Кантип белгилүү адамдар саясий туткундарды колдоп чыкты?

Ар кайсы өлкөнүн белгилүү инсандары Voice Project акциясына катышып, адилетсиз камалган искусство ишмерлерин колдоп чыгышкан. Долбоордун катышуучуларынын арасында украин режессёру Олег Сенцовдун укуктарын коргогон Жонни Депп бар.

«Voice Project» долбоору — сөз эркиндиги үчүн камалгандарды колдоп чыккан искусство адамдары. Долбоордо британ музыканты Петер Габриэл, голливуд актёру Жонни Деп, орусиялык Pussy Riot панк-рок тобунун мүчөсү Надежда Толоконникова, америкалык музыканттар Алекс Эберт, Том Морелло жана француз-чили ырчысы Ана Тижу бар.

Долбоордо дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн музыканттары катышкан. Сүрөт: Анна Габриель.

Музыканттар менен голливуд актёру Imprisoned for Art кыймылына катышып, алардын ою боюнча адилетсиздик менен камалган адамды тандап, тандалган адамдын укуктарын коргоп бошотулушуна чакырат.

Алар кимдерди коргоодо?

Жонни Депп украиналык режиссёр Олег Сенцовду коргоп чыккан. Сенцов Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттерине арнап фильм тарткан.

Жонни Депп украин режиссеру Олег Сенцовду коргоп чыккан. Сүрөт: Time.

Олег Сенцов 2014-жылы Симферополдо камалып, «террористтик ишмердүүлүк» үчүн — Крымдагы «Единая Россия» саясий партиясынын эшигин өрттөө, Крымдагы Лениндин эстелиги менен Симферополдогу Өчпөс отту жардырууга даярдык боюнча айыпталган. Сенцовду 2015-жылы 20 жылга эркинен ажыраткан. Сотто режиссёр Украинанын гимнин ырдаган.

Алекс Эбберт ырчы Тран Ву Ан Бинди колдоп чыккан. Ага Вьетнамда «мамлекетке каршы пропаганда» үчүн алты жыл абак жазасы жана эки жыл үй камагы өкүмү чыгарылган. Тран Вунун башка вьетнамдык ырчылар Бо Мин Триге жазып берген ырындагы Вьетнамдын Кытайга каршы тынч каршылыктары жөнүндөгү саптары «мамлекетке каршы пропаганда» деп таанылган.

Trần Vũ Anh Bình Вьетнамдын Кытайга каршы нааразылык мамилелерин сынга алган үчүн жооп берүүгө туура келген.

Тран Ву, ошондой эле, жаштардын патриоттук кыймылынын лидери жана алар демократия менен дин тутуу эркиндигин колдоп келишет.

Питер Габриел журналист, Швеция жана Эритреянын жараны Давит Айсакты колдоону чечкен. Эритреяда Давит тергөө жана сотсуз 2001-жылы абакка камалган.

Журналист Dawit Isaak Эритреяда түрмөгө камалган. Аны жети кесиптеши абактын ичинде каза болгон.

Ага эч кандай айып такпай эле белгисиз мөөнөткө түрмөгө өкүм чыгарылган. Аны камап, кыйнашкан. Анын жети журналист кесиптеши түрмөдө эбак көз жумган.

Давит Айсак Эритреяда төрөлгөн, бирок оор саясий кырдаалдан улам анын үй-бүлөсү Швецияга көчүп кеткен. Ал мекенине көптөгөн профессионалдык сыйлыктары менен кайтып келип, өлкөсүнүн тарыхында алгачкы көз карандысыз гезитти негиздеген.

Том Морелло сүрөтчү жана Тайландда түрмөгө камалган Том Дандиге болушуп чыккан. Том Данди — Таннат Танаватчарон, тай сүрөтчүсү, журналист жана блюз музыканты катары белгилүү.

Tom Dundee «монархияга акаарат келтиргени» үчүн камалган.

Ал 2016-жылы «монархияга акаарат келтиргени» жана «компьютердик кылмыштары» үчүн камалган. Биринчи учурда анын демократияны колдоп сөз сүйлөгөнүн жүйө келтирсе, экинчисинде — YouTubeдагы сөздөрү.

Таннатты башында жети жыл жети айга камашып, кийинчерээк дагы үч жыл төрт ай мөөнөт кошушкан. Ал эми түрмөдө 11 жыл отурат.

Ана Тижу Сауд Аравияда камалган палестинылык акын Ашраф Файадды бошотууга чакырат. Ашраф Палестинадан Аравияга көчүп барып, өз мекениндеги согушту сүрөттөгөн ырлары үчүн камалган.

Ashraf Fayadh Сауд Аравияга, пайгамбарга жана кудайга акаарат келтиргени үчүн өлтүрүлүшү мүмкүн.

Андан сырткары Ашрафтын үстүнөн «Кудайды, Мухаммед пайгамбарды жана Сауд Аравияны каргады» делип полицияга арыз жазылган.

Ашраф өзүм ислам динин тутунгандыктан мындай маалыматты четке каккан. Бирок анын сөзүн жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн сот кабыл алган эмес. Айыптоо үчүн далил катары акындын «Инстаграмындагы» сүрөтү жана узун чачтары «атеизмди билдиргендиктен» көрсөтүлгөн.

