Коляскачан бийчилер: «Тумар» тобу Словакиядагы сынакта үчүнчү орунду алды

«Тумар» коляскачан бийчилер тобу Česko Slovensko má talent («Чехия менен Словакияда өнөрлүүлөр бар») эл аралык өнөр сынагында 3-орунду алды.

Топтун жетекчиси Эрмек Кадыров өзүнүн «Фэйсбук» барагында 3-орунду алуу — бул топ үчүн «жеңиш» экенин жазды.

«Биз үчүн финалга чыгып, он мыкты катышуучунун катарына кошулуунун өзү эле чоң жетишкендик болчу. Бирок биз үчүнчү орунду алганда бул биздин ушул сынактагы даана жеңишибиз болду», — деп жазды ал.

Кадыров топтогулар өнөр көрсөтүп жатканда залдын колдоосун сезип турушканын айтты.

«Калыстар тобунун бардык мүчөлөрү кол чаап, ыйлап жатышты, бул болсо бизден ого бетер жоопкерчиликти жана тыкандыкты талап кылды. […] Финал кооз болду, бирок баарынан сүйүнгөнүбүз — словак көрүүчүлөрү жана калыстар сезимин жашырбаганы болду. Алар бизди тандап, эч ойлонбостон үчүнчү орунду беришти жана эң негизгиси, бизди чын дилинен жактырышты», — деди ал.

15178071_1146776478709291_7447563591716518083_n

Česko Slovensko má talent сынагынын финалы 27-ноябрда Братиславада өттү.

«Тумар» тобундагылар «Кыял» деген номер менен чыгышты. Сынактын «Фэйсбуктагы» расмий барагында уюштуруучулар «тумарчылардын» көрсөткөн өнөрүн «сезимге абдан бай» деп баалашты.

«Сезимдерди абдан козгогон аткаруу болду! Бул аткаруудан биз кадимкидей титиреп, ыйлап жиберели деп араң эле турдук», — деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова «Фэйсбуктагы» барагында топтун мүчөлөрүнүн оюн көрсөтүшү баарына тиешелүү бир кыялга арналганын жазды.

«Мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, турмуштан четте калбай, коомдун теңата бир бөлүгү болуп, анын бардык жаркын жана коом үчүн маанилүү окуяларына катышсак деген кыял», — деп жазды ал.

Биринчи орун Словакиядагы ACT 4 Slovakia бий тобуна ыйгарылды — анда кыздар велосипед менен бийлешти. Экинчи орунду словакиялык ырчы Мартин Ветрак алды.

Октябрда «Тумар» тобу«Golden Buzzer» сыйлыгын утуп алып, бул бийчилерге дароо эле өнөр сынагынын финалына чыгууга мүмкүнчүлүк берген.

15241927_1146776525375953_8032927095624278476_nfb

Коляскачан бийчилер аудиториянын жана калыстардын алдында брейк данс стилинде бийлешкен. Алардын номери кызыктуу файер-шоу менен аяктаган — бийчилердин буттары отко малынып, өздөрү болсо бий элементтерин аткарып турушкан.

Калыстар номер бүтөөрү менен ордунан туруп кол чаап, топтун финалга өтүшүн бир добуштан колдоп беришкен.

Česko Slovensko má talent сынагына Кыргызстандан барган дагы бир топ катышты — Атай Өмүрзаковдун «Адем» бийчилер тобу да финалдагы мыкты он топтун катарына кошулду. Атаандаштык өтө эле күчтүү болгондуктан бул топ байгелүү орун ала алган жок.

2011-жылы Өмүрзаков өзү бул сынактын жеңүүчүсү болуп, 100 миң евро өлчөмүндө акчалай сыйлык алып, Лас-Вегастагы өнөр сынагында Чехия менен Словакиянын атынан чыккан.

Сүрөт: Эрмек Кадыровдун «Фэйсбугунан» алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:


Майып коляскачан брейк бийчилери: Кыргыздын «Тумары» кантип сахналарды багындырууда?