Атамбаев милицияны министрдин ордуна өзү «тазалоого» даяр экенин билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев эгерде ички иштер министри укук коргоо органдарын реформалай албаса, ал ишти өзү кылууга даяр экенин билдирди.

Атамбаев 31-октябрда милиция кызматкерлери үчүн жатакананын ачылышында ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында, милицияда «эмгиче ууру-кескилер көп».

«Мына жакында эле силер билесиңер, Чек ара кызматынан автомат саткандар чыкты. […] Ал жакта Чек ара кызматынын склад башчысы жана милиция башчысы экен. […] Канча министрлер келди, реформа өткөргөндүн ордуна ошол эле жолго түштү», — деп билдирди президент.

Ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиев реформа кыла албаса өзү кылууга даяр экенин кошумчалады. Атамбаевдин айтымында, укук коргоо органдарын «тазалаш керек».

Атамбаевдин бул билдирүүсү Кыргызстандын бийлиги укук коргоо органдарын реформалоого аракет кылып жаткан учурда жасалды — октябрдын орто ченинде кыргыз ИИМинин башчысы Грузиянын тажрыйбасын изилдеп, кызматташтык тууралуу документтерге кол коюп келген.

Кызматташтык буга чейин көнүмүш болуп калгандай күжүрмөн ишмердүүлүктү жана кылмыштуулукка каршы күрөштү гана эмес, кадрларды үйрөтүүнү жана даярдоону да камтый турган болду.

Грузия 2004-жылы жүргүзгөн полициялык реформасы менен белгилүү, анын жүрүшүндө эки жыл ичинде кызматкерлердин 90 пайызы кызматтан бошотулуп, полицияга болгон элдин ишеними он жыл ичинде 80 пайызга жеткен.

Ички иштер министрликтеринин ортосундагы макулдашууга ылайык, тараптар эксперттерди алмашып, чогуу машыгууларды жана семинарларды өткөрүп, бири бирине кадр даярдоодо жардам берип, ар кайсы тармактарда билим алмашмакчы.

«Ишти, күжүрмөн-издөө ишмердүүлүктү уюштуруунун алдыңкы тажрыйбасын, ченемдик укуктук актыларды, окуу адабиятын жана ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды алмашуу», — деп айтылат макулдашууда.

Кыргызстанда укук коргоо органдарын реформалоо 2017-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында 2013-жылы башталган.

Кыргыз милициясын өзгөртүүнүн көзгө урунган кадамдарынын бири Жол кайгуул кызматын Кайгуул милициясынын башкармалыгына айландыруу болгон.