Мамматрезервдин башчысы бузулган ундун жаңжалынын айынан кызматтан алынды

Мамматрезервдин башчысы Жоомарт Жумабеков кызматтан алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында анын кетишинин себеби такталган эмес, бирок кызматтан бошотуу тууралуу буйрук бул фонд Кыргызстандын базарларына өткөрүп жүргөн бузулган унга байланыштуу жаңжалдан кийин чыкты.

Мамлекеттик материалдык резерв фондунун төрагасы Жоомарт Жумабеков кызматтан бошотулду. Жумабековду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21- ноябрда кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Жумабековдун кызматтан бошотулушунун себебин атаган жок. Бирок бул буйрук ар кайсы социалдык мекемелерге жиберилген ун бузулуп кеткенин мекеме аралык комиссия ырастагандан кийин чыкты.

9-ноябрдагы парламент жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик материалдык резерв фонду Бишкектин азык-түлүк базарларына жана мамлекеттик мекемелерине «бузулган» ун сатканын билдирген.

«Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан бузулган ун тапшыруу фактысы чындыгында ырасталды, жетекчилигине карата сөзсүз чара көрөбүз», — деген ал.

Жээнбеков бул тууралуу Фонд саткан ундун сапатын текшерген атайын комиссиянын корутундусуна таянуу менен билдирген.

Комиссия «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов бузулган ун боюнча видеону жарыялагандан кийин түзүлгөн.

4-октябрдагы басма сөз жыйынында ал №5-кесиптик-техникалык окуу жайында тартылган видеотасманы көрсөткөн, анда бузулган уну бар каптар ачылган. Окуу жайынын жетекчилери унду Мамлекеттик материалдык резерв фондунда алышканын айтышкан.

Видеотасмадагы ун тууралуу маалымат жалган экенин айткан Жоомарт Жумабековдун каршылыгына карабастан, складдар экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин бекитилип, мөөр басылган.