Бишкек: УКМКнын сапёрлору калктуу райондон шектүү түзмөктү алып чыгышты

Шектүү нерсе тууралуу 5-ноябрда Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн тургундары кабар беришти. Ал жер тосулуп, үйлөрдүн тургундары эвакуацияланды. Шектүү буюмдарды УКМКнын сапёрлору алып кетишкенден кийин ал жерде жашагандар үйлөрүнө кайтып келишти.  

Жаңыдан курулуп жаткан үйдүн сересинде табылган шектүү буюм тууралуу милицияга жергиликтүү тургундар кабар беришти.

Окуя болгон жерге Бишкек ШИИБнин жана Октябрь районунун РИИБнин күжүрмөн кызматкерлери жетип барышты. Ал жер тосулуп, анда жашагандар эвакуацияланды.

Бишкек ШИИБнин башчысы Самат Курманкуловдун айтымында, ал жерден противогаздын чыпкалап-жутуучу үч түтүгү табылды. Алар УКМКнын сапёрлоруна өткөрүлүп берилип, эл жашаган аймактан оолак алынып кетти.

ШИИБин басма сөз кызматынын кызматкери Олжобай Казакбаев Kloop.kgге окуя болгон жерден тосмо алынып, тургундар үйлөрүнө кайтышканын айтты.

«Биздин кызматкерлер окуя болгон жерге барышты, инструкция боюнча иш кылышты, жарылуу болгон жок. Бирок ал эмне болгон буюмдар экенине жана башкалар боюнча биз азырынча комментарий бере албайбыз», — деди ал.

Бомба тууралуу билдирүүнүн айынан 31-октябрда «Манас» аба майданынын иши токтотулуп, анын бардык кызматкерлери жана жүргүнчүлөрү эвакуацияланган. Билдирүү калп болуп чыгып, ал тууралуу кабар берген киши мас абалында телефон чалганы аныкталган. Телефон чалган киши ТИЗОго камалып, эми террордук акт тууралуу жалган билдирүү жибергени үчүн ал беш миңден 30 миң сомго чейин штраф төлөп, же түзөтүү иштерине жөнөтүлүп, же үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бир ай мурун, 20-сентябрда, Бишкектин түндүк-батышында жашаган кишилер шектүү кара пакеттер тууралуу кабарлашкан. Анда Ганди көчөсүнүн жана Биринчи май чолок көчөсүнүн кесилишинде чын эле жардыруучу түзмөк табылып, зыянсыздандырылган.