жиберип, дарыгерлерге өтө эле кеч кайрылышаарын айтат. Оорунун төртүнчү стадиясында алар үйлөрүнө жиберилет.

«Дарт белгисин коюш үчүн [медицинада] бир аз убакыт талап кылынат. Ошондо чыдамы жоктор табыптарга кайрылып кетишет. Зайналиев болсо "тамырын кармап" дарт белгисин аныктайт экен», — деди Абдылдаев.

«Лицензия сурап кайрылган эмес»

Ашым Зайналиевге каршы кылмыш иши мыйзамсыз дарылоо боюнча козголгон, бейтап аялдын өлүмү боюнча иш ага кошо тиркелген. Зайналиевдин медициналык билими да, дарыгерлик ишке лицензиясы да жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулова Kloop.kgге Зайналиев мекемеге лицензия алыш үчүн кайрылбаганын билдирди.

«[Лицензия алыш үчүн] негизги документтердин бири медициналык билим тууралуу диплом болуп эсептелет. Табыптарда андай диплом жок», — деди ал.

Бишкек ШИИбнин кызматкери Памирбек Асанов милиция бул клиниканы күчкө салып жаба албай турганын айтты.

«Бул клиниканы жабуудан мурда андагы бейтаптарды кайдадыр жайгаштырыш керек. Анткени, [эгерде] эртең оорулуулардын бирөө бир нерсе болуп кетсе, Кудай сактасын, өлүп калса, анда дал ушу укук коргоо органдарынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине терс мамиле кылышат», — деди ал.

Юрист Эдил Эралиевдин айтымында, клиниканын бар экендиги өзү мыйзамсыз көрүнүш.

«Тергөөчүнүн ордунда болсом мен табыпка карата баш коргоо чарасын тандап алмакмын. Анткени мыйзамсыз дарылоо фактысы да, бул кишинин колунан башка адам өлгөн факты да бар. Ошонун негизинде ал ушундай кылмыштардын жаңысын кылбашы үчүн баш коргоо чарасын тандап алыш керек. Балким ал тергөө убагында эркиндикте жүрүп, дагы бирөөлөргө операция жасап, ал да өлүмгө алып келсечи?», — дейт юрист.

Зайналиевдин клиникасы ишин улантып, жаңы кардарларга ээ болуп жатат — ал тергөө аяктамайынча жабылбай турган болду. «Мыйзамсыз дарылоо» үчүн ачылган кылмыш ишине карабастан, мурда клиниканы жабуу колдон келбей койгон, анткени андагы бейтаптар мамлекеттик ооруканаларга которулуудан баш тартышкан. Табыптын медициналык билими жана дарыгерлик кылууга уруксат берүүчү лицензиясы жок, бирок онкологиялык ооруларды чөптөрдүн жана атайын ыкмалардын жардамы менен дарылай тургандыгын айтып келатат.

Тема боюнча: