Коляскачан бийчилер: «Тумар» тобу Словакиядагы өнөр сынагынын финалына чыкты

Коляскачандардын «Тумар» бийчилер жамааты «Česko Slovensko má talent» («Чехия менен Словакияда өнөрлүүлөр бар») аттуу өнөр сынагынын финалына чыкты.

«Тумардын» жамааты «Golden Buzzer» сыйлыгын утуп алгандыктан, бийчилер өнөр сынагынын финалына дароо өтүштү.

Коляскачан бийчилер аудитория менен жюринин алдында брейк-данс стилинде оюн көрсөтүштү. Алардын номери оттуу бий менен коштолуп, бийчилердин буттары отко малынып турганда өздөрү бий элементтерин аткарып турушту.

Калыстар оюн бүтөөрү менен ордунан тура калып кол чаап, топтун финалга өтүшүнө бир добуштан макул болушту.

«Алар бийден гана эмес, көптөгөн татаал элементтерден турган укмуштуудай хореография көрсөтүштү», — деп жазылат сынактын сайтында.

Номер сынактын «Фейсбуктагы» расмий баракчасында жарыяланып, 90 миң жолу көрүлүп, аны 900 киши бөлүшкөн.

«Зор урмат менен тан беребиз! "Golden Buzzer" жакшы колго тийип отурат. Макулсуңарбы?» — деп жазышты уюштуруучулар.

Топтун жетекчиси Эрмек Кадыров Kloop.kgге бул сынакка үч жылдан бери катышкысы келип жүргөнүн айтты.

«Былтыр алардын сайтындагы анкетаны толтуруп, видео жибергем. […] Апрелде болсо биздин топ видеокастингден өтүп, алар бизди биринчи турга чакырууга даяр экенин жазышты», — деди ал.

Анын айтымында, финалдык баскычка жарай турган идея бар жана бийчилер ага жигердүү даярданып жатышат.

Ал мындай сынактарга катышууга дайыма эле каражат табыла бербегени кендирди кесип жаткан негизги жагдай экенин кошумчалады. Кадыров бул тууралуу уюштуруучуларды эскерткенин жана алар бул топтун өнөр сынагына катышып калышы үчүн Словакиядан демөөрчү таап беришкенин белгиледи.

Кадыров өзү жетектеген топ 2015-жылы ушундай эле «Україна має талант» («Украинада өнөрлүүлөр бар») аттуу сынакка катышып, кийинки баскычка өткөнүн айтты. Бирок бийчилер жамааты кийинки баскычта күч сынаша алган эмес, анткени Украинага барууга каражат табылбай калган. Алардын биринчи сапарына кеткен каражатты парламент депутаты төлөп берген болчу.

Каражаттын жетишсиздигинен топ Лас-Вегастагы америкалык «America’s Got Talent» («Америкада өнөрлүүлөр бар») деген сынакка да катыша албай калган.

«Быйыл кышында бизди Америкага Лас-Вегаска чакырышты, биз теледен чыгып кайрылып, "Фейсбукка" да жаздык, бирок каражат таппагандыктан бара албай калдык» — дейт ал.

Кадыров топтогулар акчаны ар кандай жолдор менен таап жатышканын жана аларга азыр айрым менчик компаниялар жардам берип жатышканын кошумчалады.

Атай Өмүрзаков продюсерлик кылган «Адем» бий тобу да 23-сентябрда «Golden Buzzer» сыйлыгын утуп алып, сынактын финалына чыккан.