Пранкер Вован Порошенконун жасалма Атамбаев менен сүйлөшкөн сөзүнүн жазуусун жарыялады

Орусиялык пранкер (шакабачы) Вован Украина президенти Петр Порошенкого Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан телефон чалып шакаба чеккен. Ал Порошенко менен Крым жөнүндө, Украинанын чыгышындагы өзүн өзү жарыялаган республикалар жөнүндө сүйлөшкөн.

Вован деген ат менен белгилүү пранкер Владимир Кузнецов Украинанын президенти Петр Порошенко менен 15 мүнөт сүйлөшкөн сөзүнүн жазуусун жарыялады. Ал өзүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев деп тааныштырган.

Вовандын аккаунтундагы видео:

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө жасалма Атамбаев Порошенкодон Крым тууралуу сураган. Украинанын президенти Орусиянын президенти Владимир Путинди «басып алынган аймактагылар жек көрүшөөрүн», анткени ал адамдарды алдап, алар жабыр тартып жатышканын айтып берген.

Ал Крымдын Орусияга кошулушу боюнча эч кандай референдум болбогонун, Орусиянын бийлиги эле баарын «сүрөт кылып тартып койгонун» айткан.

«Орусия үчүн бул кымбат баа. Крым жылына эки миллиард доллардан ашык турат. Коммуникация куруш дагы эки миллиард турат. Алар Чеченстанды деле бага албай калышты, ага кеткен акчаны кесип жатышат», — деген Порошенко.

Ал эгерде Крым Украинага кайрылып берилсе, ал америкалык жана европалык өнөктөштөрү менен согуштан талкаланган аймакты калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүп алаарын кошумчалаган.

Порошенко Донецк жана Луганск эл республикаларын «террористтик бирикмелер» деп атаган.

«Алар бир катар соттордун чечимдери менен террористтик уюм катары таанылган. Экинчиден андай уюмдар жок. Башкача айтканда орусиялыктардын оорукчан кыялында гана бар», — дегени бар.

Пранкер Атамбаевдин атынан Украинанын президентин ар кандай чайкоочулуктан коргош үчүн Липецк шаарындагы Порошенкого таандык «Roshen» фабрикасын «өз кишилерине» жаздырып коюуну сунуш кылган. Украинанын президенти буга жооп иретинде ага Атамбаев өз кишилерин «жөнөтүшүн» суранган.

Мурда ушул шакаба боюнча шек жаратып келген пранкер Вован Лексус (Алексей Столяров) экөө Порошенкого телефон чалышканын танып келишкен.

«Жеке мен Порошенко менен сүйлөшкөн эмесмин», — деген Владимир Кузнецов 3-ноябрда.

Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда болгон баарлашуу тууралуу биринчи болуп Украина президентинин басма сөз кызматы 2-ноябрда кабарлаган.

«Петр Порошенко жана Алмазбек Атамбаев Орусия украин товарларынын транзитине чектөө койгондуктан украин өндүрүмүн Кыргызстанга жеткирүүгө байланышкан маселелерди чечүүнүн жолдорун, ошондой эле жүк ташуунун башка багыттарын талкуулашты», — деп жазылган эле Украина президентинин сайтында.

Кыргызстандын президентинин аппараты бул маалыматты жокко чыгарган соң билдирүү алынып салынган.

Кыргызстан президентинин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков Атамбаев Украинанын президенти Петр Порошенкого телефон чалбаганын 3-ноябрда билдирген болчу.

Исаков ошондой эле «Украинанын мамлекет башчысын кимдир-бирөө тамашалап койсо керек» деп кошумчалаган.

Ошол эле күнү Кыргызстандын ТИМинин басма сөз кызматы Украинанын ТИМинин жетекчиси Павел Климкиндин демилгеси менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев белгисиз бирөөлөр Кыргызстандан телефон чалып «чагымчылык кылышканын» 9-ноябрдагы парламент жыйынында билдирген.