Бийлик 67 өлкөнүн жарандары үчүн каттоого туруу мөөнөтүн узарткысы келет. Ал кайсы өлкөлөр?

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын аймагында милдеттүү каттоого туруу талабы алынып таштала турган өлкөлөрдүн тизмесин даярдады. Жалпысынан тизмеге 67 мамлекет кирди. Тизмеге коңшулаш Өзбекстан менен Кытай кирген жок.

Мамлекеттик каттоо кызматы (Мамкаттооо) өкмөткө 67 чет өлкөнүн жарандары үчүн милдеттүү каттоого туруу талабын алып таштоо жөнүндө токтом долбоорун даярдап берди. Мамкаттоонун маалыматы боюнча, өкмөт бул токтомду кабыл алса бул өлкөлөрдүн жарандары үчүн каттоого туруу мөөнөтү 5 күндөн 30 күнгө чейин узартылат.

Мамкаттоонун төрагасынын орун басары Камчыбек Акишев бүгүн, 15-ноябрда парламент комитетинин отурумунда токтомго бир жума ичинде кол коюлаарын айтты.

Мамкаттоонун маалыматына караганда өкмөт бул долбоорду бекитсе, ал өлкөлөрдүн жарандары үчүн каттоого туруу мөөнөтү 5 күндөн 30 күнгө чейин узартылмакчы.

Мамкаттоонун басма сөз кызматынын кызматкери Дамира Айсанакулова Kloop.kgге тизме өкмөт бекиткенге чейин дагы тактала турганын айтты.

«Азырынча Орусиянын жарандары гана эл аралык келишим боюнча Кыргызстандын аймагында каттоого турбастан 30 күн жүрө алышат, андан кийин алар каттоодон өтүп же өлкөдөн чыгып кетиши керек. Көп кишилер бир нече күнгө чек арадан өтүп, анан кайра кайтып кетишет. Бирок биз жарандары ошондой эле шартта биздин өлкөдө жүрө ала турган өлкөлөрдүн тизмеси бар документти өкмөткө жибердик», — деди ал.

Айсанакулованын айтымында, тизме жеңилдетилген визалык режим боюнча башка өлкөлөр менен түзүлгөн мурдагы келишимдердин негизинде түзүлгөн.

«Тизмеге 2009-жылдын 7-февралына карата жеңилдетилген визалык режим боюнча келишимдерге болгон өлкөлөр кирди. Бирок бул так эмес, өкмөт карагандан кийин так тизме беребиз», — деди ал.

«АКИпресс» маалымат агенттиги жарандарынын каттоо мөөнөтүн 5 күндөн 30 күнгө чейин узартуу сунуш кылынган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Ага Кытай менен Өзбекстан кирген эмес.

Толук тизме:

  • Австралия
  • Австрия Республикасы
  • Бельгия Королдугу
  • Болгария Республикасы
  • Босния жана Герцеговина
  • Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу
  • Венгрия Республикасы
  • Германия Федеративдик Республикасы
  • Грек Республикасы
  • Дания Королдугу
  • Израиль Мамлекети
  • Ирланд Республикасы
  • Исландия Республикасы
  • Испания Королдугу
  • Италия Республикасы
  • Канада
  • Кипр Республикасы
  • Корея Республикасы
  • Литва Республикасы
  • Латвия Республикасы
  • Лихтенштейн Княздыгы
  • Люксембург Улуу Герцогдугу
  • Македония Республикасы
  • Мальта Республикасы
  • Монако Княздыгы
  • Нидерланд Королдугу
  • Норвегия Королдугу
  • Жаңы Зеландия
  • Польша Республикасы
  • Португалия Республикасы
  • Румыния Республикасы
  • Сербия Республикасы
  • Словения Республикасы
  • Сингапур
  • Словак Республикасы
  • Америка Кошмо Штаттары
  • Түрк Республикасы
  • Финляндия Республикасы
  • Француз Республикасы
  • Хорватия Республикасы
  • Черногория Республикасы
  • Чех Республикасы
  • Швейцария Конфедерациясы
  • Швеция Королдугу
  • Эстония Республикасы
  • Андорра
  • Аргентина
  • Бразилия
  • Ватикан
  • Вьетнам
  • Таиланд Королдугу
  • Сауд Аравия Королдугу
  • Мексика
  • Бириккен Араб Эмираттары
  • Сан-Марино
  • Филиппин
  • Албания Республикасы
  • Бруней-Даруссалам
  • Индонезия Республикасы.

Биринчи кыйынчылыктар

Миграция боюнча жаңы мыйзам толгон-токой нааразылык пайда кылып, мыйзам күчүнө кирген биринчи күндөн тартып эле чет өлкөлүктөр көп сандаган кыйынчылыктарга туш келишти.

Kloop.kg сурамжылаган чет өлкөлүктөр 10 миң сом штраф тартпаш үчун кайсы жерден кантип катталыш керек экендиги тууралуу маалымат таптакыр жок экенин айтып арызданышты.

Кыргызстанга орус тилин үйрөнүш үчүн келген канадалык Жон Цаонун айтымында, бара турган өлкөсүн тандап жатып ал жүрө турган режимине караган. Каттоонун жаңы эрежеси тууралуу ал өзү конгон мейманкананын администрациясынан билген.

Цао Калкты тейлөө борборуна (КТБ) катталганы келгенде кызматкерлердин ичинен англис тилин билген адистер жок болуп чыкканын айтты.

«Мен орусча сүйлөбөйм, алар болсо [КТБнын кызматкерлери] англисче сүйлөбөйт, ошондуктан пикир алышууда кыйынчылык келип чыкты», — деди Цао.

Чет өлкөлүктөрдү келген жерине каттоого турууга милдеттендирген жаңы жобо 4-ноябрдан тартып күчүндө, бирок каттоого туруунун жол-жобосу жана зарыл документтер тууралуу маалымат туристтик жана башка ресурстарда жарык көргөн эмес.

Ошондуктан Кыргызстанга келип жаткан көптөгөн чет өлкөлүктөр каттоонун эрежеси жана мөөнөтү тууралуу билишпейт.

«Биз каттоого кандай документтер керек экенин, ал үчүн кайда барыш керек экенин билбейбиз […] Биз ал тууралуу маалыматты кайсы булактардан алыш керек экенин билбейбиз», – деди Kloop.kgге Франциянын жараны Паола Дилье.

ТЕМА БОЮНЧА: