Атамбаев: Конституцияны өзгөртүү күч түзүмдөрүн реформалоого жол ачат

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын түштүгүндө «Газпром» компаниясы салып берген спорт комплекстеринин ачылыш аземинде укук коргоо органдарын реформалоо Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдан кийин гана мүмкүн болоорун айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы «Газпром» салып берген спорт комплекстеринин ачылышына барды. Президенттин сөзү спортко эмес, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө арналды.

Президенттин айтымында, укук коргоо органдарын реформалаш үчүн Конституцияны алмаштыруу зарыл.

«Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, 1-январдан тартып биз күч түзүмдөрүн толук реформалап, алар ишкерлер жана аткаминерлер өз иши менен алек болушуна жолтоо болбогудай кылабыз», — деди Алмазбек Атамбаев.

Ал кайсы күч түзүмдөрү эмне менен алек болоорун түшүндүрүп, «өлкөдө тартип болооруна» убада берди.

«ИИМ коопсуздук, кылмышкерлер жана баңгизаттар менен алек болот. Прокуратура жана коррупцияга каршы кызмат аткаминерлер, министрлер, депутаттар, судьялар уурулук кылбашына көз салып, бири бирин аңдып турат. Өлкөдө тартип болот. Мунун баары акырындан ордуна коюлат жана бир нече жылдан кийин бизде жаңы президент болгон кезде силер муну түшүнөсүңөр», — сказал Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев эгерде ички иштер министри укук коргоо органдарын реформалабаса, реформаларды өзү жүргүзүүгө даяр экенин 31-октябрда айткан. Президенттин сөзүнө караганда, милицияда «эмгиче уурулар көп» жана укук коргоо органдарын «тазалаш керек».

Жаңы ички иштер министри Улан Исраилов болот, мурда ал президенттин жеке жан сакчысы, ИИМдин жашыруун башкармалыгынын башчысы жана УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору болуп иштеген.

Видео: Нуртаза Абдиев, Тилек Бейшеналиев.