Кыргызстандын ТИМи Порошенкону шакаба чегүүгө тиешеси бар деп айыпталды

Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголко Кыргызстан ТИМинин кызматкерлери орусиялык пранкерлерге (шакабачыларга) Алмазбек Атамбаевдин атынан Петр Порошенко менен сүйлөшүүгө жардам беришкен деп эсептейт. Анын пикиринде, орусиялык шакабачылардын артында Орусиянын атайын кызматтары турат.

Петр Порошенконун басма сөз катчысы Святослав Цеголко жүргүзүлгөн иликтөө Украинанын президентин шакаба чегүүгө Кыргызстандын ТИМинин тиешеси бар экенин далилдегенин өзүнүн «Фэйсбуктагы» барагына жазып чыкты.

«Алар [Кыргызстандын ТИМи] Кыргызстандын президенттик администрациясынын байланыш телефондорун берип, сүйлөшүүнү уюштурууга жардам беришкен», — деп жазды ал.

Святослав Цеголко ырастагандай, Петр Порошенко менен Алмазбек Атамбаевдин сүйлөшүүсү тууралуу жаңылык чыккандан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери бир нече күн бою Украина менен байланышка чыккан эмес.

Цеголко белгилегендей, пранкерлер Петр Порошенко менен болгон сүйлөшүүнун 17-ноябрда чыгарган жазуусунан Украинанын президенти Орусияны өз аймагын басып алганы үчүн айыптаган жерлери алынып салынган.

Украина президентинин басма сөз катчысынын пикиринде, бул шакабага Орусиянын атайын кызматтарынын тиешеси бар экенин далилдейт жана «Украинага каршы гибриддик согуштун» бир бөлүгү болуп саналат.

Порошенко менен сүйлөшүү

«Вован» деген ат менен белгилүү болгон орусиялык пранкер Владимир Кузнецов Украинанын президенти Петр Порошенко менен сүйлөшкөн сөзүнүн жазуусун YouTubeга жарыялады. Ал өзүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев деп тааныштырган.

Вовандын аккаунтундагы видео:

Жасалма Атамбаев менен Порошенко Украинанын чыгышындагы өзүн өзү жарыялаган республикалар жөнүндө сүйлөшкөн.

Порошенко Орусиянын президенти Владимир Путинди Крымда баары «жек көрүшөөрүн», анткени ал адамдарды алдап, алар жабыр тартып жатканын айткан.

Ал Крымдын Орусияга кошулушу боюнча референдумду Орусиянын бийлиги «сүрөт кылып тартып койду» деген.

Порошенко Украинанын чыгышындагы өзүн өзү жарыялаган республикаларды «террористтик бирикмелер» деп атаган.

Мурда ушул шакаба боюнча шек жаратып келген пранкер Вован Лексус (Алексей Столяров) экөө Порошенкого телефон чалышканын танып келишкен.

«Жеке мен Порошенко менен сүйлөшкөн эмесмин», — деген Владимир Кузнецов 3-ноябрда.

Владимир Кузнецов жана Алексей Столяров — орусиячыл пранкерлер. Алар ар кайсы өлкөлөрдүн жетекчилерин жана атактуу адамдарын шакаба чегип келишет. Алардын шакабасына Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган туш болгон. Пранкерлер бардык маектеринде Орусиянын атайын кызматтары менен байланышы бар экенин танып келишет.

Порошенкону шакаба чегүү

Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда болгон баарлашуу тууралуу адегенде Порошенконун басма сөз кызматы 2-ноябрда кабарлаган.

«Петр Порошенко жана Алмазбек Атамбаев Орусия украин товарларынын транзитине чектөө койгондуктан украин өндүрүмүн Кыргызстанга жеткирүүгө байланышкан маселелерди чечүүнүн жолдорун, ошондой эле жүк ташуунун башка багыттарын талкуулашты», — деп жазылган Украина президентинин сайтында.

Кыргызстандын президентинин аппараты телефон аркылуу сүйлөшүү тууралуу маалыматты жокко чыгарган. Кыргызстандын президентинин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков «Украинанын мамлекет башчысын кимдир-бирөө тамашалап койсо керек» деген пикирин айткан.

Сапар Исаковдун билдирүүсүнөн кийин Порошенко менен Атамбаевдин сүйлөшүүсү тууралуу билдирүү Украина президентинин сайтынан алынып ташталган болчу.

Кийинчерээк Украинанын ТИМинин жетекчиси Павел Климкиндин демилгеси менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, маселе жөнгө салынган.

Кыргызстандын ТИМинин башчысы Эрлан Абдылдаев 9-ноябрда парламент жыйынында белгисиз бирөөлөр Кыргызстандан белгисиз бирөөлөр  телефон чалып «чагымчылык» кылышканын моюнга алган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Авторлошу: Анна Капушенко