Башында акын Ашраф Файадга төрт жыл абак жазасы жана 800 камчы урууга өкүм чыгарылса, кийин шариаттын мыйзамдарын эске алып өлүм жазасына кесилген. Азыр өкүм сегиз жыл абак жана 800 камчы уруу жазасына кайра өзгөртүлгөн.

Надежда Толоконникова Түркиядагы күрт ырчысы Нудем Дуракты колдоп чыккан. Нудем өз эне тилинде ыр ырдап, гитарада ойноп, балдарга күрт музыкасы боюнча билим берген.

Nûdem Durak күртчө ырдап, пропаганда үчүн камалган.

Ошол себептүү 2015-жылдын апрелинде Нудем «күрт пропагандасы» үчүн түрк бийлиги тарабынан айыпталып, алгач он жылга кесилсе, кийинчерээк эч кандай түшүндүрмөсүз ырчынын жазасы 19 жылга узартылган.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Белгилүү инсандар өздөрүнүн ою боюнча адилетсиз камалган адамдарды колдоп чыгышкан. Бул жолкусунда кино, ыр же ушактар үчүн камалган искусство инсандары болуп калды.

Өз аракеттери менен белгилүү музыканттар жана голивуд актёру долбоорго өздөрүнүн күйөрмандарын жана коомчулуктун көңүлүн буруп жатат.

Дүйнөгө таанымал адамдардын коомчулукка тийгизген таасирин айтпай коюуга болбойт. Искусствонун жана шоу-бизнестин көпчүлүк өкүлдөрү ар жылы дүйнөнүн эң таасирдүү адамдарынын тизмесинде орун алып келет.

Алар өз таасирин кезектеги атырдын жарнамасына пайдаланып, өздөрүнүн материалдык абалын бекемдей алат, бирок алар бул жолкусунда өз күйөрмандарынын көңүлүн сөз эркиндиги менен саясий туткундар маселесине бурушкан.

Жигердүү жашоо позициясы дүйнөлүк селебритилер үчүн сейрек кездешкен көрүнүш эмес.

Мадонна убагында Pussy Riotту колдоп чыккан. Сүрөт: Kevin Mazur.

Надежда Толоконникова, Pussy Riot орусиялык панк-рок тобунун мүчөсү, өзү да түрмө жазасын өтөп чыккандардан. Чиркөөдө ырдаганы үчүн топтун мүчөсүн үч жылга камаган.

Ошол кезде аны колдоп дүйнөнүн таанымал инсандары колдоп чыккан. Ырчы Мадонна өзүнүн Москвадагы концертинде аларды колдоп ырдаган.

Жигердүү саясий позицияга Жорж жана Амаль Клуни да ээ. Фото: Business Insider.

Жорж Клуни 2014-жылы иш-чараларга украин саясатчысы Юлия Тимошенконун сүрөтү түшүрүлгөн жана Free Yuliya деген жазуусу бар футболка кийип барган. Андан сырткары ал Майдандагы нааразылык акциясынын катышуучуларына видео кайрылуу жаздырып, алардын аракетин колдоорун жана Януковичтин саясатына каршы экенин айткан.

Жигердүү саясий позициянын Жорждун жубайы, адвокат Амаль Клуни да карманат. Учурда Амаль БУУнун ыктыярдуу элчиси Надия Мурад Бази Таха менен ИГИЛде туткунда болгон жана сексуалдык зомбулуктан өткөн аялдарды куткаруу жана алардын укуктарын коргоо менен алектенет.

 

ТЕМА БОЮНЧА: Ислам Мамлекетинин мурдагы туткуну БУУнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалды. Ал ким?

Ошол эле 2014-жылы Украинадагы нааразы болуп чыккандарды колдоп голливуд актёру жана музыкант Жаред Лето чыккан. Ал өзүнүн «Оскардагы» сөзүн Майданга арнап, Украинадагы окуяларга көпчүлүк америкалыктардын көңүлүн бура алган.

Жаред Лето «Оскар» сыйлык тапшыруу аземиндеги сөзүн Украинадагы окуяларга арнаган.

Андан сырткары Лето жигердүү экологиялык позицияга ээ. Ал жаныбарларды коргоп, жеке өзү Африкадагы саваннада жаныбарларды сактоо иш-аракеттерине катышкан.

Бирок планетаны жана жаныбарларды коргоо боюнча эң чоң салым кошкон таанымал адамдардын бири деп Леонардо Ди Каприону атоого болот.

«Планетаны сактайлы» фильминен кадр.

Анын жеке кайрымдуулук фонду бар. Фонддон кайсы бир жаныбарды коргоо үчүн дайыма акча бөлүнүп турат. Ал ошондой эле кыргыз бугуларын сактоо үчүн да акча бөлүп берген.

Соавтор: Эржан Бейшеналиев
Башкы сүрөт: Voice Project

ТЕМА БОЮНЧА:


«Планетаны сактайлы»: Ди Каприонун болочоктогу экологиялык бүлгүн тууралуу фильми